КТРК каналынын студиясы. Архив

Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты

1242
(жаңыланган 13:40 07.09.2020)
Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага чейин партия лидерлери, андагы аялдар жана жаштар өз-өзүнчө дебатка чыгышмакчы.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар кайсы күндөрү теледебатка чыгарын айтты.

Билдирмеге ылайык, дебаттар 28-сентябрда башталып, октябрдын ортосуна чейин уланат. Ага партия лидерлери катышмакчы. КТРКдагы эфирдик убакыт — саат 20:00дөн 23:00гө чейин.

28-сентябрда дебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекеним Кыргызстан";
  • "Социал-демократтар";
  • "Реформа";
  • "Ата Мекен";
  • "Ордо".

30-сентябрда дебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекен Ынтымагы";
  • "Бир Бол";
  • "Ыйман Нуру";
  • "Кыргызстан";
  • "Республика".

2-октябрда теледебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекенчил";
  • Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы;
  • "Чоң казат";
  • "Замандаш"
  • "Биримдик".

Буга чейин ар бир партия 7-9-11-сентябрда 10 мүнөттөн элге кайрылуу жасашат.

Мындан сырткары, 21-23-25-сентябрда аял-талапкерлердин теледебаттары болот. Ал эми партиялардын жаш өкүлдөрүнүн дебаты 14-16-18-сентябрда өтмөкчү.

Маалым болгондой, талапкерлер менен түз байланыш да уюштурулат. Ал 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин уюштурулат.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтмөкчү. Азырынча 15 партия каттоодон өттү.

1242
Белгилер:
теледебат, шайлоо, депутат, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (149)
Тема боюнча
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды
Үгүт иштерин баштагандар салык төлөөнү унутпагыла. Салыкчылардын эскертүүсү
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архивдик сүрөт

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

6
(жаңыланган 17:07 22.09.2020)
Лавровдун айтымында, БУУ системасындагы негизги органдар мандаттарынын маанисин жоготпошу керек жана бири-биринин ыйгарым укуктарын кайталабашы шарт.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дүйнө пикир келишпестиктен, талашып-тартышуудан тажады деди Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында ЖККУнун атынан жасаган кайрылуусу учурунда.

"Бүгүн, тилекке каршы, дүйнөнүн ар кыл аймактарында куралдуу чатак басылбай келет. Ага учурдагы замандын көйгөйлүү кооптуулуктары — эл аралык террорчулук, баңги жана кибер кылмыштуулук, климаттын өзгөрүшү кошул-ташыл болду. Быйыл аталган тизмеге дагы бир кооптуулук — коронавирус падемиясы кошулуп, социалдык-экономикалык жана башка тармакта олуттуу кризистик көрүнүштөрдү козгоду", — деди дипломат.

Анын айтымына караганда, глобалдык көйгөйлөргө реакция жасоо улам өсүп бара жаткан ажырымда жыл өткөн сайын татаал болуп бара жатат. Лавров мындай абал бир катар мамлекеттердин башка өлкөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыгы менен эсептешүүнүн каалабагандыгы менен байланыштуу экендигин кошумчалады.

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

Ал дагы бир маанилүү жагдайга токтолду.

"Тарыхтын өзүнүн нугун жолунан чыгарууга болбойт. Бүгүн эл аралык аренада экономикалык өсүштүн жаңы борборлору бекемделүүдө, куралдуу чатакты тынчтык каражаттары менен жөнгө салуу зарылдыгы күчөп турат, бири-биринен көз каранды болуу артып бара жатат. Дүйнө ажырымдан, мамлекеттин "өз" жана "өзгө" деп бөлүүсүнөн чарчады. Дүйнө кызматташуу менен бири-бирине ар тараптуу жардам берүүнү талап кылууда. Башка сөз менен айтканда, 75 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму түптөлгөндөгү максат улам актуалдуу болуп бара жатат", — деп эсептейт министр.

Лавров тарыхты кайрадан карап чыгуу, фашизмди жеңүүгө салым кошкон элдин ролун төмөндөтүүнү тантыгандык деп атады. Ал өткөндүн сабагын жана жоокер бошотуучуларды эстеп, аларга тургузулган эстеликтерди сактоону камсыз кылууга чакырды.

Россия ТИМ жетекчисинин айтымында, учурдун шартында БУУ өзүнүн уставы менен жолго салынган ишти алып барган, майнаптуу түзүм катары калышы керек. БУУ системасындагы негизги органдар мандаттарынын маанисин жоготпошу зарыл жана бири-биринин ыйгарым укуктарын кайталабашы шарт.

Лавров дүйнө коомчулугунун башкы милдеттеринин бири деп чатактарды эл аралык укуктук нормалардын негизинде сүйлөшүп, тынчтык, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Талашсыз, биринчи орундагы нерсе — террорчулукка жана анын уюшкан кылмыштуу топ менен биригип кетишине каршы кеңейтилген масштабдагы күрөш болушу керек.

Лавров: каатчылыкты чечүүдө БУУ сыяктуу уюмдарга мүчөлүгүбүздү пайдаланабыз

Министр куралданууга көзөмөл кылган системаны алсыратууга, куралсызданууга аракет кылгандарга бөгөт коюуга чакырды. Буга глобалдык туруктуулукту колдоо далалатын таратпагандарды кошту.

6
Белгилер:
тынчтык, куралдуу кагылыш, Сергей Лавров, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

176
(жаңыланган 09:26 22.09.2020)
Жээнбеков чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.

Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.

"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.

Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.

БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы

Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.

"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.

Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?

БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).

Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.

176
Белгилер:
мүчө, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Бириккен Улуттар Уюму
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Баласына китеп окуп берген аял. Архивдик сүрөт

Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги

0
(жаңыланган 17:12 22.09.2020)
Бүгүнкү күндө илгеркидей жантыгынан жата калып жомок уккан, китеп окуган бала дээрлик жок. Көбүбүз китеп окуп берүүгө, балага тийиштүү көңүл бурууга убакыт жок деп заманга шылтайбыз.

Телефон, гаджеттерден баш көтөрбөгөн бала үчүн азыркы адабият кандай болуш керек? Канткенде аларды виртуалдык дүйнөдөн азыраак болсо да алыстатып, китеп дүйнөсүнө баш бактыра алабыз? Бул багытта айта берсе толгон-токой суроо бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы КРдин эл агартуусунун отличниги, профессор Үмүт Култаева менен балдар адабияты жана анын учурдагы абалы тууралуу маектешти. 

Доктор филологических наук, отличник образования Умут Култаева
© Фото / предоставлено Умут Култаевой
КРдин эл агартуусунун отличниги, профессор Үмүт Култаева

— Азыркы учурда балдар адабияты бар деп айта алабызбы?

— Балдар адабияты бар. Болгондо да жанрдык жактан бай адабиятка ээбиз. Тескерисинче, окурман, балдар адабиятын баалаган киши жок. Бөбөктөргө арналган чыгармалар кийинки кезде жанрдык жактан абдан жакшы өнүктү. Мисалы, бир катар метаграмма, анаграмма, шарада, табышмактуу ырлар, суроолуу ырлар жазылды. "Байчечекей" журналынын бир жылдык тиркемесин алып көрсөңөр, ичинен эмне деген сонун чыгармаларды табууга болот. Бир гана көйгөй — нускасы өтө аз. Эгерде Кыргызстанда миллиондон ашык окуучу болсо, ал болгону он миң тираж менен чыгып элге жетпей жатат. Балдар адабиятын окубай туруп эле аны жок дей бергенге мен каршымын. Эң сонун табылгалар бар. Кийики кезде чыгып келе жаткан жазмакер жаштарда да балдардын бүгүнкү  аң-сезимине ылайыкталган жакшы чыгармалар кездешет.

— Коомдун өзгөрүшү менен балдарга арналган чыгармалар да өзгөрүшү керекпи?

— Коомдун ыргагына жараша эң сонун өзгөргөн чыгармалар бар. Мисалга, Атантай Акбаровдун бүгүнкү күндүн тили менен жазылган ыры:

Карга деген карга да,
Тазалыкты сезели.

Нурмамбеттин бутуна,
Келип түштү тезеги.

Анда бала мурчуюп,
Мындай айтат кыял кеп:

"Чоңойгондо куштарга
Салып берем туалет".

Мына, терминдик жактан алып караганда да мыкты чыгарма. Бүгүн бизде чыгармаларды баалаган окурман жок. Турар Кожомбердиевден баштап азыркы учурга чейинки түптөлгөн балдар адабиятынын эң сонун байлыгы турат. Ата-энелер да керектүү чыгармаларды таап, балдарына окутканды билбейт.

— Азыр балдар адабиятына киришип жаткан жазмакерлердин арасынан кимдердин атын атап кетер элеңиз?

— Жазмакерлердин арасынан калпагы көрүнүп калган акындардын катарындагы Атантай Акбаровду баса белгилеп айтар элем. Бирок бул киши өзүн балдар адабиятынын жазмакери катары эсептебейт. Ушул жагына жакшы киришсе болмок. Жакында "Рухэш" сайты өткөргөн коңкурска жиберилген бир нече мыкты чыгарманын автору Кубанычбек Аркабаев болуп чыкты. Бул киши кийинчерээк гана келди. Ал эми Абдыкерим Муратов балдар адабиятындагы чоң адис. Ал кишинин монографиясы, теориясы да бар. Калемгерлерге балдар адабиятынын талабы тууралуу педагогикалык эмгектерди жазып жүрөт. Дегеле балдар адабиятында педагогикалык-дидактикалык, көркөм эстетикалык башаттар айкашуусу керек. Буга чейин бул жаатта кыл чайнашкан талкуулар да болгон. Ошондо кайсы белги балдар адабиятынын негизги өзгөчөлүгүн түзүшү керек дегенде, көпчүлүгү тема (балдарга ылайык темада жазуу — ред.) деп аташкан. Бирок жыйынтыгында балдар адабиятынын тили өзгөчө болушу керектигине токтолгонбуз. Баланын тили менен сүйлөй билгенде гана анын аң-сезимине жетет.

Дегинкиси көркөм адабиятты кабыл алуунун өзүнүн психологиясы бар. Эгерде балдар адабиятынын тили алардын жаш өзгөчөлүгүнө, дүйнө таанымына, кабыл алуу психологиясына туура келбесе, анда ал чыгарма курулай убара болуп калат. Ушул көз караштан карасак, жогорудагы жазуучуларда балдарга тез кабыл алдыруу жөндөмдүүлүгү байкалат. Балдар адабиятынын уучу кур эмес. Токтосун Самудинов бул жаатта өзүнчө мектеп түздү. Алгач "Байчечекейдин" тегерегинде калемин сынап, андан кийин көркөм адабиятка келген балдар бар. "Байчечекейдин" бир нече жылдык тиркемеси — өзүнчө эле лаборатория. Бирок журнал мурда бардык мектептерге жетсе, азыр андай эмес. Экинчи маселе, балдар адабиятын заманбап деңгээлге, азыркы баланын аң-сезимине жеткирүү үчүн дагы көп иш жасашыбыз керек. Мындан улам балдар жазуучулары үчүн лекция, талкуу, тренинг, көргөзмөлөрдү уюштуруу зарылчылыгы келип чыгууда.

— Өзүңүз айткандай, азыр балдар эмес чоңдор деле китеп окуудан алыстап калдык. Сураарым, жомок дүйнөсү — баланын инсан катары калыптанышында кандай роль ойнойт?

— Жомок — бул бүгүн табылган жанр эмес. Анын тамыры тереңде. Жомокто элдик дүйнө тааным, элдик психология берилгендиктен, ал сөзсүз түрдө баланын аң-сезимине таасир этет. Ал тургай дүйнөгө атагы чыккан Пушкиндин "күндө кечинде жомок угам, ушуну менен каргыш тийген тарбиямдын кемчилдигин толуктайм" деп айтканы бар. Бардык жагынан шарты түзүлүп, атайын бала багуучу жалданган Пушкин да жомок менен тарбияланганын айтууда. Демек, жомок сөзсүз түрдө баланын калыптанышына оң таасирин тийгизет. Жакында балдар адабияты боюнча өткөргөн сынакта 2-орунду "Мышык менен чычкан" аттуу жомок жеңип алды. Анда чычкандын жолборс болом деп кыялданганы баяндалган. Балада фантазия абдан өнүккөндүктөн бөбөктөрдүн фантазиясына ылайык жазылган чыгарма аны өзүнө тартат. Сюжетте кескин бурулуштар болуп, тез жана динамикалуу өнүгүп турушу керек. Ошондой эле чыгарма кыска болушу абзел. Чыгармада сыйкырдуу, аллегориялуу элементтер камтылса кичинекейлер жыргап угат. "Мышык менен чычкан" жомогунун автору аты коомго таанылбаган эле кыз экен, бирок андан мыкты жазуучу чыгат деген үмүт бар.

— Коңшу казактарды алсак, балдарга каада-салтын, үрп-адатын таанытууда жакшы эмгектерди жасашууда. Ошондой эле Алпамыш өңдүү баатыр каармандарды, эпосторун таанытууда бир топ анимациялык тасмаларды тартышты. Бизде да "Манас" баштаган эпос, кенже эпосторга сценарий жазып, мультфильмдерди тартса болобу?

— Адбетте, болот. Жаштар, журналисттер да ушул жаатта иштебейсиңерби? Буга чейин Жоомарт Бөкөнбаевдин "Чептен эрдин күчү бек" деген чыгармасы боюнча тартылган мультфильм чыгып, жакшы көрүлгөн. Эпостук чыгармаларды ушундай негизде иштеп чыкса болот. "Манастын бала чагы", "Каныкейдин Тайторуну чапканы" деген атайын балдар үчүн чыккан китептер бар. Муну өздөрү окубай эле "жок" деп алакан жайышууда. Казактардын педагогикасы бир топ алдыга кетти, бирок башкалар менен өзүбүздү салыштырып отуруудан эч нерсе чыкпайт. Ар кимибиз өз ордубузда иштей берсек, көптөгөн ийгиликтер жаралат. Балдар адабияты боюнча иштеп жаткандар бар, бирок ал элге жакшы жетпей жаткан өңдүү. 1950-жылдардан бери Турар Кожомбердиев, Абзий Кыдыров, Каныбек Жунушов, Токтосун Самудиновдун балдарга арналган чыгармаларына, ар бир автордун бейнесине карата монографияларды жаздым. Бул тармакта Абзий Кыдыров абдан жакшы иштеди. Ал киши тууралуу "Балдар адабиятынын баба дыйканы" деген макалам бар.

"Кон, кон көпөлөк,
Сени кууп ойноого,
Али боюм жете элек", — деген Кыдыровдун ырынын чыкканына жетимиш жыл болсо да али унутула элек. Автордун "Эки дос", "Коңур" деген ырлары, "Окуганды үйрөнөм", "Алиппе" деген атайын дидактикалык чыгармалары бар. Ушунун баарын окубай жатабыз. Мындай чыгармалар көп. Болгону системалаштырып иштеп чыгуу зарыл.

— Азыркы тапта балдар адабиятында материалдар толук жетиштүү экен, болгону өзүбүз аны таап, балдарга окуп, ачып бербей, системалаштыра албай жаткан турбайбызбы?

— Туптуура, маселе ошондо жатат. Азыр менин кыздарым турмуш куруп калды. Алар кичине кезинде Бишкектин 10-кичи районундагы бала бакчага барышчу эле. Сонун-сонун кыргызча балдар ырларын күндө жаттап келип айтып беришчү. Натыйжада аларды мен кызыктырбастан, алар мени балдар адабиятына алып келишти. Мынакей парадокс. Жогоруда мен санап өткөн авторлордун керемет чыгармаларын мыкты тарбиячылар пайдаланып келишет. Сөз оюндары, табышмактар боюнча укмуш сонун ырлар бар.

"Билесиңби, сен албетте билесиң,
Кандай атайт жылкынын үй-бүлөсүн?

Билесиңби, сен албетте билесиң,
Эмне дейбиз, мактай берсе ким өзүн?

Билесиңби, албетте сен билесиң,
Кандай сөздү укканыңда күлөсүң?".

Карагылачы, кандай сонун саптар! Ар биринин жообу бар. Мындай ырлар көп. Ушуларды Билим берүү министрлиги, Жжазуучулар союзу, тарбиячылар системалаштырып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша классификациялап, жакшы жеткире албай жатабыз. Мурда "Кыргызстан пионери", "Жаш ленинчил" өңдүү бир катар балдар басылмалары бар эле. Азыр бир гана "Байчечекей" калды. Мамлекет эми ушуну өз карамагына алып, ар бир мектепке жете тургандай шарт түзүп берсе жакшы болмок. Бул журнал 1976-жылы, биз жаш кезде чыккан. Мектептерге жеткирилип, андан мугалимдер, тарбиячылар алып балдарга жакшы жайылтылчу.

— Бөбөктөргө арналган мурунку жана кийинки мыкты чыгармалардын хрестоматиясын көп нускада чыгарса болчудай. Бирок каржы жагынан маселе жаралат го?

— Болот, китеп чыгарууга өкмөттөн деле каражат бөлүнүптүр. Маданият министрлигине бул боюнча чакырганда барсам, жомок китептерди атайын сунуш менен чоң-чоң том кылып чыгарышыптыр. Муну бала деле көтөрө албайт, ата-энелерге деле ыңгайсыз да. Андан көрө баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата бөлүп-бөлүп чыгарса болмок. Бир кездерде майда-майда жакшы чыгармалар жарыкка чыккан. Ошонун баары бар. Болгону издеп таап, окурмандар өздөрү окушса. Биз болсо мындан ары да авторлор менен иштешип, сынак уюштуруп турууну ойлонуп жатабыз. Анткени улуу муун менен азыркы муундун ортосунда кандайдыр бир хаос болуп турат. Жаш жазуучулар мурункулардын деңгээлинен ашкан чыгармаларды жарата албай жатышат. Демек, балдар адабияты боюнча көптөгөн иштерди жасашыбыз керек. Журналисттер да бул темага системалык түрдө кайрылып турса абдан жакшы болот эле.

0
Белгилер:
ыр, чыгарма, кыргыз адабияты, балдар