Жогорку сот Кыргызстан партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат.

Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын ишин карап жатат. Сыртта эл чогулду

196
(жаңыланган 16:45 01.09.2020)
"Кыргызстан" партиясы Шаардык административдик сотунан утуп алгандан кийин БШК Жогорку сотко даттанган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат.

Сот отуруму саат 16.00дө башталды. Жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева жетекчилик кылууда.

  • Сторонники политической партии Кыргызстан у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сторонники политической партии Кыргызстан у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Сот отуруму саат 16.00дө башталды. Жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева жетекчилик кылууда.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сторонники политической партии Кыргызстан у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники милиции у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники милиции и сторонники политической партии Кыргызстан у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сторонники политической партии Кыргызстан у здания Верховного суда КР, где рассматривается кассационная жалоба Центризбиркома в отношении решения Административного суда Бишкека по возврату документов партии Кыргызстан
    Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку сот "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык арызын карап жатат.

Бул учурда сот имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана таза шайлоо өтүүсүн талап кылган жарандык активисттер менен саясий партиялардын өкүлдөрү эки тарап болуп топтолуп турушат.

"Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы чуусу

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Жактоочу: БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес

Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген.

Андан соң БШКнын юристтери Жогорку сотко даттанып, "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.

196
Белгилер:
шайлоо, чечим, "Кыргызстан" партиясы, Жогорку сот, БШК
Тема:
Шайлоо-2020 (163)
Тема боюнча
БШК "Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча Жогорку сотко кайрылат
Жактоочу: БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл алган эмес
Сот "Кыргызстан" партиясы боюнча чечим чыгарды
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

74
(жаңыланган 23:58 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

74
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
Россиянын президенти Владимир Путин телефон чалуу учурунда. Архив

Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты

83
(жаңыланган 22:54 27.09.2020)
Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путинге телефон чалды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү армян тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Эки өлкөнүн лидерлери Тоолуу Карабахтагы абалдын курчуп кетишин талкуулашты.

“Россия масштабдуу куралдуу кагылышуунун башталышына тынчсызданып жатат. Жаңжал күчөп кетпеши үчүн болгон аракеттер жасалышы керек. Айрыкча согуштук аракеттерди токтотуу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Тоолуу Карабахтагы кырдаалдын курч алышы

Армения менен Азербайжан чектешкен Тоолуу Карабахтагы чатак 27-сентябрь күнү эртең менен күчөдү. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Карабах республикасы азербайжандык аскерлер алардын аймагына ок чыгарганын жар салды. Карапайым эл арасында жабыркагандар болду.

Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.

Армениянын бийлиги өлкөгө аскердик абал киргизди. Өзүн-өзү эркин жарыялаган Тоолуу Карабах дагы ушундай эле кадамдарга барды.

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

83
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады