БШК Facebook компаниясына бир күн саясий жарнаманы чыгарбай турууну сунуштады

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationFacebook компаниясынын логотиби. Архив
Facebook компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт. Ал эми ага чейинки 3-октябрь жымжырттык күнү деп саналат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги Facebook компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавит Канхи баштаган Facebook делегациясы социалдык тармакта саясий жарнактарды жайгаштырууну талкуулаган.

"Бардык саясий рекламалар Жарнамалар китепканасына кошулат. Аны www.facebook.com/ads/library/report шилтемесинен таап, Кыргызстан деген жерди тандоо керек. Учурда Кыргызстанга таандык 879 жарнама бар (3 737 долларга бааланган). Анын ичинде партиялар менен жарандардын рекламасы үчүн каражат төккөндөр бар", — деп айтылат маалыматта.

"Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы боюнча сот кийинкиге жылдырылды. Себеби

Шайлдабекова белгилегендей, саясий реклама берген аккаунттардын ким экенин көрсөтүп далилдеп турган көк белги (верификация) — шайлоону таза өткөрүүгө жасалган аракеттердин бири.

"Бул кайсы бир партиянын же талапкерлердин саясий жарнамасынын каржыланышынын ачыктыгын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Партиялардын верификация процедурасынан өтүшү — фейк-аккаунттар менен күрөшүүгө жардам берет", — деген ал.

БШК башчысы жымжырттык күнү социалдык жарнама жайгаштырууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сураган.

Facebook өкүлдөрү бул азырынча АКШда гана жеткиликтүү экендигин, бирок Кыргызстан расмий түрдө сурам жиберсе маселе караларын билдиришкен. Тараптар бул маселе боюнча мындан аркы байланышты улантууга макулдашышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт. Ал эми 3-октябрь жымжырттык күнү деп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0