Портфелдер. Архивдик сүрөт

"Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлер. Аты-жөнү, кызматы

254
(жаңыланган 13:15 11.09.2020)
"Бир Бол" партиясынан тизмеге 108 талапкер кирген. Тизменин сап башында Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов турат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Бир Бол" партиясынан тизмеге 108 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.

"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме

"Бир Бол" партиясынын талапкерлери:

  1. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович, 1969, ЖК депутаты;
  2. Жолдошев Жоомарт Раимбердиевич, 1982, Жер казынасы жана коммерция боюнча эл аралык третей сотунун Бишкектеги башчысы;
  3. Алимжанов Фарходбек Айбекович, 1988, "Айбек Алимжанов" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси;
  4. Чыныбаева Айжан Адамкалиевна, 1978, "Достук Холдинг" ЖЧКсынын башкы директору;
  5. Асангариев Мирбек Рысбекович, 1982, "Социалдык ишкерлер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башчысы;
  6. Акматбек Руслан, 1977, "Бир Бол" саясий партиясы, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;
  7. Сайдилканов Жодар Разакович, 1977, "INTEGRA Engineering Group", башкы директордун кеңешчиси;
  8. Чекирбаева Зарина Сулаймановна, 1980, "Кыргызстандагы Американын соода палатасы" ассоциациясы, аткаруучу директор;
  9. Кубанов Нурсултан Кубанович, 1992, "Перспектива Стадии" билим берүү борборунда эл аралык бөлүмдүн башчысы;
  10. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич, 1972, ЖК депутаты;
  11. Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, 1975, жумушсуз;
  12. Төралиева Гүлнура Тынчтыкбековна, 1984, Борбор Азиядагы Америка университети, доцент;
  13. Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович, 1981, ЖК депутаты;
  14. Мамбеталиев Рамис Русланович, 1983, "Көк" профсоюздук комитеттин башчысы;
  15. Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович, 1978, Инвестицияны өнүктүрүү жана коргоо агенттиги, жетекчи;
  16. Капарова Чынара Абдылдаевна, 1976, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, журналистика факультетинин кафедра башчысынын орун басары, ага окутуучу;
  17. Рустамбек уулу Советбек, 1976, жумушсуз;
  18. Ажыкулов Темирбек Назарбекович, 1979, Агро өнөр-жай тармагын өнүктүрүү ассоциациясы, аткаруучу директор;
  19. Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, 1984, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  20. Филаретова Екатерина Сергеевна, 1988, ТИМ, экинчи катчы;
  21. Ганиев Махамадшарип Турдалиевич, 1971, Баткен облусундагы "Кыргыз күрөш" федерациясынын президенти;
  22. Мукарамов Асылбек Турабаевич, 1971, "Мухаммед Амин" ЖЧКсынын башкы директору;
  23. Исманов Абдиалим Абдукайымович, 1981, Ош шаарындагы дене тарбия жана спорт комитетинин алдындагы мектеп, машыктыруучу-окутуучу;
  24. Момбекова Бактыгүл Замирбековна, 1978, КТРК, "Спорт" телеканалы, баяндамачы;
  25. Алтымышов Бактыбек Кучкаралиевич, 1989, Мамлекеттик кадр кызматы, жетектөөчү адис
  26. Иманов Акан Эрикович, 1982, Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты;
  27. Арзиев Эсенбек Маматкаримович, 1974, "Азия Пласт" ЖЧКсынын жетекчиси;
  28. Салиева Айгүл Абдижалиловна, 1981, "Дом Строй Групп" ЖЧКсынын жетекчиси;
  29. Исматиллаев Улугбек Нуруллаевич, 1970, Сузак райондук салык инспекциясы, инспектор;
  30. Карапашов Бакыт Шермаматович, 1979, "Баба-Ата" фермерлик чарбасы, жетекчи;
  31. Маматокторов Шаирбек Жусуевич, 1973, Double Art Production KG" ЖЧКсы, жетекчи;
  32. Жумалиева Акбалык Калыевна, 1970, жеке ишкер;
  33. Көчөбаев Муратбек Насырович, 1975, жумушсуз;
  34. Самыкбаев Эсентур Калканович, 1958, Эсеп палатасы, аудитор
  35. Эратов Сайитжан Саматович, 1974, "Береке Констракшн" ЖЧКсы, башкы директор;
  36. Токтоматова Айпери Рахатбековна, 1981, ЖК, катчылык башчысы;
  37. Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович, 1986, "Дыйкан Ордо" ЖЧКсы, бөлүм башчы;
  38. Нажмидинов Дилшод Гуломжонович, 1979, "Партнерство по благо" коомдук фонду, директор;
  39. Калыбеков Мирлан Калыбекович, 1985, Башкы прокуратура, кадрдык резервде
  40. Намазова Бурул Тилековна, 1979, Жогорку Кеңеш, эксперт
  41. Шерипов Нурлан Турганбекович, 1977, АКШдагы Индиана университети, профессор, изилдөөчү;
  42. Курбанов Талайбек Сулайманович, 1981, Ош облусу боюнча салык кызматы, ага инспектор;
  43. Тешебаев Кумарбек Азатбекович, 1985, Жогорку Кеңеште Экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн бөлүмү, эксперт;
  44. Закирова Шаиргуль Адамовна, 1978, "Энактас Кейджи Тимс" коомдук бирикмеси, программалык директор;
  45. Чомоев Нурланбек Саргалтайович, 1978, жумушсуз;
  46. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович, 1989, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты;
  47. Анарбеков Муратбек Анарбекович, 1973, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери;
  48. Төлөн кызы Эркингүл, 1995, Data Lab консалтинг компаниясы, долбоорлоо менеджери, журналист, копирайтер;
  49. Стамов Алтынбек Мамадалыевич, 1980, Жогорку Кеңеш, башкы адис;
  50. Алишеров Айдарбек Сыдыкович, 1979, "Травертин Кей Джи" ЖЧКсы, директор;
  51. Жусупбеков Майрамбек Асанович, 1984, жумушсуз;
  52. Хакимова Наргиза Адылжановна, 1976, "Ош Тазалык" муниципалдык ишканасы, инспектор;
  53. Сагындыков Алмазбек Нурмырзаевич, 1978, Майлуу-Суу шаарындагы социалдык фонд, киреше боюнча башкы адис;
  54. Жунусов Нурланбек Эркинович, 1976, ӨКМ, механизациялоо бөлүмүнүн башчысы;
  55. Чотаев Закир Жеңишбекович, 1976, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, жетекчинин орун басары;
  56. Айыпова Нуржан Сатымбековна, 1985, "Лоджистик Солюшнс" ЖЧКсы, бухгалтер;
  57. Казакенов Эсен Бахтыкалиевич, 1985, жумушсуз;
  58. Омаров Куштарбек Калмаматович, 1982, "Олимп и Ко" ЖЧКсы, жетекчи;
  59. Тагаев Заир Муталович, 1981, Шар айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;
  60. Жунушалиева Аида Базарбековна, 1979, "Детский мир" ЖЧКсы, бухгалтер;
  61. Камытов Жоомартбек Маматкаримович, 1981, жумушсуз;
  62. Амиракулов Нургазы Аттокурович, 1981, Самбо федерациясынын президенти;
  63. Алимбеков Тынарбек Алимбекович, 1992, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы, жетектөөчү адис;
  64. Нурахмедова Умида Абасовна, 1968, № 38 мектеп, орус тил жана адабият мугалими;
  65. Зулунов Акжол Жапарович, 1989, "РСК" банкы, бөлүм башчы;
  66. Адимов Адылбек Акматович, 1987, "МАМ" компаниясы, аткыч;
  67. Самиев Чолпонбай Суюнбаевич, 1992, жумушсуз;
  68. Башманова Марина Юрьевна, 1984, "Спортивный Клуб К-2" ЖЧКсы, пиар жана жарнама менеджери;
  69. Асеин уулу Азамат, 1992, "Талас облустук жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси, координатор;
  70. Камчыбеков Адилет Сабырбекович,1992, Спорт дирекциясы,  параолимпиада боюнча усулчу;
  71. Калыков Маратбек Алимжанович, "Грузотрейд" ЖЧКсы, директор;
  72. Юнусова Хадича Абдумаликовна, КРСУ, окутуучу;
  73. Абдуллаев Адылбек Ганыевич, 1973, "Каркас строй" ЖЧКсы, директор;
  74. Узаков Талантбек Кадырбекович, 1987, майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору, дарыгер-стамотолог;
  75. Абдылдаев Адилет Тилекбекович, 1991, " Скорпион Холдинг  компаниясы" ЖЧКсы, жетекчи;
  76. Өмүрзаков Ашырбек Абдикаримович, 1976, "Абдыкерим-агроном" компаниясы, жетекчи;
  77. Локтева Варвара Олеговна, 1989, жеке ишкер;
  78. Айдаров Бекмамат Камалдинович, 1996, ординатор;
  79. Юмакаева Лютфие Мельсовна, 1990, "Мой телефон" компаниясы,  сатуу бөлүмүнүн башкы менеджери;
  80. Рахманджанов Бахрам Тахирович, 1994, жумушсуз;
  81. Култаева Гүлзина Алимжановна, 1988, жумушсуз;
  82. Яншанло Мадина Юнусовна, 1990, жумушсуз;
  83. Мамбетов Эржан Усөнкулович, 1989, жумушсуз;
  84. Макарова Карина Сергеевна, 1994, жумушсуз;
  85. Юсупова Алина Нурланбековна, 1995, жумушсуз;
  86. Артюхова Анастасия Андреевна, 1995, жумушсуз;
  87. Турков Мунарбек Максатбекович, 1986, Сузак районунун адвокаттык коллегиясы, жактоочу;
  88. Нурмагамбетова Зарина Юнусовна, 1996, "ФЕНИКС ТРЭВЕЛ" ЖЧКсы, маркетолог;
  89. Турдугулов Аскар Нурдунович, 1984, жеке ишкер;
  90. Амирбаева Луиза Шахавидиновна, "Айыл Банк"ААК, башкы адис;
  91. Абдирахимов Жамалдин Гаппарович, 1984, жумушсуз;
  92. Абдрахманова Зарина Таалайбековна, 1991, "Бир Бол" партиясы, кеңсе-менеджери;
  93. Насиров Алмазбек Авазбекович, 1990, жумушсуз;
  94. Годенкова Вера Викторовна, "Весна Кейджи" ЖЧКсы, директор;
  95. Ли Мария Николаевна, "Алай Транс Сервис" ЖЧКсы, менеджер;
  96. Абдиразаков Абдибек Равшанович, 1985, жумушсуз;
  97. Жүрсүн кызы Жаңыл, 1994, жумушсуз;
  98. Касымова Сабина Абдурахимовна, 1994, жумушсуз;
  99. Жаркынбаева Гулзана Адылбековна, "Мэри" кафеси, бармен;
  100. Хасанов Эльдар Равкатович, 1991, жумушсуз;
  101. Макиева Адель Руслановна, 1996, жумушсуз;
  102. Турдиева Рамиля Абдувалиевна, "Интегра Хотел Инвестмент" ЖЧКсы, архитектор;
  103. Прохоров Дмитрий Сергеевич, 1987, жумушсуз;
  104. Патидинова Ситора Мухамедовна, 1995, жумушсуз;
  105. Хамиджанова Гавхарай Мамыровна, 1991, жумушсуз;
  106. Тынар Тулан уулу, 1991, Салык башкармалыгы, стажер;
  107. Магаметова Диана Дилмуратовна, 1995, "INTEGRA Engineering Group" ЖЧКсы, ишкерликти өнүктүрүү боюнча адис;
  108. Абдуллаева Махлиё Мажитовна, 1990, жумушсуз;
  109. Алжанова Айнагүл Асановна, 1954, жумушсуз.
254
Белгилер:
талапкер, шайлоо, депутат, Жогорку Кеңеш, "Бир бол" партиясы
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Реформа" партиясынан депутаттыкка ат салышкандар кимдер? Тизме
"Мекен ынтымагы" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу учуранда

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

63
(жаңыланган 18:46 29.09.2020)
Жээнбеков кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу алаканы күчөтөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Будапешт шаарында президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы жана бир топ тармактардагы алака-катыштар болмокчу.

Эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтер:

  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлиги ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгриянын өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Финансы министрликтеринин ортосунда өз ара байланыш жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Жээнбековдун расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум.

Эске салсак, президент Жээнбеков 28-сентябрда, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө жооп катары жасалган сапары менен барган.

Мамлекет башчы иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, алаканы күчөтөрүн белгилеген.

63
Белгилер:
кызматташуу, меморандум, Будапешт, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Венгрияга барган Жээнбеков Баатырлар аянтына гүлчамбар койду
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
АКШ жана Евробиримдигинин желектери. Архивдик сүрөт

Вакцина канчалык кооптуу: АКШ жооп сурап, Европа түшчү пайдасын эсептеп...

34
(жаңыланган 17:45 29.09.2020)
Британия-швед фармакологиялык компания менен Оксфорд университети иштеп чыккан AstraZeneca вакцинасынын көйгөйү өзүнчө күү алып кетти.

АКШ эки апта мурда алардын аймагында токтотулган сыноолорду кайрадан жандандыруу талабы менен эле калбастан, негизги делген ЖМКлары анын коопсуздугу туурасындагы суроолорду улам берип жатат. Баарынан катуураак CNN телеканалынын кыйкырыгы угулууда. Вакцинанын айланасындагы кырдаал тууралуу Ирина Алкснис ой толгоду.

Белгилүү болгондой, AstraZeneca препаратын клиникалык жактан сыноо эки ирет — июль жана сентябрь айында токтотулган. Ыктыярчы болгон эки адамда адаттагыдан тышкаркы неврологиянын симптомдору байкалган. Анткени менен эки учур тең кишилерге вакцина саюу маселеси менен байланышпаганы, көп өлкөлөрдө, анын ичинен Улуу Британияда улана тургандыгы айтылган эле.

Бирок АКШнын саламаттык сактоо системасынын адистери менен чычканга кебек алдырбаган окумуштуулары анын кыйыр таасири боюнча отчеттордон олуттуу айырмачылыктарды таап чыккан.

AstraZeneca боюнча июлдагы чатакта буга чейин жайылган склероздун тастыкталбаган учуру көрсөтүлгөн. Анткен менен Оксфорд университетинин сайтында ал "неврологиялык түшүнүксүз симптом" катары сүрөттөлгөн.

Экинчи, сентябрдагысында, компания ыктыярчы болгон аялда "түшүнүксүз оору" пайда болгондугун жар салган. Ал эми ички документтерде сейрек кездешкен неврологиялык илдет катары жазылып жүрөт.

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

Жыйынтыгында америкалыктар мындай айырмачылыктар боюнча жөндүү суроо салып жатышат. Ансыз деле вакцинанын ачыктыгы боюнча көп сын-пикирге кабылган AstraZeneca компаниясынын беделин, жаңы препаратына болгон ишенимди, коопсуздукту буга чейинки жаралган карама-каршылыктуу маалыматтар чар учкандай кылды.

AstraZeneca боюнча вакцинага оорунун такыр эле тиешеси жоктур, балким, дал келүүлөр болуп калгандыр. Бирок эмне болгон күндө да муну башын кумга катпай, сыноону токтотуп койбогон америкалык жооптуу кызматтарга бергенге болобу деген бир учурду тактап алуу керектигин талап кылган мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Бул жерде баарынан кызыгы анын шектүү учурларына көз жуумп, сыноону улантууга уруксат берген алардын европалык кесиптештеринин позициясы болууда.

Бирок Евробиримдиктин бийлиги менен компаниянын кылт этип кетчү темадагы каалгыган, "топон суу алса да тоготпогон" мамилесинин себебин жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот.

Жакынкы күндөрү Reuters агенттиги ЕБдин расмий өкүлүнө шилтеме кылып, AstraZeneca Евробиримдик менен вакцина макулдашуусунун алкагында кандайдыр бир иммунитет алгандыгын жазды.

Макулдашууга августта кол коюлуп, маанилүү делген бир катар учурлары эми гана айтылып отурат.

Кеп фармацевттик компаниялар препаратты ЕБге арзан баада берип, бирок колдонгондордо пайда болгон кыйыр таасири үчүн финансылык жоопкерчилик (аныкталган чектен өйдө) тартпагандыгында турат.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Макулдашуунун так масштабы ачыкталган эмес, бирок AstraZeneca дозасы үчүн Европанын 2,5 евро төлөй турганы белгилүү болду. GlaxoSmithKline концерни менен өзүнүн препаратын иштеп чыгып жаткан Франциянын Sanofi аталышындагы фарм өндүрүш компаниясы аны Европага 10 евродон саткан, ал эми буларга иммунитет берилген эмес.

Айтмакчы, эки компания тең ЕБден кайтарылбай турган авансылык төлөмдөрдү алып койгон. 400 миллион доза менен камсыздоо үчүн AstraZeneca 336 миллион евро, ал эми 300 миллион доза үчүн Sanofi 324 миллион евро алган.

Ошентип, келе жаткан массалык эмдөөнүн жүрүшүндө AstraZeneca чындыгында эле адам баласынын ден соолугуна зыян келтирсе, мунун кесепети компанияга тийбей турганы айтылды. Жабырлангандарга компенсацияны улуттук өкмөт берет, тагыраагы, бул акчалар тиешелүү өлкөлөрдүн салык төлөөчүлөрүнүн чөнтөгүнөн кетмекчи.

Аны менен катар эле европалык истеблишменттин эки башка ыкма менен иштелип чыккан бул вакциналарга жасалган мамилеси таң калтырбай койбойт. Социалдык жана саясий манипуляция үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканы түшүнүктүү. ЕБдин кайсы мамлекеттери кандай вакцинаны алат, андан сырткары, өлкөлөрдүн ичине райондордун жакшы, жаманына карата жана андагы жашагандардын деңгээлине жараша кандай бөлүштүрүлөрү абдан кызык болуп турган учур.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

Алардын ден соолугун кооптуулукка кептебеш керек деген тандалган европалыктарга Sanofi дарысы дайыма даяр турат, анын сапатына франциялык компаниялар жооп берет. Демек, анын коопсуздугу менен майнаптуулугуна ишеним бар.

Мындай абалдан алып караганда белгилүү, жогорку даражалуу жарандардын жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцинанын сыноосуна катышкандыгы, россиялык чыныгы кырдаалдын чагылдырылып турушу экзотика катары көрүнөт. Ал тургай дүйнөлүк ЖМКлар россиялык элита көп айлар бою клиникалык сыноодон өтпөгөн препарат менен эмделген деп жазып да жиберишти. Бирок "Спутник-V" вакцинасына коюлган дооматтары менен препарат кооптуу болушу мүмкүн деп айткандары кандайча айкалышары түшүнүксүз.

Кыязы, Батыштын маңдайына Россияга карата "кимдин эмнеси ооруса" деген принцип менен асыла берген адат жазылып калса керек деген ой кетет.

34
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Ресторан. Архив

Пандемиянын мейманкана, ресторан ишине тийгизген кесепети. Сандар

0
(жаңыланган 20:26 29.09.2020)
Министрлик жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен тармактарды атап, сандарды келтирди. Анткен менен августтун жыйынтыгы башкача болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн"
— деп билдиришти аталган министрликтен.

Министрлик аны менен кошо эле жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен башка тармактарды да келтирген.

Былтыркы ушул жылга салыштырмалуу автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун азайышы негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Анткен менен өткөн айларга салыштырганда августта дүң – чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалган.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоунаа менен ташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган. Жалпысынан алганда I кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. Августтун жыйынтыгы менен ушул сектордун көрсөткүчтөрү ушул жылдын июль айынын деңгээлинде калууда.

"Демек, бул аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат", - деп айтылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жаткандыгын экономикалык бяндамадан окуй аласыз.

0
Белгилер:
экономика, кызмат көрсөтүү, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн