Эл эмитеден нааразы! Жээнбековдун шайлоону өткөрүү боюнча жыйыны аяктады

Жазылуу
Жээнбеков бардык саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттык шайлоону өткөрүү боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Чогулушка мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Жээнбеков коомчулукта айрым партиялар менен талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн амалкөйлүккө барып жатканын айткан.

"Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар. Биринчиден, мыйзам бузуулар тастыкталса жоопкерчиликке тартуу зарыл. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүшүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек", — деген Жээнбеков.

Ошондой эле президент бардык саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды тыкыр сактоого чакырган.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Мындан сырткары, пандемия шартында шайлоо иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берген.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып бергени айтылды.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0