Ала-Тоо аянтындагы майрамдын иш чара

Си, Трамп жана Испания королу. Кыргызстандыктарды 32 өлкөнүн башчысы куттуктады

130
(жаңыланган 21:31 31.08.2020)
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган чет өлкөлүк лидерлердин арасында Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Кытайдын жана Казакстандын башчылары бар.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен 32 мамлекеттин башчысы куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүккө жеткенине 29 жыл толду. Ага карата "Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда майрамга карата салтанат өттү.

Саат 17.00гө карата кыргызстандыктарды төмөнкү өлкөлөрдүн лидерлери куттуктады:

  • Россиянын президенти Владимир Путин;
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана тунгуч президент Нурсултан Назарбаев;
  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;
  • Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин;
  • Азербайжандын президенти Ильхам Алиев;
  • Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
  • АКШнын президенти Дональд Трамп;
  • Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер;
  • Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халифа бин Заед аль-Нахайян;
  • Молдованын президенти Игорь Додон;
  • Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко;
  • Украинанын президенти Владимир Зеленский;
  • Франциянын президенти Эммануэль Макрон;
  • Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин;
  • Испаниянын королу Филипп VI;
  • Индиянын президенти Рам Натх Ковинд;
  • Бахрейндин королу Хамад бин Иса аль-Халиф;
  • Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси;
  • Марокконун королу Мохаммед VI;
  • Италиянын королу Сержо Маттарелла;
  • Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудез;
  • Алжирдин президенти Абдельмажжит Теббун;
  • Мальтанын президенти Жорж Велла;
  • Хорватиянын президенти Зоран Миланович;
  • Австралиянын генерал-губернатору Дэвид Херли;
  • Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруга;
  • Канаданын генерал-губернатору Жули Пейет;
  • Черногориянын президенти Мило Жуканович.
130
Белгилер:
куттуктоо, майрам, Кыргызстан, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыйын күндөр өттү! Президент элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
Бишкекте 6 мүнөт салют атуу үчүн бюджеттен 700 миң сом жумшалат
Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

139
(жаңыланган 01:15 30.09.2020)
Пашинян жаңжалга Түркиянын аралашканын сындап чыкса, Алиев аталган өлкө Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасынын эфиринде Тоолуу Карабахтагы жаңжал тууралуу бири-бирине комментарий беришти.

Маанилүү билдирүүлөрү:

  • Илхам Алиев Азербайжан тараптан 11 жай тургун, анын ичинде эки жаш бала каза таап, аскерлер дагы набыт болгонун билдирди. Мындан улам Баку тийиштүү жооп кайтарганын айтты;
  • Никол Пашинян Түркия Карабахтагы жаңжалга кадимкидей аралашып, жадагалса Түркиянын жогорку даражалуу адамдары аскердик аракеттерди жетектеп турганын билдирди;
  • Алиев Түркия Ереван менен болгон жаңжалга катышып жатканы туурасында маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады;
  • Пашинян армян элине коркунуч жаралып жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Баку менен Анкаранын аракеттерин талкуулоого жана Түркияны "Түштүк Кавказдан кетүүгө" аргасыз кылууга чакырды.
  • Алиев Армениянын талаптары Карабах боюнча сүйлөшүүгө ылайыксыз деп атады. Ал "Армениянын премьер-министри "Карабах — бул Армения, ошону менен чекит коюлушу керек" деп ачык эле айтууда. Мындай учурда кандай сүйлөшүү процесси тууралуу кеп кыла алабыз?" — деди;
  • Пашинян Карабахтагы жаңжалга түркиялык учактын катышканы көрүнүп турган факт экенин айтты;
  • Алиев Түркия Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

139
Белгилер:
Жаңжал, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...
Тоолуу Карабахтагы Тертер шаары

Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...

112
(жаңыланган 22:30 29.09.2020)
Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирештин курчушу, Баку менен Еревандын ортосундагы көп жылдан берки саясий тиреш бүгүн үчүнчү күчтөр тарабынан кара ниеттерин ишке ашыруучу курал катары пайдаланылууда.

Беларусь, Сирия, "Түндүк агым – 2" долбоору жана геосаясий тирештердин башка жерлеринен күч жана каражаттарын алагды кылуу максатында Россияны Кавказдагы чоң согушка тартууга аракет жүрүп жаткандай. Карабахтагы абал жаатында аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласынан окуңуздар.

Жаңжалдын түздөн-түз катышуучулары – Баку жана Ереван билип туруп же аргасыз Москваны ыңгайсыз абалда калтырып, КМШ жана ЖККУнун коопсуздук тутумун кыйратууда.

Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

Кавказда жеке кызыкчылыктары бар бир катар батыш өлкөлөрүнүн "күчтөрүнүн тышкы проекциясына" байланышкан геосаясий тобокелдиктер да бар. Тоолуу Карабахтын көйгөйлөрү согуш жолу менен чечилбейт. Жөнгө салуунун бул постулатына жаңжалдашкан эки тарап тең – Азербайжан жана Армения (сүйлөшүүлөрдүн тарабы болуп саналбаган, жарыяланбаган Тоолуу Карабах Республикасынын кызыкчылыктарын коргогон жак) да макул. Ошондой эле ОБСЕнин үч өлкө – Россия, АКШ жана Франция тең төрагалык кылган Минск тобуна да бул белгилүү.

Сүйлөшүү процесси жай жана татаал өтүүдө, бирок 27-сентябрда оор артиллерия, танк, ракеталык комплекс жана сокку уруучу авиацияны колдонуу менен активдүү согуштук аракеттерге өтүү үчүн объективдүү себептер жок эле.

Душмандын талкаланган танктарынын тасмасын чагылдыруу жаатындагы Армения менен Азербайжандын аскердик мекемелеринин "мелдеши", эки тараптын жоготуулары туурасындагы коркунучтуу статистикага Россия катуу кейип, армениялык жана азербайжандык элге чын дилден көңүл айтат.

Согуштук аракеттер объективдүү түрдө жаңдалдашкан тараптардын эч бирине пайдасыз. Дагы күчөй бере турган болсо, аягы эч күтүлбөгөндөй кесепеттерге алып келиши ыктымал. Чет өлкөлүк тынчтык орнотуучулар киргизилип (коопсуз аймактар түзүлүп) же абал кескин курчуп кетсе, Түштүк Кавказда ЖККУ өлкөлөрүнүн (эң оболу Россиянын) жана НАТОнун (Түркия кыйытып жаткандай) катышуусунда кеңири масштабдагы согуш тутанып кетиши мүмкүн. Эске салсак, азербайжан-армяндар аралаш жайгашкан калктуу аймакта жаңжал 1988-жылы чыккан. Ошол убакта Тоолуу Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган.

Биринчи баскычта тынчтык орнотуучулардын ролун СССР ИИМ Ички күчтөрү аткарган. Алар үч жыл аралыгында активдүү куралдуу тирешти басып тура алган.

Советтер Союзу ыдыраган соң жана Ички күчтөр чыгарылгандан кийин салгылаш дагы күч алып, 1994-жылы Азербайжан Тоолуу Карабахтын басымдуу бөлүгүн жана ага чектеш жети райондун көзөмөлүн колдон чыгарган.

Жаңжалды тынч жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр 1992-жылдан тарта ОБСЕнин Минск тобунун алкагында жүрүп, ал эми аймакта куралдуу тиреш улам тутанып, кайра басылып келген.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Координаттардын жаңы тутуму

Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттердин жүрүшүнөн бири-бирине коошпогон маалыматтар түшүүдө. Азербайжан менен Армения жаңжалдын ырбап кетишине бири-бирин айыптап, куралдуу чагымчылыктарга гана жооп берип жатышканын айтышат. Мындан улам Азербайжанда дүйшөмбү күнү жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Президент Ильхам Алиев республиканын бир катар калааларында жана аймактарына аскердик абал киргизген. Арменияда андан бир күн оболу жалпы мобилизация жана аскердик абал жарыяланган.

Азербайжан бийлигинин маалыматы боюнча, 27-сентябрда армениялык күчтөр "коопсуздук кемери" деп аталган жети айылды калтырышкан (совет убагында Азербайжан ССРинин бул аймагы Тоолуу Карабах автономдук облусуна караган эмес. 1990-жылдардын башында армениялык күчтөрдүн көзөмөлүндө калган).

28-сентябрдын таңында таанылбаган Тоолуу Карабахтын президенти Араик Арутюнян: "Биз позициябызды жоготтук, дагы жоготушубуз мүмкүн, бирок биз кайрадан позициябызга ээ болобуз" деди. Позициялык салгылаштар уланууда. Тараптардын эч биринин жапырт артыкчылыгы байкалбайт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды

Согуштук кубаттуулуктагы залптык октун реактивдүү тутумун жана "Искендерлерди", сокку уруучу авиация жана учкучсуздарды пайдалануу менен Баку да, Ереван да бирдей даражада "тарыхий акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө" даяр. Согуштук аракеттердин ар күнү жаңы курмандыктарга жана кыйроолорго алып келет.

Түзүлгөн кырдаалда 27-сентябрда ким биринчи болуп оор артиллерия жана танктан ок атканы, согуш талаасындагы ыкчам искусство жаатында ким үстөмдүк кылары эми принципиалдуу маселе эмес. Башкысы – Тоолуу Карабахтын чек арасындагы тирешти токтотуу, сүйлөшүүлөргө кайтуу, адамдардын өмүрлөрүн сактоо. Союздук милдеттенмелер жөнүндө да унуткарбоо абзел.

Эгер Баку жана Ереван өздөрүн Москванын союздашы катары эсептешет. Алар россиялык позицияны эске алып, өз ара мамиленин азыркы тутумун жана регионалдык коопсуздук системасын кыйратуунун кесепеттерин боолголоого тийиш.

Карама-каршылыктардын татаал комплексин, куралдуу тирештин тараптарынын салмактуу аргументтери жана себептерин эске алган күндө да Россияга Кавказдагы согуштун зарылдыгы жок. РФ Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабах жаңжалынын тараптары "атышууну тезинен токтотууга" чакырды. Эки жак тең эстерине келип, аймакта коалициялык топтун катышуусундагы кеңири масштабдуу согуштук эскалацияга жеткиришпейт деп үмүттөнөм. Анан калса, Карабах жагдайына эл аралык реакция жалпысынан конструктивдүү. Европа биримдигинин өлкөлөрү, АКШ, Иран тынчсызданып, ортомчулук кызматтарын сунушташат. Күч колдонулган сценарийдин өнүгүшүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган гана, бирок сөз жүзүндө гана колдоодо.

Ал түгүл согушчул Анкара да Түштүк Кавказдагы кооптуу оюнда жогото турганы бар. Арменияга чабуул жасалса, ЖККУнун жообунан, башкача айтканда, Россия менен согуштан кача алышпайт (бул Кипр менен Греция эмес). Дегеле, кан күйгөн оттун негизги буюртмачысы жана демилгечиси ким?

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Таң каларлык кыраакылык

Окуяларды жана Вашингтондун аларга расмий реакциясына алдын ала көрөгөчтүк кылуу менен АКШнын Азербайжан жана Армениядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү 25-сентябрда өз жарандарын жагдайдын курчуп баратканы тууралуу эскерткен.

Армениядагы АКШ элчилиги Тоолуу Карабахты, Дилижан улуттук паркынан түндүккө карай аймактарга, Тавуш облусундагы Грузия чек арасына чейин барбоону өтүнгөн.

Ошол эле күнү Азербайжандагы АКШ элчилиги өз жарандарын Абшерон жарым аралынан тышка чыкпоого чакырып, армян-азербайжан чек араларындагы тилкелердеги абалдын курчушуна байланыштырган. Балким, бул – жөн гана дал келүү эмес, татаал саясий-аскердик комбинациясынын кесепети.

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Кошмо Штаттардын Россия чек араларындагы экономикалык жана аскердик чөйрөдө үстөмдүк кылуу далалатына Кавказ жана башка аймактардагы орто интенсивдүүлүктөгү пландалган куралдуу жаңжалдардын түрмөгү кыйла шайкеш келет.

КМШ өлкөлөрүнүн тургундарына алар жан тартпайт, ал эми россиялык ресурстар кепилденген түрдө согуш коркунучун жоюуга багытталган. Башкача айтканда, Москванын дүйнөнүн бөлөк бөлүктөрүндө Вашингтон менен атаандашууга күчү жана каражаты азая түшөт. Тоолуу Карабах жаңжалынын күчөшү Россияга көйгөй жаратып, ал эми АКШнын улуттук кызыкчылыктарына толук төп келүүдө.

112
Белгилер:
Чыр-чатак, согуш, Россия, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлду
Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

0
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

0
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды