Сот "Кыргызстан" партиясы боюнча чечим чыгарды

© Фото / штаб партии "Кыргызстан""Кыргызстан" саясий партиянын мүчөлөрү
Кыргызстан саясий партиянын мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышууга уруксат берген чечим чыгарды. Өкүм чыккандан кийин "Кыргызстан" партиясынан талапкер Талант Мамытов сот БШКнын чечимин жараксыз деп тапканын билдирди.

© Sputnik / Эламан КарымшаковСторонники партии "Кыргызстан" у здания Административного суда Бишкека, где рассматривается дело об участии в выборах
Бишкек шаардык административдик соту Кыргызстан партиясын шайлоого катышууга уруксат берген чечим чыгарды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаардык административдик соту "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышууга уруксат берген чечим чыгарды
© Sputnik / Эламан КарымшаковСотрудники милиции у здания Административного суда Бишкека, где рассматривается дело партии "Кыргызстан"
Бүгүн, 27-августта, аталган партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанган арызы каралып, сот отурумуна судья Чолпон Досманбетова төрайымдык кылды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн, 27-августта, аталган партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанган арызы каралып, сот отурумуна судья Чолпон Досманбетова төрайымдык кылды
© Sputnik / Эламан КарымшаковСторонники партии "Кыргызстан" у здания Административного суда Бишкека, где рассматривается дело об участии в выборах
Кыргызстан партиясынын жактоочусу Александр Мощин соттон БШКнын документти артка кайтарышын мыйзамсыз деп таап, талапкер катары каттоосун сурады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Кыргызстан" партиясынын жактоочусу Александр Мощин соттон БШКнын документти артка кайтарышын мыйзамсыз деп таап, талапкер катары каттоосун сурады.
1/3
Бишкек шаардык административдик соту "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышууга уруксат берген чечим чыгарды
2/3
Бүгүн, 27-августта, аталган партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанган арызы каралып, сот отурумуна судья Чолпон Досманбетова төрайымдык кылды
3/3
"Кыргызстан" партиясынын жактоочусу Александр Мощин соттон БШКнын документти артка кайтарышын мыйзамсыз деп таап, талапкер катары каттоосун сурады.

Бүгүн, 27-августта, аталган партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанган арызы каралып, сот отурумуна судья Чолпон Досманбетова төрайымдык кылды.

"Кыргызстан" партиясынын жактоочусу Александр Мощин соттон БШКнын документти артка кайтарышын мыйзамсыз деп таап, талапкер катары каттоосун сурады.

Ал эми БШКнын өкүлү Кубат Үмөталиев партиянын дооматын негизсиз даттануу деп эсептей турганын билдирди.

Шайлоодон дагы эки партия сүрүлүп, бири кылдын учунда турат

Мыйзам боюнча, Шаардык административдик соттун чечимине макул болбогон тараптар ("Кыргызстан" партиясы же БШК) Жогорку сотко кайрылса, үч күндүн ичинде карап чечим чыгарат.

Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана БШКнын чечимин күчүндө калтырууну талап кылган жүздөгөн адам турду.

Сот отурумуна башында журналисттерди киргизген. Ал эми судья кеңешме залынан келгенден кийин чечимди окууга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей эшикти тосуп алышты. Анын себебин түшүндүргөн жок.

"Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши

БШК 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтетти. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени, ал дагы толук эмес экени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүрдү.

Партиялар шайлоого канча акча коротту. "Кыргызстан" 40 млн. сомдон кол жууду

Эскерте кетсек, 24-августта саат 18.00дө партиялар 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү менен талапкерлердин тизмесин тапшыруу мөөнөтү бүткөн. "Кыргызстан" партиясы саат 18.00 чамасында (так убактысы белгисиз) документин алып келген. Анда дагы кагаздары толук эмес болуп чыккан. Аталган партияны каттоого алып жатканын уккан башка партиялардын талапкерлери, жарандык активисттер топтолуп БШКга келип, түндүн бир оокумуна чейин жагдайды териштирип "Кыргызстанды" каттоодон четтетүүнү талап кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынат жана шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0