"УИК качан жабылат?", "Мен ишенбейм!". Шайлоонун эсте калган чатактары

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПодготовка к референдуму в городе Ош
Подготовка к референдуму в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда бир топ шайлоо өттү, дээрлик ар бири кызыктарга толо. Жаңжал чыккан учурлар андан көп.

Кыргызстанда кезектеги шайлоо өнөктүгү кызып турган маал. Бир айдан азыраак убакыттан кийин өлкө Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышын тандайт. Бирок алдыда шайлоо кыл чайнаш менен өтөрү эмитен эле байкалгандай.

Адегенде ат салыштан "Кыргызстан" партиясы четтетилген. Буга Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди аталган саясий уюмдун ыйгарым өкүлү тапшырбаганы себеп болгон. Бирок партия сотко кайрылып, кайрадан шайлоого катыша турган болду. Анын аркасынан "Бүтүн Кыргызстан" арыз жазган, аны талапкер катары БШК каттаган да эмес.

Мындай саясий ири кампанияны утурлай Sputnik Кыргызстан редакциясы президенттик жана парламенттик шайлоо маалындагы кызыктуу учурларды жана жаңжалдарды эстеп чыкты. Алар ачык маалымат булактарынан топтолуп, жасалды.

Тун президенттин узак шайлоосу

Физика-математика илимдеринин доктору Аскар Акаев 1989–1990-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясын жетектеп турган. 1990-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш президентти шайлаган. Кийин ал "легендарлуу парламент" атыккан. Бир нече талапкер болгон, финалга экөө – республиканын ошол туштагы башчысы Абсамат Масалиев жана Министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов чыккан. Бирок эч кимиси тийиштүү болгон 175 добуш ала алган эмес (Масалиевге болгону төрт добуш жетпей калган). 

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүПрезидент Кыргызстана Аскар Акаев
УИК качан жабылат?, Мен ишенбейм!. Шайлоонун эсте калган чатактары - Sputnik Кыргызстан
Президент Кыргызстана Аскар Акаев

Жаңы добуш берүүдө башка талапкерлер, анын ичинде бир нече депутат сунуштаган Аскар Акаев да жарышка түшкөн. Экинчи айлампага Аскар Акаев жана Насирдин Исанов чыккан. Акаев утуп чыгып, атаандашын вице-президенттикке дайындашкан. Кийинчерээк Исанов премьер-министрликти аркалаган, бирок жол кырсыгында каза тапкан.

Талапкерлердин четтетилиши жана ачкачылык акциялары

1995-жылы президенттик такты үчүн алты адам ат салышкан. Арасында ошол кездеги мамлекет башчысы Акаев да бар эле. Алардын ар бири 50 миң кол топтогон, бирок жети күн ичинде баарын жергиликтүү кеңеште күбөлөндүрүлүшүн талап кылган эреже киргизилген.

Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты

Шайлоого 12 күн калганда Жогорку сот үч талапкердин: вице-премьер Жумгалбек Аманбаев, Кадамжай сурьма комбинатынын жетекчиси Мамат Айбалаев жана Өмүрбек Текебаевдин каттоосун жараксыз деп тапкан. Айрым жарандар бул талапкерлер үчүн кол коюп бербегенин, алар жасалма деп көрсөтүлгөн. Жарыштан четтетилген талапкерлер ачкачылык жарыялашкан.

Тил маселеси

Андан кийинки – 2000-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлер БШКнын атайын комиссиясында мамлекеттик тил экзаменин тапшырууга тийиш болгон. Элдин сүймөнчүктөрүнүн бири Феликс Кулов ага катышуудан баш тартып, ал эми Дооронбек Садырбаев жана Исхак Масалиев андай комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп сотко берген. Бирок сотто утулушкан.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүФеликс Кулов
Феликс Кулов - Sputnik Кыргызстан
1/3
Феликс Кулов
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваДооронбек Садырбаев
Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
2/3
Дооронбек Садырбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековИсхак Масалиев
Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
3/3
Исхак Масалиев
1/3
Феликс Кулов
2/3
Дооронбек Садырбаев
3/3
Исхак Масалиев

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кайрадан Акаев өлкө башчылыгына келген.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме

Журт башчынын балдары шайлоого аттанганда

2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болууга Аскар Акаевдин улуу уул-кызы — Бермет менен Айдар белсенген. Дал ушул көрүнүш "жоогазын" революциясына себеп болгон. Тун ажонун балдары мандаттарынан ажыратылган. 

© Фото / Владимир Пирогов Аскар Акаев улуу балдары Бермет жана Айдар менен
УИК качан жабылат?, Мен ишенбейм!. Шайлоонун эсте калган чатактары - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев улуу балдары Бермет жана Айдар менен

Бир сүрөттүн айынан бардык бюллетендер кайра басылган

2007-жылы СДПКдан талапкер Эдил Байсалов (ушул тапта КРдин Улуу Британиядагы элчиси) парламенттик шайлоонун алдында бюллетендин сүрөтүн интернетке жарыялап салган. Андай мыйзам аркылуу тыюу салынгандыктан БШК аны талапкерлердин тизмесинен чыгарган. 

Бюллетендерди жасалмалоо коркунучунан улам кайра жаңыларын басып чыгарууга туура келген. Ошол жоруктун айынан мамлекет 20 миллион сомдон ашуун чыгым болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы бул каражатты СДПКдан өндүрүүнү чечет. Башкы прокуратура Байсаловго кылмыш ишин козгойт. Бирок ал киши Кыргызстандан чыгып кеткен. Маалымат каражаттарына таянсак, ал ошондо Европага жайгашып, саясий башпаанек алууга аракет кылган.

"Мен ишенбейм"

Ошол жылкы шайлоодо депутаттар биринчи ирет партиялык тизме менен шайланып келишкен. Президентке караган "Ак жол" партиясы ошол жарышта укмуштай жеңишке жетип, 90 мандаттын 71ине ээ болгон. Бирок баары эле андай жыйынтыкка ынанбай, ал түгүл "Мен ишенбейм" акциясын өткөрүшкөн.

Атамбаевдин ууланышы

2009-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүндө талапкер Алмазбек Атамбаевдин абалы капыстан начарлайт. Оппозиция өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ал аймактардагы жолугушуулардын биринде "күчүн жоготуп, кыймыл-аракети начарлап, кеби бузулган". Нерв-паралитикалык уу менен менен ууландырылган деп айтылган. 

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев
УИК качан жабылат?, Мен ишенбейм!. Шайлоонун эсте калган чатактары - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев

Шайды оодарган шайлоо чеги

2010-жылы парламентке шайлоо өткөн. Мандатка ээ болуу үчүн партиялар эки шартты аткарууга тийиш эле. Жалпы шайлоочулардын кеминде эле беш пайыз (добуш бергендер гана эле эмес) добушуна татып, ал эми ар бир облустан 0,5 пайыз алышы абзел эле.

"Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Бүтүн Кыргызстан" алтынчы сапты ээлеп, Жогорку Кеңешке беш партия өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, Адахан Мадумаровдун саясий түзүмүнө 139,5 миң — жалпы шайлоочулардын 4,9 пайызы добуш берген. Парламентке келишине 0,1 пайыз жетпей калган. Башынан эле партия ал чекти ашканын кайталап келген. Бирок кошумча тизмелерден улам шайлоочулардын саны 2,8 миллиондон 3 миллионго чыгып кеткен. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАдахан Мадумаров
УИК качан жабылат?, Мен ишенбейм!. Шайлоонун эсте калган чатактары - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаров

Андан кийин "Бүтүн Кыргызстан" да, Мадумаров да шайлоону мыйзамсыз деп аташкан, ал эми партиянын тарапташтары добушту кайра санап чыгууну талап кылып нааразылык акцияларын уюштурган. Бирок БШК андай талапты четке каккан.

"УИК качан жабылат?"

2012-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо "Республика" партиясынын мүчөсү Наргиза Ажибаева тарабынан "карусель" уюштуруу аракети чагылдырылган тасма тараган.

"УИК (участкалык шайлоо комиссиясы) качан жабылат?" — ошол окуядан соң бул собол шайлоодогу мыйзамсыздыктарга карата синоним катары пайдаланылып калган.

"Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы боюнча сот кийинкиге жылдырылды. Себеби

Талапкерге козголгон кылмыш иши

2017-жылкы шайлоодо Өмүрбек Бабанов экинчи орунду ээлеп, көп өтпөй Кыргызстандан чыгып кеткен. Аны менен эле чектелбей, саясаттан кетерин жарыялаган. Ага эки кылмыш иши козголгон. 

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOӨмүрбек Бабановдун тарапташтары
УИК качан жабылат?, Мен ишенбейм!. Шайлоонун эсте калган чатактары - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабановдун тарапташтары

Бири — Оштогу Амир Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө – "шайлоо өнөктүгү маалында чагымчыл билдирүү жасаган" деген себеп менен ачылган. Экинчиси — бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандык уюштурууну даярдоо фактысы боюнча козголгон (иликтөө токтотулган).

Өлкөгө кайткан Бабанов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына үч ирет сурак берди. Аталган кызмат "Кыргызстан" банкына байланыштуу ишти иликтеп келген. Кийинчерээк ал саясаттан оолак болорун дагы бир ирет жар салып, ал эми бул саясатчы түптөгөн "Республика" партиясынын лидерлигине Мирлан Жээнчороев шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0