ЖК депутаттын орун жайы. Архивдик сүрөт

"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме

471
(жаңыланган 19:42 09.09.2020)
"Кыргызстан" партиясынан тизмеге 102 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Кыргызстан" партиясынан тизмеге 102 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

"Кыргызстан" партиясынын талапкерлери:

  1. Исаев Канатбек Кедейканович, 1975, ЖК депутаты;
  2. Мамытов Талант Турдумаматович, 1976, ЖК депутаты;
  3. Алимбеков Нурбек Каарыевич, 1975, ЖК депутаты;
  4. Кулматова Наталья Анатольевна, 1965, "Независимый Центр Экспертизы и Оценки" ЖЧКсынын директору;
  5. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич, 1966, ЖК депутаты;
  6. Чойбеков Руслан Нуркалиевич, 1979, жумушсуз;
  7. Жумабеков Дастанбек Артисбекович, 1976, ЖК депутаты;
  8. Султанбекова Чолпон Аалыевна, 1969, жумушсуз;
  9. Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович, 1970, ЖК депутаты;
  10. Төлөнов Данияр Эрмекович, 1970, ЖК депутаты;
  11. Иминов Ахрор Хикматиллаевич, 1987, "КРдагы чет элдик студенттердин биримдиги" ЖЧКсынын директору;
  12. Байтерекова Майрамкүл Анарбековна, 1967, жеке ишкер;
  13. Айдаров Салайдин Абдираевич, 1969, ЖК депутаты;
  14. Исмаилов Алтынбек Бердибекович, 1971, "Бийик курулуш" ЖЧКсынын директору;
  15. Масабиров Талайбек Айтмаматович, 1966, ЖК депутаты;
  16. Дөлөталиева Дамира Темирбековна, 1962, "Дордой" ишкерлер профсоюзунун төрагасы;
  17. Асанов Макен Тойчубекович, 1987, жумушсуз;
  18. Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич, 1958, "Кыргыз-Чех арак компаниясы" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси;
  19. Малабаев Аргынбек Жумабекович, 1966, жумушсуз;
  20. Ибраимова Атыркул Сыйдалиевна, 1962, жеке ишкер;
  21. Нурматов Кубанычбек Советович, 1966, ЖК депутаты;
  22. Байбакпаев Экмат Журукпаевич, 1959, ЖК депутаты;
  23. Виндиза Якуб Рамзаевич, 1983, "Ним компани" ЖЧКсынын коммерциялык директору;
  24. Кемелбекова Зухра Ахматжановна, 1969, фирма директору;
  25. Сарыбаев Алмаз Айылчиевич, 1973, Билим берүү жана мансапка көмөктөшүү борборунун директору;
  26. Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич, 1967, Каржы министрлигинин алдындагы Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
  27. Икрамов Тазабек Икрамович, 1967, ЖК депутаты;
  28. Атабекова Асель Мамышовна, 1976, "Борбордук Азиядагы аялдар лигасы" коомдук фондунун директору;
  29. Исаев Жаныбек Базаркулович, 1983, жумушсуз;
  30. Эргешов Алмазбек Манасбекович, 1968, жумушсуз;
  31. Кенекеев Дайыр Атакулович, 1974, "Учкун" ААКнын башкы директору;
  32. Ниязалиева Дамира Абаскановна, 1960, жумушсуз;
  33. Маркабаев Эрмек Карасаевич, 1979, "Сары Өзөн рыногу" ААКнын директору;
  34. Абдылдаев Кадырбек Жалалович, 1974, "Авто-Миг" ЖЧКсынын башкы директору;
  35. Саматов Жыргалбек Алимбаевич, 1973, жумушсуз;
  36. Молдоева Жибек Эдилбековна, 1992, менеджер;
  37. Досалиев Акуналы Атамырзаевич, 1959, КРдин Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба башкармалыгынын директорунун орун басары;
  38. Жаманаков Талант Жаманакович, 1988, "Глобал строй" ЖЧКсынын генералдык директору;
  39. Иманкулов Эркин Токтаалиевич, 1972, Кайыңды шаарынын мэри;
  40. Казакбаева Асель Саматбековна, 1981, Кыргыз-Россия Славян университетинин окутуучусу;
  41. Жунусалиев Рамис Майрамбекович, 1984, "Көк-Бөрү" федерациясынын кеңешинин мүчөсү;
  42. Исмаилов Каныбек Арзыбекович, 1978, Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты;
  43. Токторов Алмазбек Сатиевич, 1966, ЖК депутаты;
  44. Маратова Наргиза Маратовна, 1990, "Лига трейд" ЖЧКсынын кассири;
  45. Жунушев Жолдошбек Маликович, 1972, "Газторг" ЖЧКсынын генералдык директорунун кеңешчиси;
  46. Жакыпов Мирлан Мустафаевич, 1969, "Берекет-Кен" ЖЧКсынын директору;
  47. Аматбеков Мирлан Төлөнбаевич, 1987, жумушсуз;
  48. Уметова Эльмира Мухамедиловна, 1969, Агротехникалык колледждин бөлүм башчысы;
  49. Нургазиев Эрмек Белекович, 1977, "Эмма Строй" ЖЧКсынын директору;
  50. Молдошев Руслан Алдашевич, 1973, "АЮ Холдинг Ассоциациясы" ЮЖБнин вице-президенти;
  51. Махмануров Абдухолик Абдулхаевич, 1969, жумушсуз;
  52. Матибраимова Венера Райымкуловна, 1965, "Альфа Ширсфилл Аудит" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  53. Таштемиров Садыр Таштемирович, 1971, "Менин үйүм" ЖЧКсынын жетекчиси;
  54. Токтогулов Алмаз Анварбекович, 1980, жеке ишкер;
  55. Кудайбергенов Бактыбек Жапарович, 1962, Чүй облустук улуттук статистикалык комитети башкармалыгынын жетекчиси;
  56. Адылова Сабина Набиевна, 1995, жумушсуз;
  57. Раимбеков Алмаз Болотбекович, 1987, жумушсуз;
  58. Назаров Айтмамат Кошоевич, 1972, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ЖЧКсынын башкармалыгынын төрагасы;
  59. Мырзаканов Кубан Нуржанович, 1971, жумушсуз;
  60. Качкынбаева Касиет Болотовна, 1996, коммерциялык адис;
  61. Сартбаев Канатбек Рыскелдиевич, 1968, Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы;
  62. Бошкоев Жусуп Бейшекадырович, 1962, жумушсуз;
  63. Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович, 1986, Крупская айыл өкмөтүнүн башчысы;
  64. Абдыкеримова Айзада Базаркуловна, 1982, "Аю холдинг" ассоциациясынын АРБ (УЧР) башкармалыгынын башчысы;
  65. Кубанычбек уулу Илимбек, 1995, жумушсуз;
  66. Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич, 1966, ЖК депутаты;
  67. Орозбаев Мирлан Кубатбекович, 1981, жумушсуз;
  68. Мирлан кызы Элайым, 1999, жумушсуз;
  69. Абдырахманов Марс Рысбекович, 1988, жумушсуз;
  70. Сүйөркулов Жээнбек Есенбекович,1967, жумушсуз;
  71. Алымжанов Айбек Орозбекович, 1970, “Жандос” ЖЧКсы;
  72. Исаева Жамиля Кубанычбековна, 1977, жумушсуз;
  73. Нааматбеков Тилек Нааматбекович, 1982, ишкер;
  74. Жумаев Алтынбек Токтомуратович, 1979, Кочкор-Ата шаарынын мэри;
  75. Идрисов Сталбек Мажинович, 1969, жумушсуз;
  76. Султаналиева Айзада Темирбековна, 1985, “АЮ” ЖЧКсынын финансисти;
  77. Каныбеков Кубанычбек Каныбекович,1983,  Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы;
  78. Иманкулов Талай Маданбекович, 1967, жумушсуз;
  79. Матишов Туратбек Чолпонбаевич, 1985, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты;
  80. Алияскарова Сыпаткан, 1957, пенсионер;
  81. Изабаев Умар Даирович, 1965, “Жашылдандыруу” ИПнин башкы адис;
  82. Кумаш уулу Кылычбек, 1990, ЖКнын төрагасынын кеңешчиси;
  83. Мамыралиев Айбек Абасканович, 1981, КРдин Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
  84. Бейшенбекова Гүлмира Абдырашитовна, 1982, “АЮ” ЖЧКсынын ашкана башчысы;
  85. Абдразаков Баястан Кыдыкович, 1972, Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургу;
  86. Сапаров Улан Бектурович, 1985, “Чыгыш Электро” ААКнын генералдык директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары;
  87. Касымбаев Талантбек Алимжанович, 1970, жумушсуз;
  88. Исаева Асылбүбү Абдыкеримовна, 1955, жумушсуз;
  89. Харьковская Ольга Владимировна, 1974, жумушсуз;
  90. Барсукова Юлия Анатольевна, 1985, "Интергласс" ЖЧКсынынт лаборанты;
  91. Асанбеков Кубан Орунбекович, 1976, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” МИнин генералдык директорунун орун басары;
  92. Исаева Чынаркүл Бейшенбековна, 1968, "Талден Дринкс" ЖАКтын башкы бухгалтери;
  93. Лысенко Лариса Николаевна, 1965, “Артезиан” ЖЧКсынын кадр бөлүмүнүн адиси;
  94. Парпиева Дилноз Шукуровна, 1982, жумушсуз;
  95. Домаев Виктор Владимирович, 1960, консультант;
  96. Исаева Салтанат Мурзабековна, 1992, жумушсуз;
  97. Тургунбекова Арина Канатбековна, 1999, магистрант;
  98. Сануева Гулясар Исаевна, 1976, "Винодел" ЖЧКсынын бригадири;
  99. Кубанычбеков Алишер Кубанычбекович, 1985, “Кыргызнефтепродукт РН” ЖАКтын башкы адиси;
  100. Иманкулова Асылкан Сааматовна, 1965, пенсионер;
  101. Садовникова Валерия Викторовна, 1982, КРдин Экономика министрлигинин жетектөөчү адиси;
  102. Енгалычева Асель Альфредовна, 1969, жеке ишкер.
471
Белгилер:
депутат, шайлоо, саясый партия
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка аттангандар. Талапкерлердин тизмеси
"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы
"Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме
Россия  тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин. Архив

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

77
(жаңыланган 18:20 19.09.2020)
Сентябрда Россиянын Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоолорго байланышкан кылмыштарды иликтөөчү бөлүм ачылды.

Өзүнчө бир бөлүм эмнеге түзүлдү? Анын зарылдыгы, мындай иштерди иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде? Тергөөчүлөр кандай билимге ээ болууга жана Россия аскердик даңк белгилеринин чет өлкөдө кордолушуна эмнеге жол бербөөгө тийиштигин Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигине курган маегинде кеңири токтолгон.

— Александр Иванович, жакында эле Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоого байланышкан кылмыштарды иликтей турган жаңы бөлүм түптөлдү. Бул жаңылык маалымат каражаттарында жана социалдык медиада кызуу талкууну жаратты. Мындай бөлүктүн түзүлүшүнө эмне түрткү болду?

— Белгилүү болгондой, Нюрнберг аскердик трибуналы Экинчи дүйнөлүк согуштун себептерин баалоодо маанилүү баскычка айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун тутанышына жана жүрүшүнө жооптуу болгон негизги улутчулдардын жоруктары кылмыштуу деп табылганын эч ким эстен чыгарбоосу абзел.

Анткен менен бүтпөгөн маалымат согушунун шартында өлкө ичинде да, тышта да улутчулдукту калыптандыруу аракеттери арбып барат. Ошондой эле фашизмди жеңүүдөгү РФтин ролу бурмалана бааланып жатканына күбөбүз.

Адилеттүүлүктү калыптандыруу максатында мындай көрүнүштөргө каршы туруу боюнча ишмердикти активдештирүү зарыл. Коомубуздун Мекен коргоочуларынын элесин урматтоого жана тарыхый чындыкты мыйзам менен коргоого умтулуусу эми РФ Конституциясында бекитилди.

— Азыр андай жоруктар кандай жазаланат?

— Улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү (РФ 354.1-бер.) Россиянын Кылмыш кодексинин беренелеринин жоболору эми улутчулдук символиканы жана фашизм идеологиясын жайылтууга аракет кылгандарга карата колдонулат.

Жапжаңы, мисалы, онлайн "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүнө биздин реакциябыз: Россиянын бир катар субъектилеринин тургундары интернет сайттарга улутчулдардын жана Мекендин саткындарынын сүрөттөрүн жарыялашкан.

Кылмыш иштеринин бир бөлүгү аягына чыгып баратат, айрым фигуранттардын иши сотко өткөрүлгөн. Алардын бири, Перьм калаасынын жашоочусу Даниил Симанов соттолуп, 200 сааттык милдеттүү иштерге тартылды. Сот тарабынан берилген бул жаза кылмыштын коом үчүн кооптуу экенине толук жооп берет. Муну Симановго чыгарылган өкүм айгинелеп турат. Ошол себептен, жазык мыйзамынын бул жобосунун кандайдыр жазалоо инструменти катары колдонулушу айрым билдирүүлөр жана концлагерлер менен маңызы жок салыштыруулар баш катырат.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

— Мындай кылмыштарды иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде?

— Кылмыштын бул курамында баары айдан ачык жана жөнөкөй туюлат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Жөнөкөйлүктүн аркасында өз спецификасы жатат. Кылмыш жасоо жагдайларын аныктоодо тарыхый окуяларга карата тигил же бул айтылган сөздүн шайкешсиздик фактысы гана келтирилбейт.

Кеп адамдын кылмышка себебин жана мыйзамга жат аракеттеринин максаттуулугун, ошондой эле кылмыш курамынын объективдүү тарабын аныктоодо. Бул учурда ал СССРдин ишмердиктери тууралуу атайылап жалган маалыматтарды таратуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү берене боюнча алдын ала тергөөнүн айрым өзгөчөлүктөрү, анын спецификасы, ошондой эле иштелип чыккан иликтөө тажрыйбасы Тергөө комитетинде обочолонгон бөлүктү түзүү зарылдыгын жаратты. Өзүнчө иликтенген фактылардын эл аралык мүнөзү да жөндөмдүүлүк жана билимдин топтомун талап кылат. Кейиштүү, бирок бул көйгөй курчуп барат.

— Тарыхты терең талдоону талап кылган оор кылмыштар да болушу мүмкүн эмеспи. Сиздердин кызматкерлер мындайды иликтей алышабы?

— Жаңы бөлүктүн курамына Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү кирет. Ушундай кылмыштарды иликтөөдө алардын тажрыйбасы бар. Бул кызматкерлер, атап айтканда, юриспруденция, эл аралык укук жаатында гана тургай, тарых боюнча да кеңири билимге ээ.

Алар согуштук жана согуштан кийинки архивдик материалдардын чоң көлөмүн талдап, улутчулдардын кылмыштарындагы башка кылмыш иштерин иликтеп, зарыл учурларда окумуштуулардын да жардамын алышкан.

Мындан тышкары, бул иштер боюнча тийиштүү соттук, анын ичинде тарыхый экспертизаларды жүргүзүүнү камсыздайбыз. Дүйнөлүк деңгээлде аныкталган жана таанылган тарыхый фактылар боюнча лексикалык түзүлүшүн баалоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул иш толугу менен кылмыштын бөлүштүрүүчү белгилерин аныктоого багытталат. Ансыз кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.

Тергөөчү Нюрнберг аскердик трибуналынын чечимине негизделген эл аралык укуктун жоболоруна таянат. Анан, албетте, бул жаатындагы иш жарандардын илимий-тарыхый ишмердигине эч кандай таасир этпейт.

Улутчулдарды баатырга айлантуу, алардын адамзатка каршы кылмыштарын кубаттоо, элдин мурасын каралоо (кылмыш жазасына тартылчу иш) – өзүнчө кеп, ал эми негизделген илимий ишмердик жүргүзүү – бөлөк сөз.

Кылмыштарды иликтөөдөн сырткары, жаңы бөлүк координациялык борбордун ролун аткарып, кылмыш иштерин иликтөөдө аймактык тергөө органдарына методикалык-аналитикалык жардам көрсөтөт. Ошону менен катар тергөөчүлөрдүн ишмердиктин бул багытындагы тажрыйбасы жалпылаштырылып, мындай фактыларды баалоодо бекемделген укуктук ык-амалы камсыздалат. Иштин бул багыты менен катар башка кылмыштарды иликтөөлөргө байланышкан артыкчылыктарыбыз мурдагыдай эле көңүл чордонунда каларын белгилей кетейин.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

— Башка мамлекеттерде да улутчулдук идеологияны жайылтууга байланышкан мындай кылмыштар жазык мыйзамы менен каралабы?

— ФРГ Кылмыш кодексинде конституцияга каршы келген уюмдардын үгүттүк материалдарын таркатуу боюнча жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Ошону менен бирге эле квалификациялоочу белгиси "улутчулдук-социализм идеологияларына байланышкан мазмундагы" материалдарды жайылтууга күчөтүлгөн жоопкерчиликти аныктайт.

Израилде кыргынды танууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Беларусь Республикасында улутчулдукту калыптандыруу аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Айтмакчы, ушул тапта Людвигсбургдагы ФРГнын жер юстициясы башкармалыгынын борбордук мекемеси менен кызматташтык жолго коюлууда. Бул кызматташуу мындай кылмыштарды иликтөө боюнча кошумча импульсту берет. Ошол эле учурда Литва, Латвия жана Эстонияда СС бөлүктөрүнүн мурдагы аскер кызматкерлеринин уюмдары кубатталып жатканына күбөбүз. Алардын ишмердигин кезегинде Нюрнберг аскердик трибуналы кылмыштуу деп тааныган. Украинада мектеп окуучуларын жай калкты массалык өлтүрүүгө тиешеси бар улутчулдардын мүрзөсүнө гүлчамбар коюуга алып барышат. Гитлердик Германия менен кызматташкандарды баатыр кылып даңазалашат.

Европада реваншисттер жана неоулутчулдар баш көтөрүүдө. Атап айтканда, алар Австрия, Италия, Испанияда активдешүүдө. Азырынча андай көрүнүштөр бул өлкөлөрдүн жетекчилигин чочулатпайт көрүнөт. Бирок кийин алар коомдун аң-сезимине жаман таасир этиши мүмкүн.

— Чет өлкөлөрдөгү окуялар Россияга кандайдыр таасир эте алабы?

— Улутчулдукту калыптандыруу аракеттери жана Россиянын аскердик даңк символдорун кордоо чет жерлерде да катталууда. Азыркы жазык мыйзамы бизди андай кылмыштарга чара көрүүгө милдеттендирет.

Тергөө комитети Улуттук эстелик украиналык комитетинин төрагасы Владимир Вятровичке карата ишти иликтөөнү улантууда. Ага "октогу" европалык өлкөлөрдүн негизги аскердик кылмышкерлердин соту жана жазалоо үчүн Эл аралык аскердик трибунал чыгарган өкүм менен аныкталган фактыларды системалуу түрдө танышы боюнча айып тагылган. Латвия Республикасынын жараны, "СС Латыш легионунун" ардагери Висвалдис Лациске карата алдын ала иликтөө жүрүүдө.

2017-жылдын ноябрында Ригада анын авторлугу менен "Акыйкат жарыгындагы Латыш легиону" китеби чыккан. Анда "СС Латыш легионунун" полициялык батальону тарабынан жасалган тынч тургундарга каршы аскердик кылмыштарды Лацис туура деп баалаган.

2020-жылдын апрелинде Лацис көз жумду, бирок фигуранттын өлүмүнөн улам кылмыш иши жакын туугандарынын макулдугу менен гана токтотулат. Ошентип, кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Быйыл Чехияда Советтер Союзунун Маршалы Иван Коневдин эстелигин кулатуу фактысы боюнча иш козголуп, иликтенүүдө. Ал Россиянын аскердик даңк символдорунун бири болуп саналат.

Жакында эле дагы бир ошондой эстеликти кордоо фактысы Литва Республикасынын Жежмаряй калаасында катталды. Шаарды куткарууда шейит болгон кызыл армиячылардын топ мүрзөсүнүн жанындагы Кызыл Армиянын жоокерлерине орнотулган эстеликке ошондой мамиле жасалды. Бул жагдайлар Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү чара көрүүгө негиз болуп берди. Азыр бул факты процессуалдук текшерүүдөн өтүүдө.

— Жыйынтыгында эмнеге жетүүнү көздөйсүздөр?

— Биздин милдет — куткаруучу жоокерлердин, тынч тургундардын, улутчулдуктун курмандыктарынын жылуу элесин сактоо. Согуштан алган сабактарды билип, эстей жүрүү чагыбыздагы апааттардын жана катачылыктардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу дегенди туюндурат.

Муну эске алуу менен Тергөө комитетинин Издөө жана архивдик иштерин координациялоо боюнча штабын ачтык. Анын курамына башка мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын ТК борбордук аппараты жана иликтөө органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери кирди. Анын алкагында "Чектөө мөөнөтү жок" долбоору боюнча архивдик, тарыхый-чалгындоочу жана издөө иштери аткарылат.

Согушка жол бергендери үчүн улутчул кылмышкерлерге жана антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнө бирдей жоопкерчилик жүктөө, улутчул кылмышкерлерди жана алардын шыкакчыларын актоо аракеттери тарыхты бурмалоо гана болуп саналбайт. Алар мыйзамга да, моралга да жат, тынчтыкты орноткондордун элесине шек келтирет. Дал ошол себептен, биз тарыхый чындыкты бурмалоого каршы туруп, аны менен бирге кылмыш-укуктук чараларды көрүүгө тийишпиз.

77
Белгилер:
Европа, Россия
Тема боюнча
"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү
Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек учурунда

Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты

323
(жаңыланган 17:17 19.09.2020)
Жээнбеков шайлоо алдында президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок экенин айтып, муну түшүнүү менен кабыл аларын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып, парламенттик шайлоо алдында өзүн сындагандар боюнча пикирин айтты.

“Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат. Мындай кырдаалда президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок. Мени жамандагандар добуш алабыз деп үмүт кылып жатат. Бул дагы саясий ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонушат”, — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: бюджетти тоноп, кызматын пайдаланып байыгандарга аёо болбойт

Ошондой эле өлкө башчы мунун экинчи жагы да бар экенине токтолду.

“30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Депутаттардын санын азайтабыз, пенсияны көбөйтөбүз деп айтып келатышат. Бирок кандай жол менен экенин айткан киши жок”, — деди президент.

Эске салсак, өлкөдө учурда шайлоо кампаниясы жүрүп жатат. Парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болмокчу.

323
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, сын, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Факты болсо, жаза да болот. Жээнбеков добуш сатып алуу боюнча пикирин айтты
Сооронбай Жээнбеков: кудай алдында, өз абийиримдин алдында тазамын
Медработник берет мазок для проведения анализа на Covid-19

Коронавирус жуктургандар менен айыккандар. Кыргызстандагы соңку статистика

35
(жаңыланган 10:42 20.09.2020)
Учурда 566 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат, ал эми 1762 киши үй шартында дарыланууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирус илдетинен 94 адам айыгып чыкты. Бирок ушул эле убакыттын аралыгында 81 кыргызстандык вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 15;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 18;
  • Ош облусу – 8;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 25.

Ушуну менен өлкөдө 41 578 бейтап коронавирусту жеңип чыкты.

Окумуштуулар коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайткан ыкма табышты

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 10;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 19.

Пандемия башталгандар бери коронавирус илештирип алган кыргызстандыктардын саны 45 416га жетти.

Боронов: форс-мажордук абалга даяр болуп, дарыларды камдайлы

Аны менен катары кечээтен бери өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Ал эми 4 медик айыгып ооруканадан чыгарылды, үй карантининдеги 18 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда ак халатчандардын арасында 3 199 учур катталып, алардын ичинен 2 801и ооруну жеңе алган.

Өткөн сутка оорулан көз жумгандар болгон жок. Өлкөдө буга чейин COVID-19 илдетинен ажал тапкандардын саны 1 063дү түзөт.

Учурда 566 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, 1762 киши үй шартында дарыланууда.

35
Белгилер:
оорукана, медик, айыгуу, жуктуруу, статистика, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Көнүп баратат... Коронавирус сезондук оорулардын катарын толукташы ыктымал
COVID-19дан дарылаган препараттар жүрөктү талкалашы мүмкүн. Жаңы иликтөө