Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу аткаруучу Каныбек Адиев. Архив

Улукбек Кочкоровдун ордуна министрликтин статс-катчысы келди

137
Буга чейин өкмөт башчы министр Улукбек Кочкоров депутаттыкка аттангандыктан ыйгарым укуктарын токтоткон.  Ал кызматтан шайлоонун жыйынтыгы чыккыча четтетилген болуп саналат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу Каныбек Адиев аткарат. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган мекемеден тастыкташты.

Адиев министрликтин статс-катчысы болуп иштейт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Буга чейин өкмөт башчы министр Улукбек Кочкоров шайлоого катышууну чечкендиктен ыйгарым укуктарын токтоткон.

Спорт мамагенттигин Мирлан Парханов башкарып турмай болду

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

137
Белгилер:
милдет, кызмат, Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
Тема боюнча
Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди
Генералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив

Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири

33
(жаңыланган 22:55 27.01.2021)
Жаңы бийликтин келиши менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы кайрадан Коргоо министрлиги болуп өзгөрүшү ыктымал.

Бүгүн Генштабдын маалымат кызматы бул ведомствонун кайра өзгөрүшү боюнча кабарды Sputnik агенттигине тастыктаган.

Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андагы пикирлерге таянсак, оюн калтыргандардын көбү бул идеяны колдогон.

Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Министрлик өкмөткө, штаб мамлекет жетекчисине баш ийерин белгилей кетели.

КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы — аскердик башкаруунун борбордук органы. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектеп, аларды даярдоо менен алектенет.

Бул эки органдын аталышына жараша министр же начальник башкарса, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кандай гана өзгөрүү болбосун Баш мыйзам боюнча президент болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аскер тармагында жогоруда белгиленгендей, күтүлүп жаткан өзгөрүү боюнча эксперттердин пикирин укту.

Алымкожоев: экөөнүн тең артыкчылыгы бар, бирок кийин Генштабга кайтабыз

Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын, бул жагдай Кыргызстанга аталган өлкөлөр менен кызматташууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Экс-начальник Генерального штаба Вооруженных сил Кыргызской Республики Асанбек Алымкожоев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев
"Мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрликтери аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташат. Кыргызстандыкы Генералдык штаб деп аталганы үчүн иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. Себеби айрым мамлекеттерде Генштаб Коргоо министрлигине баш ийип, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө сала турган орган катары иш алып барат. Биздикилер ушул максатта, тагыраагы, карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн", — деди Алымкожоев.

Ал Генералдык штабды Кыргызстан өзү ойлоп таппаганын, армиясы чоң батыш өлкөлөр ушундай аталышты алып жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле анын министрликтен артыкчылыктары дагы бар экенин айтат.

"Убагында Генштаб бардык күч структуралары бир колдо болсун деген максатта түзүлгөн. НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү Генералдык штабдын башкаруусунда. Мындай орган аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл бурат. Негизи, Коргоо министрлиги бюджет саясатын чечет. Бизде да Генштаб жоокерлерди даярдоо менен көбүрөөк алектенип, акча каражатын Коргоо иштери боюнча комитет караштырчу. Менимче, азыркы жол менен кете бергенибиз туура болмок. Бирок кандай болгон күндө да азыркы бийликтин чечимин сыйлайбыз", — деди генерал.

Алымкожоев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 5-10 жылдан кийин кайра Генералдык штабга кайтууну ойлонушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Бейшенов: Коргоо министрлигинин жоюлушуна каршы чыкканбыз

КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы Генералдык штабга өтөбүз деген демилге көтөрүлгөндө Коопсуздук кеңешине эксперт катары чакырылган экен. Ал ошондо эле кээ бир кесиптештери буга каршы чыкканын айтат.

Экс-заместитель министра обороны КР, член Совета ветеранов ВОВ, тружеников тыла и участников военных действий КР Мурат Бейшенов
© Фото / Клуб региональных экспертов "Пикир"
КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов
"Генералдык штаб конституциялык орган эмес, начальниги өкмөттүн мүчөсү эмес. Чоң мамлекет эмеспиз, армиябыз эбегейсиз болбогондон кийин штабдын эмне кереги бар дегенбиз. Бийлик ондогон миллион сом каражатты кетирип түзүмдү бул органга өткөргөн. Алты жыл болду, эмне өзгөрдү? Эми кайра Коргоо министрлиги болот деп жатат. Ички жана эл аралык документтерди алмаштырууга кайрадан ондогон миллион каражат кетет, бул чоң убаракерчилик да", — деди Бейшенов.

Ал убагында Коргоо министрлигин жоюп, Куралдуу күчтөрдү Генштабга өткөргөндөр жоопко тартылышы керек деген оюн кошумчалады.

Чотбаев: мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек

Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын ишинде көп деле айырмачылык жоктугун, кеп аларды ким жетектей турганында болуп жатканын айтты.

Экс-глава Национальной гвардии КР, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Менимче, мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек. Коңшу мамлекеттердин ичинен бизде эле Генштаб болгондуктан алардын жанында толук кандуу орган боло албай жатабыз. Биздики АКШ менен Түркиянын Генералдык штабынын чала варианты болуп калган", — деди генерал-подполковник.

Чотбаев Коргоо министрлигин жоюуга запастагы генералдар башында эле каршы болгонун белгиледи.

33
Белгилер:
өзгөртүүлөр, министрлик, Генералдык штаб, Куралдуу күчтөр, Кыргызстан
Тема боюнча
Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

5-октябрда жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылууда

87
(жаңыланган 20:52 27.01.2021)
Жабырлануучулар 5-октябрда митингчилерге карата курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 5-октябрында нааразычылык акцияда жапа чеккендер экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясынан айтышты.

Ассоциациянын сайтында "Кыргыз үмүтү" Октябрь элдик революциясынын баатырларынын коомдук бирикмесин" түзгөн жапа чеккендердин арызы жарыяланган.

Арыздын үстүңкү жагында аны кабыл алган Башкы прокуратуранын кызматкеринин кол тамгасы, ал эми астында кайрылган тараптардын кол тамгалары бар. Документ башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ысмына жазылган. Адвокаттар ассоциациясы жапа чеккендерге юридикалык колдоо көрсөтөт.

Арыз ээлери 5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык иш-чарасы болгонун, күч органдары берилген буйруктан кийин карапайым элге карата катуу чараларды көрө баштаганын белгилешет. Көп адамдын жапа чеккени, анын катарында 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу каза болгону айтылат.

Жабырлануучулар курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешет. Алар мурдагы президентти жоопкерчиликке тартууну белгилешип, аны "экс" макамынан ажыратууну талап кылышууда.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз келгенин тастыктады.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда өткөн митинг Ак үйдү басып алуу жана бийликти алмаштыруу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков октябрь айынын ортосунда кызматын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган. Шайлоодо 5-октябрдагы окуяда абактан бошотулган Садыр Жапаров жеңип чыккан.

Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.

87
Белгилер:
арыз, Сооронбай Жээнбеков, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды
Ою өзгөрүп кеттиби? Жээнбековдун парламентаризм боюнча айткан пикирлери