Өзбекстан эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн катарына кошулат

Жазылуу
Коңшу мамлекет күздөн тарта коронавирус боюнча абалы турукташкандардын тизмесине 32-өлкө болуп кирмекчи.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн катарына кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Өзбекстан 2020-жылдын 1-сентябрынан тарта коронавирус инфекциясынын жайылышы төмөндөп, эпидемиологиялык абалынын турукташуусу байкалган чет мамлекеттердин тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет”, — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда Кытайдын элдик медицина боюнча университетинин филиалы ачылат

Учурда аталган республикада пандемиядан кийин карантиндик чараларды жумшартуу аракеттери жасалууда.  Өзбекстанда мектептер 14-сентябрда окуучуларды кабыл алып, билим берүү процесси мурдагыдай уланары бүгүн кабарланды.

Буга чейин Кыргызстан 31 мамлекеттин жарандарына өз аймагына кирүүгө уруксат берген. Алардын арасында чектеш мамлекеттерден Казакстан эле болгон. Эми Өзбекстан 32-мамлекет болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0