Жогорку Кеңештеги жумуш орун. Архив

"Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме

254
(жаңыланган 18:23 10.09.2020)
"Ыйман Нуру" партиясы 101 талапкерди сунуштаган. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Ыйман Нуру" саясий партиясынын тизмесине 101 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

  1. Макешов Чыңгыз Дүйшөнкулович, 1976, Борбор Азиялык инвестициялык компания, финансылык талдоочу;
  2. Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович, 1977, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, министрдин орун басары;
  3. Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович, 1991, Бишкек шаардык кеңеши, депутат;
  4. Ашимова Динара Ашимовна, 1973, "Глобал консалтинг" юридикалык компаниясы ЖЧК, адвокат;
  5. Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович, 1992, "Медикс Интернейшнл" ЖЧК, башкы директор;
  6. Эргешов Ильичбек Салыевич, 1975, жумушсуз;
  7. Абдиев Бактыбек Абышевич, 1972, "Авангард Проект" курулуш-долбоорлоо компаниясы, директор;
  8. Тойгоналиева Мээрим Теңчиликовна, 1984, EUPHORIA LUX ЖЧК, башкы директор;
  9. Ташбаев Учкунбек Азизбекович, 1977, жумушсуз;
  10. Бакиров Мамасадык Сабирович, 1967, жумушсуз;
  11. Бактыбаев Нурлан Нурсейитович, 1983, "Берен-Курулуш" ЖЧКсы, башкы менеджер;
  12. Эрмаматова Сюита Эрмаматовна, 1977, "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы, юрист;
  13. Абдурасулов Мухаммед Жеңишбаевич, 1982, "АгроЛига" ЖЧКсы, башкы директор;
  14. Тулебердиев Ренат Темирбекович, 1980, "Манас" ААКы, директорлор кеңешинин мүчөсү (чакыртылып алынды);
  15. Аалыев Алмаз Аалыевич, 1978, Кара-Балта шаардык кеңеши, төрага;
  16. Муратбек кызы Айпери, 1990, жумушсуз;
  17. Пазылов Шумкар Кайрыллаевич, 1985, жумушсуз;
  18. Адилбек уулу Шумкарбек, 1986, КРдин инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, директор;
  19. Момунбеков Нуркан Алтынбекович, 1989, Талас шаардык кеңеши, депутат;
  20. Океева Чынара Ишенбаевна, 1977, Жогорку Кеңеш, эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитеттин сектор башчысы;
  21. Баймурат уулу Бактыбек, 1976, Ош аймактык адвокатурасы, адвокат;
  22. Карыбек уулу Улукбек, 1990, "Марва ТВ", журналист, директор;
  23. Турдукулов Молдожаш Култаевич, 1976, жумушсуз;
  24. Молдоярова Дамира Батыркуловна, 1960, "Кызыл Ордо строй маркет" ЖЧКсы, башкы директор;
  25. Сейтказиев Асхад Каныбекович, 1976, "Ысык-Көл Ресурс" ЖЧКсы, негиздөөчү, башкы директор;
  26. Турдукожоев Кубанычбек Асанбекович, 1961, жумушсуз;
  27. Маматоморов Болотбек Аматович, 1989, Кара-Суу шаардык кеңеши, депутат, фракция лидери;
  28. Ахмедова Назира Махамаджановна, 1979, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы;
  29. Мукашев Эрмек Жайлообаевич, 1979, "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Садов окуу-өндүрүштүк мекемеси" ЖЧКсы, директор;
  30. Бозарбоев Отабек Одилжонович, 1986, WSSCC/UNOPS (Water Supply and Sanitation Collaborative Council) hosted by UNOPS WSSCC/UNOPS (Суу менен камсыздоо жана санитария жаатындагы кызматташтык боюнча бюросу) БУУнун түзүмү, Байкоо кеңешине (директорлор кеңеши) Чыгыш Европа, Батыш жана Борбор Азиядан шайланган мүчөсү;
  31. Токтосун уулу Бердаалы, 1996, "Строй Инвестком" ЖЧК, директордун орун басары;
  32. Усувалиева Инабат Эшановна, 1966, Бишкек шаарындагы №13 мектеп-лицейи, музыка мугалими;
  33. Шатманов Самат Бектурович, 1986, "Аксы Мекенчил жаштары" коомдук кайрымдуулук фонду, негиздөөчү, директор;
  34. Тиллебаев Маматкадыр Сабирович, 1963, жумушсуз;
  35. Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович, 1964, Жогорку Кеңештин аппараты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин эксперти;
  36. Уранбекова Алтынай Уранбековна, 1993, жумушсуз;
  37. Халитов Михаил Гилфанович, 1968, "Ассоциация "Горный кластер" юридикалык жактардын биримдиги мекемеси, президент;
  38. Келдибеков Акылбек Келдибекович, 1984, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Тал айыл кеңеши, депутат;
  39. Бөрүбаев Сапарали Жапарович, 1977, айыл көмөкчү чарбанын кызматкери;
  40. Исакова Мавлюда Шадымановна, 1971, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, башкы адис;
  41. Сарыев Нияз Артыкбаевич, 1987, жумушсуз;
  42. Даанышман Мирлан, 1984, KGstan media-centr, директор, продюсер;
  43. Токторов Канат Арстанбекович, 1985, жумушсуз;
  44. Сыйданова Элеонора Жээнбековна, 1978, Беловодское айылдык кеңешинин депутаты;
  45. Заирбеков Жаныбек Мирланович, 1991, "Ак-Башат" долбоорлоо институту, башкы директор;
  46. Ахматов Баходир Сабирович, 1977, "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсы, башкы адис;
  47. Джапакбаев Эмиль Кадыралиевич, 1981, "Имперв Групп" Юридикалык компаниясы, башкы директор;
  48. Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна, 1986, "Аяр Зат" коомдук бирикмеси, директор;
  49. Ибраимов Нургазы Алымкулович, 1989, "Ибраим-Ата-А.Н." ЖЧКсы, директор;
  50. Дамиров Кубанычбек Дамирович, 1990, жумушсуз;
  51. Темирбаев Дастан Курманбекович, 1991, жумушсуз;
  52. Алымбаева Аселья Урматбековна, 1988, "Аселим" ЖЧК, башкы директор;
  53. Молдокматов Норузбай Рысбайович, 1996, "Алтын-Булак" кайрымдуулук фонду, аткаруучу директор;
  54. Кашкараев Данияр Эрмекович, 1987, "Глобал скай логистикс" ЖЧКсы, башкы директор;
  55. Култаев Гафар Кыргызбаевич, 1987, жумушсуз;
  56. Айдарова Гульнара Манаровна, 1969, Муниципалдык башкаруу органы, квартал башчы;
  57. Жаманаков Алтынбек Бакытбекович, 1985, жеке ишкер;
  58. Кошоев Адилет Нуркамилович, 1982, айылдык кеңеш, депутат;
  59. Юлбасаров Фархат Бахтиярович, 1988, жумушсуз;
  60. Надеина Наталья Владимировна, 1977, Эл аралык "Манас" аэропортунун кызматкерлер профсоюзу, эсепчи;
  61. Керимов Эркинбек Бердикожоевич, 1981, жумушсуз;
  62. Амиралиев Эркин Шарабидинович, 1993, жумушсуз;
  63. Тургунбаев Муктарбек Азимович, 1968, Жалал-Абад шаары, "Логос" окуу борбору ЖЧКсы, директор;
  64. Ураимова Алтынай Сабыровна, 1981, Инвест Консалтинг мекемеси, финансылык кеңеш берүүчү;
  65. Ракишев Мирлан Кубанычбекович, 1970, жумушсуз;
  66. Айти уулу Айбек, 1991, жумушсуз;
  67. Мамытов Бийболот Султанбаевич, 1994, "Сапат Таш" ЖЧКсы, коммерциялык директор;
  68. Латыпова Альфия Минахметовна, 1981, жумушсуз;
  69. Мурзакматов Нурболот Сапарбекович, 1961, Чүй облусу, Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы;
  70. Султанбеков Чынарбек Алибекович, 1984, жумушсуз;
  71. Бопушев Бактыбек Токтосунович, 1984, жумушсуз;
  72. Ашымова Медина Алмазбековна, 1995, “И-Дай-И-Лу” ЖЧКсы, башкы директор;
  73. Оргараев Тынчтык Райымкулович, 1986, Бишкек шаары, Октябрь райондук салык кызматынын адиси;
  74. Син Евгений Иосифович, 1968, жумушсуз;
  75. Субанбеков Исрадин Самидинович, 1993, “Ариан Трейд Сервис” ЖЧКсы, башкы директор;
  76. Еникиева Елена Фидаильевна, 1968, “Интерглаз” ЖЧКсы, лаборант химик;
  77. Досматов Улан Манасович, 1984, юрист;
  78. Искендеров Бактыбек Токтобаевич, 1970, Кадамжай мэриясы, муниципалдык менчик департаменти, директор;
  79. Бейшенбек уулу Талант, 1989, “Новая Азия групп” ЖЧКсы, аткаруучу директор;
  80. Акматалиева Бурма Түлөбаевна, 1965, № 3 орто мектеби, мугалим;
  81. Кожобаев Руслан Курманбекович, 1976, жумушсуз;
  82. Амираев Зиябидин Баатырбекович, 1963, провизор;
  83. Жумабаев Рыскулбек Азимбекович, 1973, Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, окуу-маалыматтык башкармалыктын башчысы;
  84. Төлөнова Калбү Аитмаматовна, 1958, Ноокен району, Жайыттарды пайдалануу ассоциациясынын башчысы;
  85. Сооронбаев Амантур Сооронбаевич, 1997, жумушсуз,
  86. Халмаматов Алишер Нурмахаматович, 1980, “ХАН” жеке ишканасынын башчысы;
  87. Тиленбаев Куттуубек Ырысмаматович, 1985, Саламаттык сактоо министрлиги, дары менен камсыздоо Департаменти, жетектөөчү адис;
  88. Паламарчук Тамара Аркадьевна, 1964, “ЗАМАН” ЖЧКсы, фармацевт;
  89. Тойгонбаева Рыскүл Аманатовна, 1965, Арашан жалпы дарыгерлер практикасы борбору, башкы эсепчи;
  90. Турсунов Элмурад Абдилажанович, 1980, жумушсуз;
  91. Каныбекова Аида Каныбековна, 1994, жумушсуз;
  92. Карымшаков Асан Турусбекович, 1965, Чүй райондук кеңешинин депутаты;
  93. Тажибаева Пазилет, 1950, убактылуу иштебейт;
  94. Шарафудинов Амирбек Улугбекович, 1991, убактылуу иштебейт;
  95. Кененбаева Нурбүбү Саадашевна, 1972, “Экосоциальная гармония” Элдик антикризистик кеңеш, төрага;
  96. Бакирова Алина Мамасадыковна, 1995, “Сенти” финансылык ЖЧКсы, юрист;
  97. Тойчубеков Жыргалбек Сабатарович, 1990, “Тойчубеков” жеке ишканасынын директору;
  98. Бакишова Татина Темирбековна, 1997, “Ыйман нуру” саясий партиясынын SMM-Менеджери;
  99. Степанюк Кирилл Сергеевич, 1976, “Ош Пирим” ТВ, редактор;
  100. Ахматова Гульнора Сабировна, 1965, жумушсуз;
  101. Каныбекова Асел  Каныбековна, 1998, жумушсуз;
  102. Маматкаримова Айнура Шадымановна, 1975, “Кыргыз Медтехника”, товаровед;
254
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, БШК, шайлоо, тизме
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

56
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

56
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

93
Россия чет мамлекеттерге иштеп чыккан вакцинасын массалык түрдө жөнөтпөйт. Анын ордуна башка өлкөлөр менен вакцинанын технологиясын бөлүшүүгө даяр. Бул туурасында Гамалея атындагы институттун директору Александр Гинцбург билдирди.

Учурда Россияда дагы эки вакцина сыноодон өтүп жатат. 2020-жылдын 22-сентябрында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дарыны клиникалык жактан сыноого уруксат берди. Аны Россиянын илимдер академиясы иштеп чыккан. "Вектор" илимий борбору жасаган дагы бир вакцинаны сыноо аяктап бара жатат. Жакынкы чет өлкөлөр россиялык вакцинаны кантип ала алат жана эмне үчүн Россия өзүнүн иштеп чыккан ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин биздин видеодон көрүңүз.

93
Белгилер:
Технологиялар, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, КМШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

90
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

90
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео