Шайлоо участкасындагы урна. Архивдик сүрөт

"Замандаш" партиясынан депутаттыкка аттангандар. Талапкерлердин тизмеси

335
(жаңыланган 12:06 10.09.2020)
"Замандаш" саясий партиясынан тизмеге 156 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Замандаш" саясий партиясынан тизмеге 156 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

  1. Молдокматов Жеңиш Өмүрказиевич, 1983, партиянын төрагасы;
  2. Конов Дмитрий Александрович, 1976, Евробиримдиктин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү, улук котормочу;
  3. Турганбаев Мелис Токтомамбетович, 1962, ЖАМК төрагасы;
  4. Шейшекеева Чынара Казаковна, 1969, "Панд Шер" ЖЧКсы, финансы директору;
  5. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич, 1967, ЖК депутаты;
  6. Капаров Мырза Нуралиевич, 1980, “Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы" КБ, вице-президент;
  7. Абдыхалыков Нурлан Нишанбаевич, 1976, "Араван автовокзалы" ЖЧКсы, башкы директор;
  8. Мамашова Айсулуу Турусбековна, 1988, ЖК депутаты;
  9. Амракулов Мавлян Номанович, 1964, MIK ЖЧК, аткаруучу директор;
  10. Араев Азамат Муратович, 1978, өкмөттүн аппараты, бөлүм башчы;
  11. Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич, 1966, КР Волейбол федерациясы, президент;
  12. Дегенбаева Гулнара Орозбаевна, 1962, “Мээрим булагы балдар үйү”, башкармалыктын башчысы;
  13. Акматов Алмазбек Жумабекович, 1964, ЖК депутаты;
  14. Ормонов Улугбек Зулпукарович, 1963, ЖК депутаты;
  15. Бекбоев Замир Исакович, 1953, "Нью-Тек" кыргыз-герман компаниясы, башкы директор;
  16. Эшенкулова Нарынкүл Амановна, 1962, “Кырк кыз” КБ, башкармалыктын башчысынын орун басары;
  17. Жайлообаев Айбек Токтогонович, 1974, КР ИИМ, башчынын орун басары;
  18. Ахмедов Бегижан Махмудович, 1958, жазуучу;
  19. Шамиев Рыскелди Ишенбаевич, 1976, "Кыргыз күрөш" Республикалык федерациясы, президент;
  20. Мамбетсеитова Гульнара Бейшебаевна, 1969, Улуттук хирургия борбору, бөлүм башчы;
  21. Атчабаров Орозалы Самидинович, 1966, жумушсуз;
  22. Асылбек уулу Бакай, 1988, "МакыйДан" ЖЧК, башкы директор;
  23. Адылбеков Увазарбек Есенаманович, 1968, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  24. Карабаева Мухаббат Джурабаевна, 1959, Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты, Чүй облусу боюнча ыйгарым өкүл;
  25. Торобаев Оморбек Тилепалдиевич, 1978, Ош салык кызматы, башкармалыктын башчысы;
  26. Кочконбаев Махамаджан Айтиевич, 1973, Майлы-Суу лампа заводу, атайын администратор;
  27. Саралаев Тимур Омурбекович, 1982, “Регионалдык саясат институту”, директордун орун басары;
  28. Денисенко Галина Степановна, 1961, “Ыйык Булак” мекемеси, терапевт;
  29. Абдивалиев Кадырбек Орунбаевич, 1961, жумушсуз;
  30. Жаманкулов Сагынбек, 1961, “Мүлк” мамлекеттик ишканасы, директордун орун басары;
  31. Джолочиев Сергекаалы Асангалиевич, 1968, Каракол шаар кеңеши, депутат;
  32. Ширинбаева Алия Курманбековна, 1979, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, коррупция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл;
  33. Гайпкулов Искандер Төрөбаевич, 1966, Жогорку Кеңеш, депутат;
  34. Жумагулов Бактыбек Осмоналиевич, 1971, "Кыргыз жылуулук энергиясы", башкы директордун кеңешчиси;
  35. Кеңешов Кадыр Кеңешович, 1969, жумушсуз;
  36. Сагынбаева Элмира Азаматовна, 1980, жумушсуз;
  37. Парманов Эсенали Алламович, 1981, жеке ишкер;
  38. Зулпукаров Муктарбек Акматбекович, 1968, Кыргызстандагы "Эхитусфирма Ранд жана Туулберг" мекемесинин филиалы, долбоордун менеджери;
  39. Жороев Талантбек Мурзалиевич, 1981, жумушсуз;
  40. Апиева Чынаркан Эсенбековна, 1980, жеке ишкер;
  41. Жетимишбаев Мурат Каленович, 1955, Билим берүү министрлиги, пенсионер;
  42. Ахмаджанов Азамат, 1952, "Кыргызтамеки" ишканасы, пенсионер;
  43. Кадыркулов Нуржан Абасович, 1967, “Фирма Зенит” ЖЧК, директор;
  44. Эркинбай кызы Тоюнбү, 1996, Мамлекеттик каттоо кызматы, адис;
  45. Абдураимов Мансурбек Абдумуталипович, 1982, Араван райондук Салык кызматы, кадр маселеси боюнча башкы адис;
  46. Алиев Санжар Саматбекович, 1986, Финансы полициясы, кадрлар резерви;
  47. Айдаралиев Таалайбек Байсулдаевич, 1976, “ТКБ групп транспорт компаниясы" ЖЧКсы, башкы директор;
  48. Касымбаева Күлүм Кадыровна, 1980, “Бишкек окуу-өндүрүш мекемеси, №1 Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коому”, кызматкер;
  49. Матанов Жакшылык Жетимишбекович, 1989, “Спорт Стекинг” федерациясы, президент;
  50. Бакалов Канат Асанович, 1977, “Баткен согушунун ардагерлер кеңеши” КБ, төрага;
  51. Шевцов Искендер Сергеевич, 1989, "КАМ стоун" ЖЧК, Директор;
  52. Оморова Айзат Садырбековна, 1991, жумушсуз;
  53. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич, 1981, жумушсуз;
  54. Кыбраев Муратбек Анаркулович, 1968, "Тайманбас" балдардын спорт мектеби, директор;
  55. Арзыбаев Мукаш Кадырович, 1964, "Трейгендер аудит консалтинг" ЖЧК, директор;
  56. Кокенова Гульзар Кокеновна, 1985, “Чудо билим берүү борбору” ЖЧК, жетекчи;
  57. Нишанбаев Махамадамин Юлдашбаевич, 1966, "Спутник строй" ЖЧК, башчы;
  58. Подобедов Олег Владимирович, 1969, "Гознак" ЖЧК, башкы директордун орун басары;
  59. Тойчубеков Туратбек Калыкович, 1984, Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы, башкы машыктыруучу;
  60. Утурбаева Мариякан Төлөгөновна, 1969, №3 "Байчечекей" мектепке чейинки билим берүү мекемеси, директор;
  61. Курманбаев Улан Зарылбекович, 1983, "Намыс" коомдук-саясий кыймылы, төрага;
  62. Мамытов Аркарбек Жолборсбекович, 1982, Жогорку медициналык мектеби, окутуучу;
  63. Өмүрбеков Данияр Өмүрбекович, 1985, "Омурбеков" ишкердик мекемеси, башкы директор;
  64. Давлетбаева Мадина Акремовна, 1969, Жогорку Соттун алдындагы Жогорку адилеттүүлүк мектеби, окутуучу;
  65. Кулназаров Иличбек Жукенович, 1978, "Пирамида" медиа холдинги, башкы редактор;
  66. Колопов Альберт Сексенбаевич, 1971, Акыйкатчынын аппараты, бөлүм башчы;
  67. Чокморов Болотбек Сексенбешович, 1980, Мамлекеттик каттоо кызматы, бөлүм башчы;
  68. Супаева Гүлназ Тынаевна, 1978, Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университети, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор;
  69. Кичинегулов Талантбек Иманович, 1961, "АГК ТОО Инвест" ЖЧКсы, негиздөөчү;
  70. Суванов Ильяс Эркинович, 1995, жумушсуз;
  71. Абдыкайым уулу Нурлан, 1993, жумушсуз;
  72. Садабаева Мээрим Дөөлөтбековна, 1982, жумушсуз;
  73. Бактыбеков Узакбек Бактыбекович, 1993, жумушсуз;
  74. Темиров Мирбек Султангазиевич, 1963, "Ат-Башым" фонду, координатор;
  75. Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич, 1982, "Аква продакшн компани" ЖЧКсы, директор;
  76. Кадырова Наргиза Мавлянджановна, 1977, ААК "Электр станциялары" Бишкек ЖЭБ, жумушчу;
  77. Алмасбек уулу Төштүк, 1985, жумушсуз;
  78. Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич, 1961, Нарын мамлекеттик университети, ага окутуучу, декандын орун басары;
  79. Жумагулов Улан Жаварбекович, 1979, "Кенир" ЖЧКсы, аткаруучу директор;
  80. Добулбекова Айдай Ильичевна, 1995, Регионалдык саясат институту, директордун кеңешчиси;
  81. Омукеев Акматаалы Абдымаликович, 1982, "Ак-Барс" ЖЧКсы, директор;
  82. Досмамбетов Медетбек Нурланович, 1989, жумушсуз;
  83. Жумалиев Нурбек Өмүрбекович, 1973, Kyrgyz TREC International, Ltd консалтингдик компаниясы, долбоор боюнча кеңеш берүүчү;
  84. Бектурганова Алия Асановна, 1990, жумушсуз;
  85. Атабеков Майрамбек Нарынбекович, 1981, жумушсуз;
  86. Токтошов Эркинбек Абдукаримович, 1963, Орто кесиптик билим, Маданият үйүнүн директору;
  87. Мамытканов Бакытбек Нурмамбетович, 1976, жумушсуз;
  88. Дүйшөбаева Назик Жеңишбековна, 1980, "Никос Тревел" ЖЧКсы, башкы директор;
  89. Приев Самат Мухтарбекович, 1991, Silk Route Trading ЖЧКсы, супервайзер;
  90. Козубеков Нурбек Азимканович, 1964, "Акмарал ЛТД" ишканасы, башкы директор;
  91. Алимбеков Талантбек Сатыбалдиевич, 1970, "Столичная строительная корпорация" ЖЧКсы, директордун кеңешчиси;
  92. Чыныбаева Асыл Абдыкадыровна, 1965, Бишкек мэриясынын алдындагы балдардын социалдык адаптация борбору, тарбиячы;
  93. Байзаков Нияз Касымбекович, 1987, жумушсуз;
  94. Козубеков Арстанбек Токтобекович, 1985, жумушсуз;
  95. Маматкарим уулу Мурзажигит, 1993, "ЭлТР", редактор;
  96. Ким Ирина Александровна, 1972, "Мусаада" коомдук фонду, эсепчи;
  97. Адамалиев Улан Айылчиевич, 1969, жумушсуз;
  98. Жумабаева Жеңишгүл Ормотоевна, 1971, КРдин адвокатурасы, адвокат;
  99. Керималиев Арстанбек Калканович, 1968, жумушсуз;
  100. Каримова Шайыргүл Баймурзаевна, 1977, жумушсуз;
  101. Бекчоро уулу Эрлан, 1989, жумушсуз;
  102. Касимова Эльнура Мирзахановна, 1991, Арабаев атындагы КМУ, эсепчи;
  103. Айбашов Руслан Базарбаевич, 1982, жеке ишкер;
  104. Ажыбаева Айике Кылычбековна, 1986, Арабаев атындагы КМУ, окутуучу;
  105. Эргешов Сүйүтбек Сусарбекович, 1998, жумушсуз;
  106. Зафаров Сардорбек Зафарович, 1995, Жогорку Кеңеш, консультант;
  107. Давлеталиев Залкар Жолдошбекович, 1978, "Казахсим" ААКы, регионалдык директор;
  108. Нуракова Салтанат Насаркуловна, 1967, Токмок шаары, Аксакалдар соту, төрайым;
  109. Хаюнчин Адан Жамарович, 1957, жумушсуз;
  110. Сарымсаков Анарбек Жуманазарович, 1961, жумушсуз;
  111. Түнгатарова Индира Кырманчиевна, 1968, жумушсуз;
  112. Айдаров Азамат Жекшенбаевич, 1989, Арабаев атындагы КМУ, бөлүм башчы;
  113. Мамбетова Гүлзар Илиясовна, 1987, "Замандаш" саясий партиясы, менеджер;
  114. Самыйканов Адисбек Тынчтыкбекович, 1980, Арабаев атындагы КМУ, бөлүм башчы;
  115. Кочкорбаев Каныбек Жанибекович, 1974, жеке ишкер;
  116. Кырчообаева Сайрагүл Асанбаевна, 1978, Жогорку Кеңеш, консультант;
  117. Асыкпаев Данияр Бейшенович, 1994, Бишкек шаардык жана Чүй облустук адвокаттар коллегиясы, адвокаттын жардамчысы;
  118. Кыпчакова Азиза Оморбековна, 1997, жумушсуз;
  119. Төлөнов Кубанычбек Төлөнович, 1983, "Кыргыз стройсервис" мамлекеттик ишканасы, экономист;
  120. Махмудов Айдын Беналиевич, 1994, жеке ишкер;
  121. Абдылдаев Райымбек Жумагулович, 1963, "Газпром Кыргызстан проектирование" ЖЧКсы, жетектөөчү адис;
  122. Калысбекова Мээрим Калысбековна, 1997, жумушсуз;
  123. Болотов Азиз Болотович, 1991, жумушсуз;
  124. Жаналиева Юлия Сергеевна, 1978, "Приоритет" окуу-тарбия комплекси, директор;
  125. Шерматов Абдираимжан Мураталиевич, 1964, Керме-Тоо айылдык кеңеши, төрага-депутат;
  126. Мартыненко Ирина Александровна, 1983, Республикалык дерматовенерология борбору, дарыгер;
  127. Кармышаков Бозулан Төлөбаевич, 1974, жеке ишкер;
  128. Шокеева Гүлнара Жумалиевна, 1966, №72 мектеп гимназиясынын мугалими;
  129. Жапаров Таалайбек Абдукадырович, 1970, жеке ишкер;
  130. Жумагулова Назгүл Сатыбалдиевна, 1972, Бишкектеги китепканалардын борборлоштурулган системасы, кадрлар бөлүмүнүн инспектору;
  131. Ишеев Тургенбек Шаршенович, 1968, "Нур Ардак" ЖЧКсы, директор;
  132. Рысбаев Азамат, 1990, Мамлекеттик кадр кызматынын адиси;
  133. Потапова Инна Александровна, 1991,             жумушсуз;
  134. Турганбаев Азизхан Абабакирович, "Ш.А.Арт Стоун" ЖЧКсы, башкы директор;
  135. Эшанова Элмира Маликовна, 1973, ЕАЭБ мүчөсү;
  136. Асанов Ибрагим Кубатович, 1963, ИИМ ардагери, пенсионер;
  137. Жанышбаева Чынаркан Абдыраимовна, 1973, жумушсуз;
  138. Зачиняев Андрей Сергеевич, 1982, жумушсуз;
  139. Абдыразакова Айжан Улановна, 1989, курулуш компаниянын башкы директору;
  140. Касымов Таалай Махаматжанович, 1991, “Джи Эй БИ Би Трейд” ишканасы, башкы директор;
  141. Сагдатова Миновар Акрамовна, 1967, жумушсуз;
  142. Шимаров Гащи Рахимович, жумушсуз;
  143. Айсаракунова Гүлзат Рыскулбековна, 1985, Жогорку Кеңеш, коомдук жардамчы;
  144. Сайдинов Сүйүнбек Өмүрбекович, 1988, жумушсуз;
  145. Султанова Бурулай Бакировна, 1998, жумушсуз;
  146. Батырбеков Самат Мырзакматович, 1969, КРдеги Ооган согушунун ардагерлер бирлиги; төрага;
  147. Мамырбаева Данира Мамлютовна, 1982, "Доскредобанк" ААКы, бөлүмдүн башчысы;
  148. Токтоназаров Улан Ырысмаматович, 1980, Майлы-Суу мэриясынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгы, жетекчи;
  149. Мехманова Гүлсара Мирзахматовна, 1972, Абдразаков атындагы № 10 мектебинин  башталгыч класстарынын мугалими;
  150. Сулайманов Болот Акматович, 1971, жеке ишкер;
  151. Сулумова Дагмара Мусаевна, 1997, жумушсуз;
  152. Гаджиев Ильяс Арашевич, 1968, айылдык кеңештин депутаты;
  153. Болотова Анара Моңолдоровна, 1969, жумушсуз;
  154. Юсупбек уулу Байзак, 1993, жеке ишкер;
  155. Ласанху Исмаил Шерваевич, 1972, жумушсуз;
  156. Алимканов Алтынбек Акматжанович, 1976, "Секюрити Форс" ЖЧКсы, коопсуздук кызматкери.
335
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, БШК, "Замандаш" партиясы, талапкер, тизме
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы
"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

99
(жаңыланган 09:20 28.09.2020)
Жээнбеков Россия президенти Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

РФке барчу делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

Россияга болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

99
Белгилер:
иш сапар, жумушчу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Сочи, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

197
(жаңыланган 23:58 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

197
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

10
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

10
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө