Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме

435
(жаңыланган 19:27 09.09.2020)
"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан тизмеге 200 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан тизмеге 200 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

Баса, талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды. Тизме толукталууда.

  1. Бакиров Мирлан Исакбекович, 1975, ЖК депутаты;
  2. Садалиев Улан Шейшенбекович, 1980, Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары;
  3. Жунусов Ибрагим Кожоназарович, 1961, ыйгарым укуктуу элчи;
  4. Кузнецова Татьяна Анатольевна, 1974, жумушсуз;
  5. Дүшембиев Бакытбек Осмонович, 1972, жумушсуз;
  6. Сырдыбаев Улан Муратбаевич, 1973, "Нурсан" ЖЧКсынын башкы директору;
  7. Маматалиев Марлен Абдырахманович, 1981, ЖК депутаты;
  8. Алканова Элнура Сайдиракмановна, 1992, "Ачык маалыматтар коомдук фондунун" башкармалыгынын төрайымы;
  9. Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович, 1975, ЖК депутаты;
  10. Матраимов Искендер Исмаилович, 1962, ЖК депутаты;
  11. Тиллаев Таабалды Гапырович, 1976, ЖК депутаты;
  12. Молдобекова Гүлкан Сакиновна, 1964, ЖК депутаты;
  13. Аманкулов Канат Маратович, 1966, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
  14. Келдибеков Ахматбек Келдибекович, 1966, "Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы;
  15. Азиз Канатбек, 1984, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын төрагасынын орун басары;
  16. Молдогазиева Бактыгүл Эркинтуровна, 1977, Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги борборду жетектейт;
  17. Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич, 1976, Чолпон-Ата шаарынын мэри;
  18. Моминов Дилшожон Набижанович, 1969, жумушсуз;
  19. Исамамбетов Кылычбек Байышович, 1980, жумушсуз;
  20. Шакирова Гүлмира Абидиновна, 1968, Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментинин директору;
  21. Самаев Урматбек Обозбекович, 1986, ЖК депутаты;
  22. Сыдыков Бактыбек Үсөнович, 1970, ЖК депутаты;
  23. Абдыкаров Данияр Сатарбаевич, 1975, "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясынын жетекчиси;
  24. Култаева Гүлшаркан Оконовна, 1972, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  25. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович, 1977, ЖК депутаты;
  26. Өмүркулов Иса Шейшенкулович, 1957, ЖК депутаты;
  27. Абжалиев Алиярбек Токобекович, 1967, ЖК депутаты;
  28. Мамырова Бөдөш Аманбаевна, 1957, жумушсуз;
  29. Чолпонбаев Туганбек Чолпонбаевич, 1976, Каракол шаардык кеңешинин депутаты;
  30. Алымов Жанарбек Жапарович, 1985, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  31. Маматов Канатбек Мурзаевич, 1974, Кыргыз футбол союзунун президенти;
  32. Атабекова Кызжибек Азимжановна, 1978, "Кимат" ЖЧКсынын башкы директору;
  33. Маннанов Ильхом Абдукахарович, 1975, ЖК депутаты;
  34. Адылов Бакытбек Адылович, 1982, жумушсуз;
  35. Акунбеков Эрлист Абакирович, 1983, АTS-Group ЖЧКсынын башкы директору;
  36. Исанова Мария Насирдиновна, 1968, ЖКда бөлүм башчы;
  37. Назарбеков Мирлан Рысбекович, 1977, "Бакайыр-Кен" ЖЧКсынын директору;
  38. Акимов Абдиталип Паттаевич, 1976, жумушсуз;
  39. Каналиев Бактыбек Эркинович, 1978, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  40. Карыжинская Татьяна Анатольевна, 1972, "Капитал право" юридикалык бюросу" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  41. Амантуров Мирлан Казылаевич, 1976, Бишкектин вице-мэри;
  42. Атазов Шайлообек Карыбекович, 1979, ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директору;
  43. Ормонов Жапарбек Туратович, 1973, Ош шаардык кеңешинин директору;
  44. Мусабекова Жылдыз Аманбековна, 1975, ЖК депутаты;
  45. Базарбаев Эрлан Базарбаевич, 1975, КУУда кафедра жетекчиси;
  46. Шабазов Бахридин Валиевич, 1984, "БСК Капитал групп" ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  47. Төрөбаев Батыр Эргешович, 1966, "Москва" ун комбинаты" ЖЧКсынын жетекчиси;
  48. Машрапова Гүлай Эгемназаровна, 1956, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  49. Ибраимов Максатбек Тургунбекович, 1981, Өзгөн районундагы Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы;
  50. Садыков Таалайбек Надырбекович, 1970, жумушсуз;
  51. Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович, 1974, "Кыргыз Телеком" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  52. Равшанова Жылдыз Равшановна, 1974, "Ата-Журт" партиясында кеңешчи;
  53. Рысалиев Таалайбек Кумашевич, 1976, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
  54. Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович, 1976, жумушсуз;
  55. Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович, 1977, жумушсуз;
  56. Маслова Дарья Владимировна, 1995, спортчу;
  57. Жаныкулов Хамракул Жаныкулович, 1973, Араван районунундагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы;
  58. Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович, 1984, Сузак айылдык кеңешинин депутаты;
  59. Маматалиев Самидин Исмаилович, 1968, жумушсуз;
  60. Субанкулова Туймакан Керимкуловна, 1975, жумушсуз;
  61. Абдиев Бактыбек Кемелович, 1970, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  62. Абдурахманов Ахматжон Турсунович, 1964, Кадамжый районунун Үч-Коргон айл өкмөтүнүн башчысы;
  63. Жалилов Азамжан Абдуллажанович, 1982, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы;
  64. Аднаева Нургүл Мажитовна, 1965, жумушсуз;
  65. Козуев Алишер Абибиллаевич, 1984, "Россия Нефть" ЖЧКСынын башкы директору;
  66. Эрбаев Алишер Ташбаевич, 1973, УКМК кызматкери;
  67. Керимбеков Нурбек Кеңешбекович, 1986, "Тарим Транс" ишканасынын башкы директору;
  68. Акматова Айжан Асанбаевна, 1975, ЖКда бүлүм башчы;
  69. Эргешов Казыбек Кочкорович, 1969, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  70. Абдирасулов Нургазы Абдирасулович, 1984, УКМК кызматкери;
  71. Маратов Мирлан Ильичевич, 1976, "Росбетон" ишканасынын директору;
  72. Абдыкарова Ботогөз Сапаркуловна, 1967, Кара-Буура раонундагы Акымбеков орто мектебинин директору;
  73. Абдуллаев Равшан Бахтиярович, 1983, жумушсуз;
  74. Сейиткулов Эсен Садыкович, 1974, жумушсуз;
  75. Султанов Каныбек Алмабекович, 1974, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин проректору;
  76. Жолдошева Ирсалат Акпаровна, 1963, жумушсуз;
  77. Абас уулу Кубанычбек, 1964, "ПП Нарын" ишканасынын аткаруучу директору;
  78. Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич, 1981, Азрат-Айыб" ААКсынын башкы директору;
  79. Жоробеков Тариел Улукбекович, 1964, ЖК депутаты;
  80. Назаралиева Салтанат Болсунбековна, 1962, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгеринин орун басары;
  81. Шерматов Бахтияр Жороевич, 1968, "Жалал-Абаддын базары" ЖЧКсынын башкы директору;
  82. Алымбеков Максат Жумакадырович, 1984, Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;
  83. Нишанов Аскарали Абдыгапырович, 1979, "Эдвайс Кей Джи" ишканасынын башкы директору;
  84. Төлөнова Нурзат Байышовна, 1982, Ош шаарындагы № 37 мектептин мугалими;
  85. Абдуллаев Абдурахман, 1956, дарыгер;
  86. Табалдиев Алмазбек Шакирович, 1974, "Натурал Стоун" ишканасынын директору;
  87. Акжол уулу Жоомарт, 1975, "Оомат Инвест" ишканасынын башкы директору;
  88. Сооронбаева Нургүл Момуновна, 1967, КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыгер;
  89. Шакиров Кутпидин Абдырахманович, 1977, жумушсуз;
  90. Жуманазаров Болот Аттокурович, 1983, Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты;
  91. Маматалиев Жангазы Патийдинович, 1970, КР Экономика министрлигинин кызматкери;
  92. Исраилова Зейнепкан Абдукалыковна, 1962, Данияров атындагы КММИнин Ош филиалы, доцент;
  93. Ташиев Алтынбек Аликович, 1984, Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы;
  94. Жунусов Мелисбек Абдрасулович, 1979, Эл аралык автомобилдик ташуу ассоциациясынын директору;
  95. Абданбек уулу Белек, 1979, жумушсуз;
  96. Арыкова Мира Токтогуловна, 1970, жумушсуз;
  97. Шабданов Аскар Адылбекович, 1982, банк кызматкери;
  98. Матиев Турусбек Абдирашитович, 1983, "Туран-Групп" ЖЧК ишканасынын башкы директору;
  99. Эсенов Азиз Сыргакович, 1977, "Альфа Телеком" ишканасында координатор;
  100. Эргешова Жайнагүл Калдаровна, 1968, Бишкек ТЭЦинде мамлекеттик тил боюнча адис;
  101. Муктасар Нурдин, 1982, жумушсуз;
  102. Кудайбергенов Марат Сагынович, 1993, жумушсуз;
  103. Талипов Чыңгыз Базарбаевич, 1982, жумушсуз;
  104. Мамытканова Тамара Акимжановна, 1973, "Гидропроект" долбоорлук-изилдүү институту, кадр бүлүмүнүн башчысы;
  105. Максутов Нурлан Болушбекович, 1971, "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын президенти.
435
Белгилер:
тизме, талапкер, Парламент, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

56
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

56
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

94
Россия чет мамлекеттерге иштеп чыккан вакцинасын массалык түрдө жөнөтпөйт. Анын ордуна башка өлкөлөр менен вакцинанын технологиясын бөлүшүүгө даяр. Бул туурасында Гамалея атындагы институттун директору Александр Гинцбург билдирди.

Учурда Россияда дагы эки вакцина сыноодон өтүп жатат. 2020-жылдын 22-сентябрында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дарыны клиникалык жактан сыноого уруксат берди. Аны Россиянын илимдер академиясы иштеп чыккан. "Вектор" илимий борбору жасаган дагы бир вакцинаны сыноо аяктап бара жатат. Жакынкы чет өлкөлөр россиялык вакцинаны кантип ала алат жана эмне үчүн Россия өзүнүн иштеп чыккан ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин биздин видеодон көрүңүз.

94
Белгилер:
Технологиялар, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, КМШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

106
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

106
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео