Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия лидери Владимир Путин. Архив

Путин кыргыз эли менен Жээнбековду куттуктады

82
(жаңыланган 13:55 31.08.2020)
Телеграммада эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташуу аракеттери натыйжасын берип, кеңейип жатканы белгиленген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын элин жана өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Путин эки өлкө ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик маанайда өнүгүп жатканын белгилеген.

Кыйын күндөр өттү! Президент элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

"Эки тараптуу саясий диалог, түрдүү тармактардагы жемиштүү кызматташтык, ошондой эле ЕврАзЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы аракеттерди координациялоо кеңейип жатат. Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-россия байланыштарын мындан ары өркүндөтүүнү, коркунучтарга жана эл аралык коопсуздукка каршы чакырыктарга, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыздайбыз деп ишенем. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берери шексиз", — деп айтылат телеграммада.

Путин Жээнбековго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

82
Белгилер:
телеграмма, куттуктоо, эгемендүүлүк, Кыргызстан, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Бишкектеги эл катышпаган Эгемендүүлүк салтанатына ким конок болду
Жээнбеков кыргызды ушу кезге чейин эмне сактап келгенин айтты
Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

68
(жаңыланган 23:58 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

68
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
Россиянын президенти Владимир Путин телефон чалуу учурунда. Архив

Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты

80
(жаңыланган 22:54 27.09.2020)
Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путинге телефон чалды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү армян тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Эки өлкөнүн лидерлери Тоолуу Карабахтагы абалдын курчуп кетишин талкуулашты.

“Россия масштабдуу куралдуу кагылышуунун башталышына тынчсызданып жатат. Жаңжал күчөп кетпеши үчүн болгон аракеттер жасалышы керек. Айрыкча согуштук аракеттерди токтотуу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Тоолуу Карабахтагы кырдаалдын курч алышы

Армения менен Азербайжан чектешкен Тоолуу Карабахтагы чатак 27-сентябрь күнү эртең менен күчөдү. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Карабах республикасы азербайжандык аскерлер алардын аймагына ок чыгарганын жар салды. Карапайым эл арасында жабыркагандар болду.

Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.

Армениянын бийлиги өлкөгө аскердик абал киргизди. Өзүн-өзү эркин жарыялаган Тоолуу Карабах дагы ушундай эле кадамдарга барды.

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

80
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады