Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Жогорку Кеңеш шайлоого чейин жыйынга чогулбай турууга ниеттенип жатат

91
(жаңыланган 13:07 03.09.2020)
Төрага Дастан Жумабеков кошумчалагандай, мындай практика буга чейинки шайлоолордун алдында дагы колдонулуп келген.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары 4-октябрь — шайлоо күнүнө чейин жыйындарга келбей турууга ниеттенип жатат.

Спикер Дастан Жумабековдун айтымында, депутаттардын мындай сунушуна 4-сентябрдан тарта эл менен иштей башташы себеп болууда. Белгилей кетсек, эртеңден тарта VII чакырылыштагы ЖК депутаттарын шайлоонун алкагында агитациялык мезгил башталат.

Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти

"Сунуш кылган депутаттар трибуна менен микрофон агитация убагында жеке максаттар үчүн колдонулуп кетет деп жатышат. Парламентте кайрадан шайлоого бара жаткан өкүлдөр бар. Ошондуктан партиялар жана талапкерлердин тең укуктуулугу үчүн калк менен жолугушуусуна тыныгуу жарыялоону сунуштайм. Бул алардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусун алдын алат", — деген спикер.

Ал бул маселе боюнча ЖК токтомунун долбоору даяр экендигин билдирди. Эми демилгени күн тартибине киргизүү пландалып жатат.

Жумабеков кошумчалагандай, мындай практика буга чейинки шайлоолордун алдында дагы колдонулуп келген.

91
Белгилер:
сунуш, жыйын, депутат, шайлоо, Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти
Жогорку Кеңештин депутаттары чогулуп сессияны расмий түрдө ачты
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынына видеокайрылуусу

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

42
(жаңыланган 00:21 24.09.2020)
Президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен Улуттар Уюмусуз элестетүү мүмкүн эместигин, бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калганын баса белгиледи. Анын пикиринде, БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилекке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардам биз үчүн чоң мааниге ээ”, — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент пандемия тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырганын белгиледи.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / UN Photo/ Eskinder Debebe
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
"Биз “Чоң жыйырмалыктын” жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз”, — деди өлкө башчы.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле президент Кыргызстан Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактаарына токтолду.

Президент аны менен катар экологиялык маселелер боюнча Кыргызстанда кылынып жаткан иш-чаралар тууралуу кеп кылды.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / пресс-служба президента КР
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнү көздөйт. Биз таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана “CASA-1000” эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз. Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт”, — деди президент.

Маалыматка караганда, Кыргызстан Башкы Ассамблеянын бул сессиясына “Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор” аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты. Өлкө башчы БУУда Кыргызстандын демилгеси колдоого алынарына ишеним артарын айта кетти.

Ошондой эле кайрылууда Кыргызстан Борбор Азияда аймактык кызматташтыкка өзгөчө маани берери жана аймактык пикир алышуу аянтчаларына активдүү катышары айтылды.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин президент 21-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасаган.

42
Белгилер:
кайрылуу, сессия, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди
Дело папкасы. Архив

Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

91
(жаңыланган 18:26 23.09.2020)
Башкы прокурор ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура шайлоо алдында ЖМКлардын макалаларындагы мыйзам бузуулар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

"Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын атайын штабы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканынан кабар берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталды.

91
Белгилер:
ЖМК, прокуратура, Өткүрбек Жамшитов, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Башкы прокуратура: массалык түрдө дарек алмаштыруу боюнча 21 кылмыш иши козголду
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?