Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Президент “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө“ мыйзамга кол койду

Жазылуу
Өзгөртүүлөргө ылайык, КР аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жарнак жайгаштырууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө“ мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документке кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, КР аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жарнак жайгаштырууга тыюу салынат.

Бирок буга Кыргызстан катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизиндеги социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк телеканалдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаган учурлар кирбейт.

Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт

“Мында өкмөт бекиткен социалдык пакеттин алкагында КР аймагында телеканалдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн жарнактарды жайгаштырууга жол берилет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогоруда аталган ченем 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулуп келген. Кол коюлган мыйзам аны 2023-жылдын 1-январына чейин узартат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0