Баңгизатка каршы күрөшүү кызматына маркум Запольскийдин ордуна жаңы жетекчи келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакыт Матмусаев. Архив
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакыт Матмусаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи мурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы болчу. Ал эми аталган кызматты буга чейин аркалап келген подполковник Олег Запольский июнь айында пневмония илдетинен көз жумган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп Бакыт Матмусаев дайындалганын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Мурда ал ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ал эми аталган кызматты буга чейин аркалап келген подполковник Олег Запольский 27-июнда пневмония менен жабыркап, ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Мурдагы комендант Алмазбек Орозалиев эми Бишкек шаардык милициясын жетектейт

Белгилүү болгондой, Матмусаев буга чейин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматында Запольский орун басары болуп эмгектенген. Бирок 2019-жылы ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгына которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0