Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сурөт

"Чоң казат" партиясынан шайлоого аттангандардын тизмеси

526
(жаңыланган 14:09 09.09.2020)
"Чоң казат" партиясынын тизмесине 82 талапкер кирген. Алардын бардыгынын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Чоң казат" партиясынын тизмесине 82 талапкер кирген.

  1. Мамытканов Максат Суйуналиевич, 1971, "Деньги и Власть" газетасынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
  2. Бекова Алмакан, 1956, "Аруузат-Эл-Куту" саясий партиясынын төрайымы;
  3. Эсенкожоев Улан Шукурбекович, 1977, жоопкерчилиги чектелген коомдун директору;
  4. Эрмекбаев Шамырбек Бегинбаевич, 1960, "Тейит Ысак" ЖЧКсынын директору;
  5. Жапыкеев Сыймык Асылбекович, 1977, КРдин Шахмат федерациясынын вице-президенти;
  6. Султангазиева Анаркуль Аскарбековна, 1971, "Зеленая Энергетика" коомдук фондунун төрайымы;
  7. Шаршеналиев Омурбек Досубакович, 1963, "Досубак" ЖЧКсынын генералдык директору;
  8. Акимов Турат Кудайбергенович, 1962, "Деньги и Власть" газетасынын башкы редактору;
  9. Касымбеков Жаркынбек Орозбекович, 1973, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу;
  10. Махмудова Наргиза Абдилазизовна, 1982, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу;
  11. Рысмендеев Бекжан Базарбаевич, 1990, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн начальниги;
  12. Мусакеев Азамат Аскарбекович, 1977, дыйкан;
  13. Токтогазиев Темирбек Шукурбекович, 1957, "Эхо Манаса" телерадиокомпаниясынын генералдык директору;
  14. Собирова Саида Иброхимовна, 1969, Ош облустук адвокатурада адвокат;
  15. Осмонов Асхат Арысланбекович, 1983, жумушсуз;
  16. Касенов Максат Апышович, 1981, ЖЧКда жумушчу;
  17. Борубашов Бекбосун Ишенбекович, 1955, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде кафедра жетекчиси;
  18. Абдивалиева Райкан Абдижамиловна, 1962, Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик телерадио агенттигинин үн режиссеру;
  19. Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич, 1962, "Агым эстрадалык-фольклордук ансамбли" мамлекеттик ишканасынын директору;
  20. Абдуллаев Музаффар Ташпулатович, 1971, Этникалык кыргыздар ассоциациясынын төрагасы;
  21. Кудайбердиев Абдималик 1950, Өкмөттүн алдындагы спорт мамлекеттик комитетинде директордун кеңешчиси;
  22. Дубанаева Назгүл Курбанбековна, 1984, жеке ишкер;
  23. Кошоев Ахунбай, 1951, "Озкент" ЖЧКсынын башкы директору;
  24. Турсунов Фазильжон Рузибоевич, 1985, жеке ишкер;
  25. Макеев Эмиль Чойимбекович, 1981, "Региональные платежные системы" ЖЧКсынын генералдык директору;
  26. Шакирова Гүлжамила, 1955, КТРК "Кыргыз радиосунда" комментатор;
  27. Жолчиев Алмаз Алибекович, 1976, "Альянс Алтын" ЖЧКсында геолог;
  28. Итибаев Кайрат Жаныбекович, 1982, "Чет элдик инвесторлордун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  29. Карбеков Алимбай Таштанович, 1967, ЖЧКда оператор-монтажер;
  30. Володина Марьяна Юрьевна, 1986, "Добрый доктор" клиникасында ыктыярчы;
  31. Жоошбаев Майрамбек Болотманбетович, 1983, жеке ишкер;
  32. Кулукеев Нурлан Медербекович, 1975, жеке ишкер;
  33. Рыспеков Эркин Аманович, 1987, жеке ишкер;
  34. Тороханова Акчахан Раимбековна, 1962, Жаштар иштери боюнча Жалал-Абад башкармалыгында жетектөөчү адис;
  35. Айдаралиева Таалайкүл Муратовна, 1988, Башкаруу, укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясында мугалим;
  36. Алымбеков Бекмамат Алмазович, 1995, жеке ишкер;
  37. Мураталиев Акылбек Кыдырович, 1957, "Эхо Манаса" телерадиокорпорациясында автордук программанын алып барууучусу;
  38. Сайдаков Айбек Женышпекович, 1987, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында өрт боюнча ага инспектор;
  39. Апылаева Гулифа Кожоевна, 1961, №1 орто мектептин директору;
  40. Сурапов Белек Ысагалиевич, 1985, жеке ишкер,
  41. Тохтурбаев Убайдула Фатуллаевич, 1983, Таэквондо академиясынын (WT) төрагасы;
  42. Ажымамбетов Актан Айылчиевич, 1979, №33 орто мектепте иштейт;
  43. Орозбек кызы Гүлиза, 1990, жеке ишкер;
  44. Кубатов Арген Кубатович, 1995, жеке ишкер;
  45. Осомбаев Жаныбек Шаршембиевич, 1964, Venus Invset ЖЧКсынын генералдык директору;
  46. Орозобеков Бакытбек Чынарбекович, 1977, "Орозобеков Сапарбек" дыйкан чарбасында фермер;
  47. Жусупова Нурзада Аскарбековна, 1979, "РК "Аманбанк" ЖЧКсында котормо бөлүмүнүн адиси;
  48. Омуров Айбек Эркинбекович, 1983, "Studio 35" продакшн студиясынын негиздөөчүсү жана башкаруучусу;
  49. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович, 1974, "Победа" адвокаттар коллегиясында төраганын орун басары,
  50. Токтомбаев Азат Турусбекович, 1992, жеке ишкер;
  51. Мавлянова Сайкал Уезбековна, 1985, "Банк Компаньон" жабык акционердик коомунда насыя боюнча адис;
  52. Апиев Улукбек Ишенович, 1988, жеке ишкер;
  53. Асаналиев Ганы Бекбоевич, 1962, Улуттук илимдер академиясынын Геомеханики жана жер казынасын өздөштүрүү институтунда илимий кызматкер;
  54. Суеркулов Нурис Жумабекович, 1984, Жогорку сотто адис;
  55. Тюменбаева Чолпон Дуйшеевна, 1968, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу;
  56. Закирияев Алишер Бакытович, 1996, жеке ишкер,
  57. Ахметчин Артур Рашидович, "Илим" билим берүү комплексинде музыка боюнча мугалим;
  58. Касымов Бауржан Балтабаевич, 1986, Мамлекеттик нотариуста программист;
  59. Эрматова Алтынай Маматеминовна, 1966, №27 жаза аткаруу мекемесинде медициналык бөлүктүн начальниги;
  60. Кыдыров Сыймык Тилекбаевич, 1987, ""Манас" эл аралык аэропорт"ААКсынын Бишкек филиалыныны атайын көзөмөлдөө бөлүмүндө инспектор;
  61. Доктурбек уулу Бердибек, 1991,  "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасында долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  62. Орзахунов Юлдаш Джумагулович, 1965, жеке ишкер;
  63. Маманова Жазгүл Абдимаматовна, 1987 "Росинбанк" ААКсында кассир-бухгалтер;
  64. Токтогулов Ербол Бекинович, 1983 Чүй ОИИББиндеги айылдык милиция бөлүмүндө качальник;
  65. Ибрагимов Сардор Маликович, 1990, жумушсуз;
  66. Салимов Дилмурод Махамадтажиевич, 1983, "СЭМ Строй" ЖЧКсынын генералдык директору;
  67. Кожобекова Гулшаир Кадырбековна, 1977, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү башкармалыгында башкы бухгалтер;
  68. Рысалиев Кылычбек Сатарович, 1975, "Доминант Альянс" ЖЧКсынын коммерция боюнча вице-президенти;
  69. Койчубек уулу Бактыбек, 1984 "Кара-Балта жол курулуш" ЖЧКсында мастер;
  70. Алыбаев Нурлан Аттокурович, 1980, "Али_Нур2" ЖЧКсынын директору;
  71. Иманкулова Бактыгуль Кожокматовна, 1966, Useful ЖЧКсынын директору;
  72. Орчунов Асхат Даниярович, 1991, жумушсуз;
  73. Жумамидин уулу Алибек, 1991, №15 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медицина кызматкери;
  74. Турапова Дамира Нурматовна, 1976 жумушсуз;
  75. Кошматова Наргиза Тургунбаевна, 1987, "Хамза" орто мектебинде мугалим;
  76. Ниязов Фарход Султанжанович , 1989, "Био Гранд Плюс" ЖЧКсында менеджер-аналитик;
  77. Кривкова Алена Николаевна, 1978, жумушсуз;
  78. Акматалиева Нуржамал Шамшидиновна, 1985 жумушсуз;
  79. Набиева Канзада Абдирасуловна, 1996,жумушсуз;
  80. Ильяев Александр Павлович, 1956, "Берекет" ЖАКында бөлүмдүн начальниги;
  81. Халитов Яркин Масгутович, 1942, "Аскольд" кооперативинин директору;
  82. Юлдашева Анарбү Турсуновна, 1975, Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин алдындагы Чыгармачылыкты өнүктүрүү жана маданият республикалык борборунда координатор.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКнын маалыматында көрсөтүлгөндөй жазылды.

526
Белгилер:
"Чоң казат" партиясы, талапкер, тизме, шайлоо, Жогорку Кеңешке шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме
"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме
"Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме
Киши чөнтөгүндө долларлык купюралары менен. Архив

Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

20
(жаңыланган 10:44 28.09.2020)
Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Ошондой эле жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.

20
Белгилер:
Кыргызстан
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

184
(жаңыланган 09:20 28.09.2020)
Жээнбеков Россия президенти Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

РФке барчу делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

Россияга болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

184
Белгилер:
иш сапар, жумушчу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Сочи, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат
Медициналык кызматкер COVID-19 бейтаптын колун кармап турат

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

0
(жаңыланган 11:34 28.09.2020)
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 46 355 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралык ооруканада дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

0
Белгилер:
каза болду, коронавирус, Ош облусу, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү