БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардан тарта аталган процесске катышкандарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирүү таратты.
Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка адистерди, компанияларды же фирмаларды жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн ЖМКларды колдонушат.
"Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктө ишке тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана дагы башка тараптар", — деп айтылган маалыматта.
Үгүт кампаниясы учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү экени эскертилген.
Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме
"Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар, уюмдар жана жеке адамдардын төлөмдөр боюнча мыйзамды сактоосу салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынарын Салык кызматы эскертет", — деп айтылган билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 4-сентябрдан тарта, Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын үгүт иштери башталды. Ал эми парламенттик шайлоо бир айдан кийин, тагыраагы, 4-октябрда өтмөкчү.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Санариптештирүүнү өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын беш директору ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган мекемедеги маалымат булагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынганын кабарлаган.
"Санариптештирүүнү өнүктүрүү кызматынын алдындагы мекемелердин ишине жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында бири-бирин кайталаганы, маанилүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталды. Бир мекеме толугу менен түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен каржыланып турган. Ошол эле учурда башка ишканалар өзүн-өзү каржылоо системасы менен иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Бул тармакка реорганизация жана оптимизация жүргүзүү пландалууда. Ал эми ишканалар жана анын бардык кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатканы белгиленет.
Владимир Путин пандемиядан кийин биринчи ирет президенттик кайрылуу жолдоду. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына РИА Новости сереп салган.
COVID менен күрөш уланып жатканына карабастан, учурда туннелдин аркы учундагы шоола эмес, айттырбай келген апааттан акырындап арылуу аракеттери өтөсүнө чыгып баратканын ишенимдүү айтууга болот. Президент да өз сөзүн дал ушул нерседен баштап, пандемиянын башталышында көпчүлүк абал кандай болуп кетет деп тынчы кетип турганда кооптонгону менен Россия бул сыноодон да өтөт деген ишеними бекем болгонун белгиледи.
Куру сөз менен эмес, иш менен, башкача айтканда, үй-бүлөнү жана балдарды социалдык жактан коргоонун жаңы чаралары менен колдоого алынары айтылды. Бул камкордук кризис биринчи кезекте жетишпеген турмушта жашагандарга сезилгени үчүн эмес, жок, бул элди коргоп, көбөйтүүгө багытталган стратегиялык кадам. Путиндин айтымында, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.
Коронакризис Россиянын башкы көйгөйү болгон демографиялык маселени курчутту. Президент бул жааттагы абалды өзгөчө деп атап, калктын санын туруктуу көбөйтүүгө жол ача турган бир катар чараларды сунуштады. Маселени чечүү үчүн өкмөт 1-июлга чейин балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган чаралардын бүтүндөй системасын даярдашы керек. Бул жерде башкы милдет — жакырчылыкка жол бербөө, анткени балдардын төрөлүүсүнүн өсүшү ушул нерседен көз каранды.
Путин эмнелерди сунуштады? Биринчиден, кирешеси эки жашоо минимумунан төмөн болгон толук эмес үй-бүлөлөргө 1-июлдан баштап 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын төлөм чегерүү. Бул каражат ага чейин белгиленген төлөмдөргө кошумча иретинде берилмекчи. Мындай колдоого башынан эле атасыз өскөн же ата-энеси ажырашкан миллиондогон үй-бүлө ээ болот.
Экинчиден, жети жашка чейинки баласы ооруп калган энеге эмгек стажысына карабастан айлык акысынын 100 пайызы төлөнөт.
Үчүнчүдөн, оор кырдаалга кабылган кош бойлуу келиндерге ай сайын төлөм чегерилет. Болочок эне мамлекеттен моралдык жана медициналык эле эмес, материалдык да колдоо болуп турарын сезиши керек. Мындай кадам биринчи жолу жасалмакчы.
Мындан тышкары, кирешенин көлөмүнө карабай балдарга ай сайын берилүүчү былтыркы төлөмдөр улантылат. Августта ар бир окуучуга 10 миң рублден төлөнүп берилмекчи.
Анткени өлкө ким менен эмне талашып жатканын так билип, өз коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыздоого кудурети жетет. Кайрылуунун тышкы саясатка багытталган бөлүмү чакан, бирок эмоционалдуу, ачык болду.
Путин Россия менен өйдөсүнүп, кыр көрсөтүп сүйлөшүү майнапсыз экенин айтты. Өлкө өз позициясы менен кызыкчылыгын коргоо үчүн дайым жол табат. Андыктан президент Россияга чагымчылык кылбоону жана козутпоону талап кылды.
"Айрым мамлекеттер бир нерсе болсо эле, көп учурда эч себепсиз эле Россияны кыпчый кеткен акылга сыйгыс адат таап алды. Ким катуураак кыйкырып чыгат деп жарышкан сыяктуу".
"Токтоолук кылып, сабырдуу болуп жатабыз. Көп учурда көз жаздымда калтырып унчукпай коёбуз. Биз баары менен жылуу мамиледе болгубуз келет. Бирок иш жүзүндө эмне болуп жатканын да көрүп жатабыз: жогоруда айткандай, Россияны жөнсүз эле ар нерсеге кыпчып жатышат. Албетте, алардын айланасына Шерханды тегеректегендей эле "Табакилер" жыйналып, Киплинг айткандай, башчысына дем-күч берүү үчүн улуп-уңшуп турушат. Киплинг улуу жазуучу эле".
"Биз эл аралык аренада бардыгы менен, акыркы убакта тил табыша албай жаткан тараптар менен да жылуу мамиледе болгубуз келет. Таптакыр бет карашпай калгандан алыспыз. Бирок биздин изги ойлорубузду кайдыгерлик же алсыздык катары кабылдагандар же таптакыр алаканы үзмөкчү болгондор Россия токтоосуз жана катуу жооп берерин билиши керек".
Маселенин кабыргасынан коюлганына карабастан Путин дагы түшүнүктүүрөөк болушу үчүн минтип кошумчалады:"Биздин коопсуздугубузга чагымчылык уюштургандар болуп көрбөгөндөй катуу өкүнөт".
Ошону менен бирге Путин эч кимди коркутуп опузалаган жок, болгону Россиянын улуттук кызыкчылыгы өткөн жерге кызыл чийин чийип жаткандарга жооп гана берди. Кызыл чийин боюнча да сөзү түшүнүктүү болду:
"Россияга карата кызыл чектен өтүү эч кимдин оюна келбейт деп ишенем. Ал чек кай жерде экенин ар бир учурда биз өзүбүз аныктайбыз".
Ооба, Россия улуттук кызыкчылыгы, орус дүйнөсүнүн кызыкчылыгы эмнеде экенин өлкө ичинде да, сыртында да өзү аныктайт. Мындай абал жагышы да мүмкүн, жакпай калышы да ыктымал, бирок моюн сунууга туура келет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.
Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.