Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"Ордо" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме

97
(жаңыланган 11:53 10.09.2020)
"Ордо" саясий партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Бул сапар алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Ордо" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Бул сапар алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

  1. Мияров Мирбек Ибаратович, 1984, "Ордо" саясий партиясынын жетекчиси;
  2. Аттокуров Элдар Эртабылдыевич, 1977, жумушсуз;
  3. Асаналиев Адилет Талантбекович, 1985, "Айт" ЖЧКсынын башкы директору;
  4. Усубалиева Лира Кайыповна, 1968, "Элдик кыймыл: Люстрация" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  5. Абылаев Тимур Замирбекович, 1982, "Ордо" саясий партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси;
  6. Өмүралиев Кенжебек Байжанович, 1967, Бишкектин Ленин районундагы Балдардын спорт мектеби, машыктыруучу;
  7. Керимов Мирлан Ишенбекович, 1984, өкмөттүн аппаратында референт;
  8. Азылова Мээрим Жыргалбековна, 1979, ишкер;
  9. Султанов Марат Сейтбаевич, 1966, жумушсуз;
  10. Өмүракунов Жанарбек Намазбекович, 1974, Көл-Төр айылдык кеңешинин депутаты;
  11. Амангазиев Ильяс Амангазиевич, 1989, жумушсуз;
  12. Медетбекова Гүлбарчын Казымкуловна, 1983, жумушсуз;
  13. Юсупов Рустамжон Абдувалиевич, 1987, Жаштардын республикалык союзунун жетекчиси;
  14. Акаев Замирбек Ишекеевич, 1972, Саламаттык сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун эксперт-дарыгери;
  15. Жусупжанов Аскат Жусупжанович, 1989, жумушсуз;
  16. Шаршембаева Жамиля Бакытовна, 1984, Бишкек шаарынын адвокатурасы;
  17. Сатаров Мелис Бекназарович, 1976, Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти;
  18. Исаков Максат Муктарбекович, 1981, жумушсуз;
  19. 19 Абиров Нурбек Асылбекович, 1977, "Аманбанктын" төрагасы;
  20. Суттибаева Айгерим Кунтугановна, 1988, жабык түрдөгү ДКИБ АКсынын адиси;
  21. Грязнов Геннадий Владимирович, 1959, SKY KG Airlines ЖЧКсынын директору;
  22. Турмалиев Алымбек Бектурсунович, 1963, жумушсуз;
  23. Туркменов Памирбек Шамшидинович, 1988, "Коррупцияга каршы элдик кызмат" КБнын Ош облусу боюнча координатору;
  24. Шарипова Салима Канатбековна, 1950, "Ош" эл аралык альманахы, башкы редактор;
  25. Медеров Султан Октябревич, 1959, "Марка Аудит" ЖЧКсы, башкы директордун кеңешчиси;
  26. Айдаров Бакытбек Анарбекович, 1982, "Нефтегазинжиниринг" компаниясынын башкы директорунун орун басары;
  27. Турдалиев Айбек Чыныбекович, 1978, ишкер;
  28. Чоноева Эльмира Калыбековна, 1965, Бишкек шаарынын адвокатурасы;
  29. Мурзакматов Кубанычбек Абылович, 1988, JK Insolution ЖЧКсынын директору;
  30. Тайгашкаев Руслан Авасканович, 1973, жумушсуз;
  31. Зимин Игорь Викторович, 1962, Санарип академиясынын доценти;
  32. Курманова Тамара Аблабековна, 1957, жеке нотариус;
  33. Тойчубаев Самаган Тойчубаевич, 1983, "Элдик кыймыл: люстрация" коомдук бирикмесинин Сузак району боюнча координатору;
  34. Усенов Аматжан Токтосунович, 1967, "Коррупцияга каршы элдик кызмат" КБнын төрагасынын орун басары;
  35. Жороев Сапарали Идирисович, 1987, жумушсуз;
  36. Мамытова Чынара Рысбековна, 1980, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси;
  37. Сагынбек уулу Кубан, 1984, "Джи Нэт" ТМ Boost компаниясынын директору;
  38. Чымбаев Кошойбек Жумабекович, 1985, "Элдик кыймыл: люстрация" коомдук бирикмесинин Бишкек шаары боюнча координатору;
  39. Садыков Нурлан Берикович, 1960, Конституциялык саясат боюнча институттун директору;
  40. Абдыллаева Гулнара Оморовна, 1959, Электроника жана телекоммуникация институтунун директору;
  41. Мамытов Мирлан Рысбекович, 1976, жумушсуз;
  42. Молдогазиев Өзгөрүш Нурбекович, 1991, жумушсуз;
  43. Биримкулов Изтилеу Сабырбекович, 1980, жумушсуз;
  44. Мамадалиева Зулхумор Абдумаликовна, 1967, ишкер;
  45. Азылов Азамат Нурланбекович, 1985,бакалавр, жумушсуз;
  46. Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович, 1962, жумушсуз;
  47. Асылбеков Куттубек Бообекович, 1957, "Дыйкандар саясий партиясынын" төрагасы;
  48. Сайтбурханова Алмаш Сайтбурхановна, 1997, жумушсуз;
  49. Жапаркулов Урматбек Жанышбекович, 1986, "Тейиш" дыйкан чарбасынын мүчөсү;
  50. Абдрахманов Уланбек Есенгельдиевич, 1974, жумушсуз;
  51. Алыбаев Кубатбек Назарбекович, 1955, жумушсуз;
  52. Калыбекова Сезим Анварбековна, 1983, "Керемет Банктын" Башкаруучуларынын катчысы;
  53. Момуналиев Эрнис Нурбекович, 1980, "Элдик кыймыл: люстрация" коомдук бирикмесинин Бишкек шаары боюнча координатору;
  54. Абдикеримов Ислам Жусубович, 1996, жумушсуз;
  55. Шатенов Жумабек Абазович, 1954, жумушсуз;
  56. Токобаева Айнура Викторовна, 1984, "Золотой поток" ЖЧКсы, инженер;
  57. Дүйшеев Уланбек Буранбекович, 1986, Клиника ROYAL DENT, стоматолог-дарыгер;
  58. Жамбоев Чолпонбек Кубатбекович, 1983, "СарБи" ЖЧКсынын башкы директору;
  59. Лабадзе Артем Григорьевич, 1986, "Райзер техноложи" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  60. Садыкова Рабига Садвакасовна, 1963, жактоочу;
  61. Казиев Эльмар Тологонович, 1967, жумушчу;
  62. Бердалиев Бакир Калимович, 1980, "Түндүк электр" ишканасы, инспектор;
  63. Кудайбергенов Уланбек Асанович, 1977, жумушсуз;
  64. Сейталиева Айзат Ишеналиевна, 1982, Чым-Коргон байланыш бөлүмү, почта жетекчиси;
  65. Өмүркулов Иса Эмильевич, 1995, жумушсуз;
  66. Шакиева Айнагүл Батыркуловна, 1959, "Евродент", стоматолог;
  67. Кочкорбаев Кылычбек Жанибекович, 1987, ишкер;
  68.  Байтелиева Бурулкан Мелисовна, 1986, "Саби Фейшн", дизайнер;
  69. Нуржанов Мухаммед Кавланович, 1991, "Нурмад Компани" ЖЧКсынын башкы директору;
  70. Жаманов Иличбек Кадыркулович, 1970, жумушсуз;
  71. Болжуров Эркинбек Оторбекович, 1958, Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинин фотографы;
  72. Кадырбекова Нуржан Майназаровна, 1980, Монополияга каршы мамлекеттик агенттик, бөлүм башчы;
  73.  Мамыралиев Жайыл Базаралыевич, 1996, жумушсуз;
  74.  Сагынов Талант Эркинович, 1984, "АКСС" коомдук фондунун директору;
  75.  Ерешеев Эрлан Тынычбекович, 1987, "Кыргызстан ишкерлер союзу" деп аталган юридикалык тараптар бирикмеси, аткаруучу директор;
  76.  Жеңиш кызы Элвира, 1976, Санарип академиясынын ага окутуучусу;
  77.  Самаков Мирбек Нурдинович, 1991, жумушсуз;
  78. Өмүров Алмасбек Чотурович, 1971, ишкер;
  79.  Гребенюкова Варвара Сергеевна, 1989, жумушсуз;
  80. Оражанова Элнура Адыловна, 1970, жумушсуз;
  81.  Абдыллаев Данияр Абдыкадырович, 1987, ишкер;
  82.  Мурсакматов Талантбек Тукешович, 1969, ишкер;
  83. Марат уулу Ибраим, 1991, ишкер;
  84. Эсеналиева Жылдыз Шаршенбековна, 1964, "Нур Кенен Кредит" микрокредиттик компаниясы, насыя боюнча адис;
  85.  Мунарбек уулу Максат, 1996, жумушсуз;
  86.  Акматов Улукбек Абдымедалович, 1991, "Вега Операйтинг Компани" ЖЧКсынын оператору;
  87.  Мамбеталиева Жылдызкан Музратпековна, 1991, Манас райондук ЖДПБ, стоматолог;
  88. Чолпонбек уулу Нурсултан, 1991, жумушсуз;
  89.  Жаналиев Кенжебек Бектурович, 1987, жумушсуз;
  90.  Мамбеталиева Насикат Айтбековна, 1989, жумушсуз;
  91. Нуралиева Жайнагүл Эмилбековна, 1994, "Нуралиева Дизайн Студия" ЖЧКсынын башкы директору;
  92.  Бекбоева Аяна Эркинбаевна, 1999, "ОРДО" саясий партиясынын катчысы;
  93. Нурлан уулу Элдияр, 1993, "Айт" ЖЧКсынын технологу;
  94.  Керимова Айгерим Ишенбековна, 1998, жумушсуз;
  95.  Ткаченко Вера Сергеевна, 1978, "Моби Строй" ЖЧКсынын башкы эсепчиси;
  96. Кулмурзаева Айсулуу Куватбековна, 1993, Бакалавр, "ОРДО" саясий партиясынын СММ-адиси;
  97.  Лежебов Рашид Ильясович, 1984, жумушсуз;
  98.  Каримова Зухрахон Ахметовна, 1985, жумушсуз;
  99.  Балыдин Владимир Андреевич, 1993, жумушсуз;
  100. Магаз Салима Арлиевна, жумушсуз.
97
Белгилер:
"Ордо" саясий партиясы, талапкер, тизме, парламенттик шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Чоң казат" партиясынан шайлоого аттангандардын тизмеси
"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме
"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу учуранда

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

66
(жаңыланган 18:46 29.09.2020)
Жээнбеков кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу алаканы күчөтөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Будапешт шаарында президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы жана бир топ тармактардагы алака-катыштар болмокчу.

Эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтер:

  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлиги ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгриянын өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Финансы министрликтеринин ортосунда өз ара байланыш жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Жээнбековдун расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум.

Эске салсак, президент Жээнбеков 28-сентябрда, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө жооп катары жасалган сапары менен барган.

Мамлекет башчы иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, алаканы күчөтөрүн белгилеген.

66
Белгилер:
кызматташуу, меморандум, Будапешт, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Венгрияга барган Жээнбеков Баатырлар аянтына гүлчамбар койду
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
АКШ жана Евробиримдигинин желектери. Архивдик сүрөт

Вакцина канчалык кооптуу: АКШ жооп сурап, Европа түшчү пайдасын эсептеп...

36
(жаңыланган 17:45 29.09.2020)
Британия-швед фармакологиялык компания менен Оксфорд университети иштеп чыккан AstraZeneca вакцинасынын көйгөйү өзүнчө күү алып кетти.

АКШ эки апта мурда алардын аймагында токтотулган сыноолорду кайрадан жандандыруу талабы менен эле калбастан, негизги делген ЖМКлары анын коопсуздугу туурасындагы суроолорду улам берип жатат. Баарынан катуураак CNN телеканалынын кыйкырыгы угулууда. Вакцинанын айланасындагы кырдаал тууралуу Ирина Алкснис ой толгоду.

Белгилүү болгондой, AstraZeneca препаратын клиникалык жактан сыноо эки ирет — июль жана сентябрь айында токтотулган. Ыктыярчы болгон эки адамда адаттагыдан тышкаркы неврологиянын симптомдору байкалган. Анткени менен эки учур тең кишилерге вакцина саюу маселеси менен байланышпаганы, көп өлкөлөрдө, анын ичинен Улуу Британияда улана тургандыгы айтылган эле.

Бирок АКШнын саламаттык сактоо системасынын адистери менен чычканга кебек алдырбаган окумуштуулары анын кыйыр таасири боюнча отчеттордон олуттуу айырмачылыктарды таап чыккан.

AstraZeneca боюнча июлдагы чатакта буга чейин жайылган склероздун тастыкталбаган учуру көрсөтүлгөн. Анткен менен Оксфорд университетинин сайтында ал "неврологиялык түшүнүксүз симптом" катары сүрөттөлгөн.

Экинчи, сентябрдагысында, компания ыктыярчы болгон аялда "түшүнүксүз оору" пайда болгондугун жар салган. Ал эми ички документтерде сейрек кездешкен неврологиялык илдет катары жазылып жүрөт.

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

Жыйынтыгында америкалыктар мындай айырмачылыктар боюнча жөндүү суроо салып жатышат. Ансыз деле вакцинанын ачыктыгы боюнча көп сын-пикирге кабылган AstraZeneca компаниясынын беделин, жаңы препаратына болгон ишенимди, коопсуздукту буга чейинки жаралган карама-каршылыктуу маалыматтар чар учкандай кылды.

AstraZeneca боюнча вакцинага оорунун такыр эле тиешеси жоктур, балким, дал келүүлөр болуп калгандыр. Бирок эмне болгон күндө да муну башын кумга катпай, сыноону токтотуп койбогон америкалык жооптуу кызматтарга бергенге болобу деген бир учурду тактап алуу керектигин талап кылган мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Бул жерде баарынан кызыгы анын шектүү учурларына көз жуумп, сыноону улантууга уруксат берген алардын европалык кесиптештеринин позициясы болууда.

Бирок Евробиримдиктин бийлиги менен компаниянын кылт этип кетчү темадагы каалгыган, "топон суу алса да тоготпогон" мамилесинин себебин жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот.

Жакынкы күндөрү Reuters агенттиги ЕБдин расмий өкүлүнө шилтеме кылып, AstraZeneca Евробиримдик менен вакцина макулдашуусунун алкагында кандайдыр бир иммунитет алгандыгын жазды.

Макулдашууга августта кол коюлуп, маанилүү делген бир катар учурлары эми гана айтылып отурат.

Кеп фармацевттик компаниялар препаратты ЕБге арзан баада берип, бирок колдонгондордо пайда болгон кыйыр таасири үчүн финансылык жоопкерчилик (аныкталган чектен өйдө) тартпагандыгында турат.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Макулдашуунун так масштабы ачыкталган эмес, бирок AstraZeneca дозасы үчүн Европанын 2,5 евро төлөй турганы белгилүү болду. GlaxoSmithKline концерни менен өзүнүн препаратын иштеп чыгып жаткан Франциянын Sanofi аталышындагы фарм өндүрүш компаниясы аны Европага 10 евродон саткан, ал эми буларга иммунитет берилген эмес.

Айтмакчы, эки компания тең ЕБден кайтарылбай турган авансылык төлөмдөрдү алып койгон. 400 миллион доза менен камсыздоо үчүн AstraZeneca 336 миллион евро, ал эми 300 миллион доза үчүн Sanofi 324 миллион евро алган.

Ошентип, келе жаткан массалык эмдөөнүн жүрүшүндө AstraZeneca чындыгында эле адам баласынын ден соолугуна зыян келтирсе, мунун кесепети компанияга тийбей турганы айтылды. Жабырлангандарга компенсацияны улуттук өкмөт берет, тагыраагы, бул акчалар тиешелүү өлкөлөрдүн салык төлөөчүлөрүнүн чөнтөгүнөн кетмекчи.

Аны менен катар эле европалык истеблишменттин эки башка ыкма менен иштелип чыккан бул вакциналарга жасалган мамилеси таң калтырбай койбойт. Социалдык жана саясий манипуляция үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканы түшүнүктүү. ЕБдин кайсы мамлекеттери кандай вакцинаны алат, андан сырткары, өлкөлөрдүн ичине райондордун жакшы, жаманына карата жана андагы жашагандардын деңгээлине жараша кандай бөлүштүрүлөрү абдан кызык болуп турган учур.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

Алардын ден соолугун кооптуулукка кептебеш керек деген тандалган европалыктарга Sanofi дарысы дайыма даяр турат, анын сапатына франциялык компаниялар жооп берет. Демек, анын коопсуздугу менен майнаптуулугуна ишеним бар.

Мындай абалдан алып караганда белгилүү, жогорку даражалуу жарандардын жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцинанын сыноосуна катышкандыгы, россиялык чыныгы кырдаалдын чагылдырылып турушу экзотика катары көрүнөт. Ал тургай дүйнөлүк ЖМКлар россиялык элита көп айлар бою клиникалык сыноодон өтпөгөн препарат менен эмделген деп жазып да жиберишти. Бирок "Спутник-V" вакцинасына коюлган дооматтары менен препарат кооптуу болушу мүмкүн деп айткандары кандайча айкалышары түшүнүксүз.

Кыязы, Батыштын маңдайына Россияга карата "кимдин эмнеси ооруса" деген принцип менен асыла берген адат жазылып калса керек деген ой кетет.

36
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Ресторан. Архив

Пандемиянын мейманкана, ресторан ишине тийгизген кесепети. Сандар

0
(жаңыланган 20:26 29.09.2020)
Министрлик жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен тармактарды атап, сандарды келтирди. Анткен менен августтун жыйынтыгы башкача болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн"
— деп билдиришти аталган министрликтен.

Министрлик аны менен кошо эле жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен башка тармактарды да келтирген.

Былтыркы ушул жылга салыштырмалуу автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун азайышы негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Анткен менен өткөн айларга салыштырганда августта дүң – чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалган.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоунаа менен ташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган. Жалпысынан алганда I кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. Августтун жыйынтыгы менен ушул сектордун көрсөткүчтөрү ушул жылдын июль айынын деңгээлинде калууда.

"Демек, бул аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат", - деп айтылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жаткандыгын экономикалык бяндамадан окуй аласыз.

0
Белгилер:
экономика, кызмат көрсөтүү, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн