Добуш берип жаткан кыз. Архив

"Реформа" партиясынан депутаттыкка ат салышкандар кимдер? Тизме

154
(жаңыланган 20:29 09.09.2020)
"Реформа" партиясынан тизмеге 85 талапкер кирген. Бүгүн алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин жарыялады.

"Реформа" партиясынан тизмеге 85 талапкер кирген. Бүгүн алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

"Реформа" партиясынын тизмеси:

  1. Сооронкулова Клара Сыргабековна, 1969, “Укук мектеби” коомдук бирикмесинин төрайымы;
  2. Маматкасым уулу Мирбек, 1979, жеке ишкер;
  3. Жаныбаев Урмат Тимурович, 1984, ишкер;
  4. Саматов Манас Парманович, 1954, фермер;
  5. Карасартова Рита Рахмановна, 1975, жумушсуз;
  6. Рысбеков Эсен Уланбекович, 1990, "Каймак Продакшн" ЖЧКсынын башкы директору;
  7. Ахматов Тилек Кылычевич, 1978, "BTS Digital, Астана, Казакстан" азык-түлүк экосистемасынын башкы архитектору;
  8. Кокулов Эрулан Калчороевич, 1986, жеке ишкер;
  9. Шекекова Назгүл Аскербековна, 1977, "STRATTON DUSINESS CONSULT@” ЖЧКсынын директору;
  10. Мамасалиева Гульгакы Эшмаматовна, 1971, ОшМУнун доценти;
  11. Нурбаев Эркинбек Русланович, 1992, жеке ишкер;
  12. Жекшеев Азият Жыпарович, 1987, НТС телеканалынын программалык редактору;
  13. Воронина Елена Александровна, 1973, Кыргыз-Орус славян университетинин доценти;
  14. Абдиева Банур, 1967, жеке ишкер;
  15. Сыдыков Эмил Эсенгулович, 1980, “Ника КГ” ЖЧКсынын директору;
  16. Сариев Акылбек Аблабекович, 1962, “Электорат” коомдук фондунун директору;
  17. Абдырахманова Чолпон, 1993, менеджер;
  18. Тукунов Акжолтой Шакирбекович, 1981, “Балыкчы Ак Жол Ынтымагы” коомдук бирикмесинин төрагасы;
  19. Салимов Сарвар Шарабидинович, 1991, жеке ишкер;
  20. Чакиев Азамат Асылбекович, 1973, “Сары-Дөбө” дыйкан чарбасынын мүчөсү;
  21. Абдраимовна Мира Мидиновна, 1976,  Каракол шаарынын Турак жайларды эксплуатациялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси, юрист;
  22. Шамшиев Адылжан Токтосунович, 1983, “Бинго” коомдук бирикмесинин төрагасы;
  23. Асаналиев Эркинбек Эсенович, 1977, “Пир-Саламон” коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  24. Келдибекова Лейла Пархатовна, 1978, “Дино” балдарга билим берүү борборунун директору;
  25. Авазов Курванбек Рахманович, 1970, УКМКнын башкармалыгынын башчысы;
  26. Аксёнова Инна Сергеевна, 1978, Central Asian Bureau for Analytical Reporting (Cabar.asia), журналист;
  27. Сурап уулу Бекмамат, 1995, Кемин райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  28. Аракеев Дастан Медербекович, 1985, визуалдык дизайнер;
  29. Гуронов Саматбек Осмоналиевич, 1982, ТОО BTS Digital,  менеджер;
  30. Султанбекова Алтынай Ильинична, 1978, “Саман Групп” ЖЧКсынын директору;
  31. Саткеев Адилет Осмонович, 1982, “Индиго Тажикстан” ЖЧКсынын директору;
  32. Камалов Мирбек Нурбекович, 1994,  "Youth of Osh" коомдук бирикмесинин долбоордук адиси;
  33. Казакбаев Урматбек Абдыбекович, 1986, “Жарандык бирикме” коомдук фондунун тең төрагасы;
  34. Алымбаева Аида Бирликовна, 1974, эл аралык долбоорлордун консультанты;
  35. Мусуралиев Марат Туратбекович, 1973, фермер;
  36. Маметов Асаналы Салиевич, 1970, “Агро Финанс” ЖЧКсынын башкы директору;
  37. Арипов Атабек Моминжанович, 1992, “Үч-Коргон” жаштар окуу борборунун машыктыруучусу;
  38. Ибраева Мээрим Кенешбековна, 1987, AIM Partners Law Firm, башкаруучу өнөктөш;
  39. Сулайманбеков Тилек Сагыналиевич, 1987, “Юрта Тек” ЖЧКсынын директору;
  40. Сапаев Эдик Рахимжанович, 1985, инженер;
  41. Ко Сергей Климентьевич, 1984, жеке ишкер;
  42. Доган Любовь Алексеевна, 1966, "Космопарк" ЖЧКсынын админстратору;
  43. Жаныкулов Каныбек Шабданович, 1980, “Түндүк электр ” ААКнын улук инспектору;
  44. Сыдыков Бакыт Сыдыкович, 1987, "AirFresh" ЖЧКсынын директору;
  45. Кайназаров Бийназар Алтынбекович, 1978, окутуучу;
  46. Айтахунова Чолпон Алмазбековна, 1990, Борбордук Азиядагы Америка университетинде  окутуучу;
  47. Дүйшөбаев Заирбек Садырбекович, 1975, “Сакура Трансформер” ЖЧКсынын директору;
  48. Урманов Эсенбек Аскарбекович, 1979, "Дахма" ЖЧКсынын башкы директору;
  49. Эшимбеков Нуркан Кадыржанович, 1971, "Бона сенс-здравый смысл" коомдук фондунун төрагасы;
  50. Качиева Жибек Анаркуловна ,1982, "Маданияттар диалогу жана цивилизация" коомдук фондунун аткаруучу директору;
  51. Дөлөтбаев Нургазы Дөлөтбаевич, 1995,  ND Trade and Consulting ЖЧКсынын жетекчиси;
  52. Жакыпов Айбек Рысбекович, 1994, жеке ишкер;
  53. Усманалиева Бурулкан Матиевна, 1977, котормочу;
  54. Шонкоров Матин Вячеславович, 1981, менеджер-фармацевт;
  55. Сыргакбеков Нургазы Сооронкулович, 1965, жеке ишкер;
  56. Сыдыкова Лира Эсенгуловна, 1971, “Вега Тур” ЖЧКсынын генералдык директору;
  57. Сабиров Азамат Таалайбекович, 1993, жумушсуз;
  58. Абылкасым уулу Алманбет, 1990, аналитик;
  59. Зубенко Анна Сергеевна, “Гражданский союз” коомдук бирикмесинин тең-төрагасы;
  60. Аскарбекова Айсулуу Аскарбековна, 1995, жетектөөчү адис;
  61. Абадбек уулу Сагындык, 1992, “Кыргыздипсервис” дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын милдетин аткаруучу;
  62. Мамалатипов Эрлан Акжолович, 1998, жумушсуз;
  63. Төрөкелди кызы Азиза, 1990, ОшМУнун окутуучусу;
  64. Насирдинов Таалай, 1981, “Кыргыз концепт” ЖЧКсынын башкаруучу директору;
  65. Карыпов Мурат Курманбекович, 1988, жумушсуз
  66. Бирюкова Виктория Александровна, 1995, жумушсуз;
  67. Болотбек Темир, 1979, УСТА университетинин кафедра башчысы, профессор;
  68. Арстанбекова Уулбүбү Кутчубаевна, 1997, ишкер;
  69. Абыкеев Муратбек Мыктыбекович, 1961, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу;
  70. Эдилбек уулу Улукбек, 1989, Евразия университетинин окутуучусу;
  71. Назарова Камила Мурзахметовна, 1987, ишкер;
  72. Жаныбек кызы Аида, 1980, “Мото” бизнес борборунун коомчулук менен байланышуу менеджери;
  73. Сайранбаев Марат Жолонбаевич, 1980, жумушсуз;
  74. Касымалиев Болот Абдыбекович, 1982, жеке ишкер;
  75. Насырова Карина Тимурхановна, 1986, “Мир Здаровья” ЖЧКсынын жетекчиси;
  76. Рахманбердиев Самат Кубанычбекович, 1984, “Premium Oil” ЖЧКсынын башкы директору;
  77. Касымов Ядгар Мухтарович, 1988, архитектор;
  78. Тен Андрей Валерьевич, 1982, Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти;
  79. Алабачаева Нарынгүл Кубанычбековна, 1971, бухгалтер;
  80. Калыков Бектур Бактыбекович, 1989, "ВВКЛДТ" ЖЧКсынын директору;
  81. Молдожанов Бакыт Сабырович, 1975, "Мол булак" МФКсынын менеджери;
  82. Фегеле Марина Евгеньевна, 1975, “Интеграция” мүмкүңчүлүгү чектелген жарандарды колдоо КФнун директору;
  83. Жээнтаев Эрнис Аскарович, 1985, "Леди.KG" гезитинин дизайнери;
  84. Мухамедова Луиза Рустамовна, 1989, жумушсуз;
  85. Труханова Ольга Юрьевна, 1990, "Первый детский хоспис" коомдук кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.
154
Белгилер:
"Реформа" партиясы, талапкер, шайлоо, тизме
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

77
(жаңыланган 21:08 26.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш  жарыялаган жаңы кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай койбойт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! "Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын" коркутту. Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга "биз силерге баратабыз" дегендей сөөмөй кезеди.

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: "Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет" деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу "берлиндик бейтаптын" тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду, Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында "Путин! Путин!" деп жапырт кыйкыргандарга "эскертүү" болду окшойт.

Бул "маселени" жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немец тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы. — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

Эмнеге немец гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алгысы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында "шек жаратууну" көздөйт.

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери "уулануу" боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин "даярдыксыздыгы" менен түшүндүрөт. Аларды тек гана "туура багыттоо" зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине "туура" эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи, сенсациялык "фактылардын" чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушу менен да түшүндүрүлөт. Анткени булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык "Лиганын" жеңишинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. "Лигага" байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал Россияга акча которуп турган" дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга "которулганы" деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери "рублди да, матрешканы да" эч ким таба албаганы тууралуу "Лиганын" лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа "саткын" деп жарыялагандарды тегиз тазалоо жана коркутуу менен бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

77
Белгилер:
ЖМК, маалымат каражаттары, Геосаясат, Европа, Россия
Тема боюнча
Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

192
(жаңыланган 16:48 26.09.2020)
Келе жаткан жумада мамлекет башчы иш сапары менен Россияга барат. Маек учурунда Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист мамлекет башчыдан РФ менен бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалай турганын жана өлкө ортосунда эриш-аркак жылындагы пландар тууралуу сураган.

Президент Россия менен иштешүүгө чоң маани берилерин жана учурдагы мамиле эң жакшы экенин айткан.

"Эмки жумада, кудай буюрса, Россияга иш сапар менен барып, Владимир Путин менен жолугушам. Бир катар маселелерди талкуулайбыз. Ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны Бишкекте өттү. Бул эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Кээ бир иш-чаралар, тилекке каршы, абалга жараша токтоп турат. Алардын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Россия менен сүйлөшүп жатабыз", — деген президент.

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

Президент эриш-аркак жылынын жабылыш аземи 2021-жылга жылдырылганын кошумчалаган.

"Кыйынчылыктарга карабастан биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана жумшап жатабыз", — деген Жээнбеков.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам түрдүү мөөнөттөргө жылдырылган болчу.

192
Белгилер:
иш-чара, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, кызматташтык, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

0
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды