Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"Афганистан согушунун ардагерлери" партиясынан шайлоодо ат салышчулардын тизмеси

106
(жаңыланган 20:39 09.09.2020)
"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы" партиясынан тизмеге 78 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» партиясынан тизмеге 78 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» талапкерлердин тизмеси:

  1. Таникулов Адылбек Сасыкулович, 1963, стоматолог;
  2. Еникеев Игорь Анатольевич, 1962, кароолчу;
  3. Султанбеков Муса Тезекович, 1963, жумушсуз;
  4. Ташматова Бегайым Шеримбековна, 1993, студент;
  5. Насирдинова Зарипахон Авазовна, 1981, мугалим;
  6. Алымкулов Абдимажит Көкболсунович, Ош, Баткен облустарынын балыкчылар жана мергенчилер коомунун төрагасы;
  7. Таштанбеков Акбөкөн Дүкөнович, 1963, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы” партиясынын төрагасы;
  8. Касаналиева Жылдыз Остемировна, 1980, "Бипласт" ЖЧКсынын юристи;
  9. Бейшекеев Алмас Мелисович, 1966, жумушсуз;
  10. Яковенко Сергей Михайлович, 1961, жумушсуз;
  11. Мамбеталиев Элдияр Болотбекович, 1992, жумушсуз;
  12. Термечикова Микра Жолдошовна, 1970, улук медайым;
  13. Темирбаева Зейне Сырановна, 1969, врач, уролог;
  14. Макешов Буудайык Кубанычбекович, 1991, жумушсуз;
  15. Ормонов Абдикалил Орунбаевич, 1961, “Арча” ЖЧКсынын директору;
  16. Байтемирова Гүлайым Кудайбердиевна, 1980, адвокат;
  17. Эсенбаев Анас Али Мухаммед Замирбекович, 1992, жумушсуз;
  18. Хайбуллин Ильдус Сагитович, 1962, жумушсуз;
  19. Жумабек уулу Радик, 1976, “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын суу чарбачылыгы боюнча жетекчиси;
  20. Таалайбекова Нуржан Таалайбековна, 1994, жумушсуз;
  21. Ашикеева Анара Калыевна, 1981, жумушсуз;
  22. Жороев Аскарбек Сангимаматович, 1966, жумушсуз;
  23. Шермур Марианна Владимировна, 1973, жумушсуз;
  24. Медербекова Аяна Медербековна, 1993, жумушсуз;
  25. Осоев Нурлан Камбартаевич, 1963, жумушсуз;
  26. Санжарова Евгения Шухратовна, 1972, мугалим;
  27. Түбеев Бекболот Молдобекович, жумушсуз;
  28. Султанкулова Инабад Ташболотовна, 1981, "Бипласт" ЖЧКсынын ресторатору;
  29. Абдуалим уулу Тилек, 1991, “Бакай-Банк”, кассир;
  30. Лиров Исхар Харваевич, 1988, “МД Регион” ЖЧКсынын менеджери;
  31. Нурдинов Шамшидин Шабидинович, 1970, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кафедра башчысы;
  32. Бекишева Наргиза Шерикуловна, 1984, “Аманфарм” ЖЧКсынын менеджери;
  33. Абдыразаков Автандил Жаналиевич, 1967, жумушсуз;
  34. Кулманбетов Сабыржан Асанбекович, 1965, жумушсуз;
  35. Турдыева Диларам Халиловна, 1988, мугалим;
  36. Байтемирова Бегайым Кудайбердиевна, 1989, кассир;
  37. Жолдошев Акылбек Усенбаевич, 1966, өндүрүштүк окутуу мастери;
  38. Кичикенов Нурбек Төрөкулович, 1960, өндүрүштүк окутуу мастери;
  39. Маматов Төлөгөн Абдраимович, 1964, адвокат;
  40. Алдакеева Жылдызкан Мырзажаповна,1967, косметолог;
  41. Салиев Бакытбек Жанбаевич, 1967, жекече ишмердик;
  42. Абдикалил уулу Эдил, 1996, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институту
  43. Юсупов Пайзилла Абдилакимович, 1963, “Ак тайлак-Ата” соода комплекси;
  44. Өмүрзакова Айсулуу Мустафаевна, 1974, “Юн Фын” ЖЧКсы
  45. Коңурбаев Бексултан Жамалбекович, 1988;
  46. Ясынахунов Сардор Хамиджанович, 1987, “КАСААР” ЖЧКсы;
  47. Алдаянов Нурзамат Көчөрович, 1963, “Бипласт” ЖЧКсы;
  48. Асылбек кызы Эльзат, 1989;
  49. Абдимажитов Кабулжан Каратаевич, 1959;
  50. Кабилов Максадбек Халилович, 1967;
  51. Тимур уулу Жакшылык, 1996;
  52. Багишпекова Канышай Тыныстановна, 1986;
  53. Сухорукова Наталья Владимировна, 1976, “Ош Ордо” билим берүү мекемеси;
  54. Акимканов Алмаз Акунович, 1975, “Корки-Кредит” МКК ЖЧКсы;
  55. Жаныбекова Касиет Жаныбековна, 1991, “Бипласт” ЖЧКсы;
  56. Шайлообекова Акбото Шайлообековна, 1996;
  57. Мамадиев Каныбек Абдибурханович, 1968, Сүлүктү шаарындагы №1 орто мектеби;
  58. Зулунбекова Дамира Осмоновна, 1962, ресторан жаатында;
  59. Шаршембиева Айжан Касеиновна, 1985, Бишкек шаарындагы №79 мектеп;
  60. Ахмедов Аким Пулатович, 1952;
  61. Дзусова Виктория Алановна, 1984;
  62. Сайдарматов Нурмухамад Ахмаджанович, 1989, “Бипласт” ЖЧКсы;
  63. Токтобекова Жылдыз Токтобековна, 1999, Эл аралык Борбор Азия университети;
  64. Монкоев Нурланбек Барыктабасович, 1970;
  65. Сулейманова Лиана Мамедовна, 1988;
  66. Давыдов Артем Николаевич, 1987, жумушсуз;
  67. Левина Галина Викторовна, 1986, жумушсуз;
  68. Казыбекова Айсана Казыбековна, 1996, «Бипласт» ЖЧКсынын кассир оператору;
  69. Норузбаев Керимкул Чолпонкулович, 1965, жумушсуз;
  70. Жороев Максатбек Каарбекович,1993, «Оргу» СХКнын фермери;
  71. Өмүрбекова Рахаткан Алыбековна, 1985, жумушсуз;
  72. Ногойбаев Бактыбек Асанбекович, 1965, айдоочу;
  73. Зарлыков Алтынбек Мырзабекович, 1998, "Бипласт" ЖЧКсынын бухгалтери;
  74. Жураев Хикматилло Юлдашбаевич, 1977, жумушсуз;
  75. Асанкулова Асель Эсенбековна, 1975, жумушсуз;
  76. Ибраева Гүлнара Ишеновна, 1979, "Бипласт" ЖЧКсынын укалоочусу;
  77. Асанканов Азамат Барыктабасович, 1971, жумушсуз;
  78. Шабралиева Марал Таалайбековна, 1988, жумушсуз.
106
Белгилер:
"Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы", талапкер, Жогорку Кеңешке шайлоо, тизме, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
"Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлер. Аты-жөнү, кызматы
"Мекен ынтымагы" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме
"Реформа" партиясынан депутаттыкка ат салышкандар кимдер? Тизме
Киши чөнтөгүндө долларлык купюралары менен. Архив

Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

14
(жаңыланган 10:44 28.09.2020)
Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Ошондой эле жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.

14
Белгилер:
Кыргызстан
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

175
(жаңыланган 09:20 28.09.2020)
Жээнбеков Россия президенти Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

РФке барчу делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

Россияга болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

175
Белгилер:
иш сапар, жумушчу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Сочи, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат
Сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

0
(жаңыланган 11:18 28.09.2020)
Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, мессенжерлерде 5-октябрдан тарта салттуу режимде окуу баштала тургандыгы боюнча министрликтин буйругу тарап жатканын айтышкан.

Буйрук "Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Бирок кийинчерээк билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, балдардын качан мектепке барары белгисиз экенин билдирген.

0
Белгилер:
буйрук, министрлик, сабак, бөбөктөр, мектеп, окуу
Тема боюнча
Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши