Портфельчен адамдар. Архив

"Мекенчил" саясий партиясынан шайлоого кимдер аттанды? Тизме

274
(жаңыланган 18:09 09.09.2020)
"Мекенчил" партиясынын тизмесине 136 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Мекенчил" партиясынын тизмесине 136 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

  1. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, 1968, ЖК депутаты;
  2. Джапаров Сабыр Нуркожоевич, 1964, "Шахта Жыргалаң" ААКсынын башкы директорунун орун басары;
  3. Кумаров Болоткан Советбекович, 1963, "Десерт" ЖАКсында юридикалык маселелер боюнча кеңешчи;
  4. Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна, 1960, "Датка Корпорэйшн" ЖЧКсынын башкы директору;
  5. Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, 1976, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы;
  6. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович, 1958, "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсынын башкы директору;
  7. Зулушев Курманкул Токторалыевич, 1970, ЖК депутаты;
  8. Самат Гульнара-Клара, 1963, ЖК депутаты;
  9. Тагаев Русланбек Таштанбекович, 1977, "Суу-Башаты" ЖЧКсынын директору;
  10. Сабиров Равшанбек Азатович, 1970, Кыргызстан элдер ассамблеясы кеңешинин төрагасынын орун басары;
  11. Аманбаев Бактыбек Абдилашимович, 1969, КРдин мурдагы акыйкатчысы;
  12. Бурканова Клара Оморбековна, 1969, "ГК Ала-Тоо" ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  13. Артыкбаев Айбек Мухтарович, 1975, "Мундуз-Строй" ЖЧКсынын башкы директору;
  14. Ормоков Эрнисбек Абдижалилович, 1981, шаардык кеңештин депутаты;
  15. Токторбаев Жеңишбек Шермаматович, 1968, "Шермухамед" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  16. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, 1969, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу;
  17. Джунушбаев Алмаз Карыбаевич, 1966, жеке ишкер;
  18. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич, 1976, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
  19. Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович, 1960, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия кафедрасынын жетекчиси;
  20. Жээнбекова Гүлназ Камытовна, 1970, жеке ишкер;
  21. Бокоев Азизбек Абдылдабекович, 1994, Талас райондук прокуратурасында адис;
  22. Нышанов Жайлообай Данибаевич, 1968, "Дордой" ассоциациясында жеке ишкер;
  23. Шакиев Жыргалбек Тургунбекович, 1979, "Бийкомпакт" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  24. Асанбаева Гүлнура Жапаровна, 1973, жумушсуз;
  25. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, 1967, "КУБ" ЖЧКсынын директору;
  26. Кыдыкбаев Жаныбек Султанович, 1985, "Омуралиева Галина Жусуповна" жеке ишканасында жетекчинин орун басары;
  27. Калпаев Бактыяр Алиевич, 1993, жумушсуз;
  28. Камбарова Гүлмира Бекеновна, 1960, Сузак райондук китепкананын кызматкери;
  29. Ашимбаев Сабыркул Абасович, 1968, жумушсуз;
  30. Кулматов Эделбек Маматкулович,1982, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы;
  31. Абдувалиев Жолдошбай Бердикулович, 1977, "Сити Групп Компани" ЖЧКсынын башкы директору;
  32. Кадырова Сонунбу Эргешовна, 1966, КТРК журналист, редактор
  33. Букуев Медетбек Омошевич, 1956, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессор;
  34. Жамгырчиев Талантбек Анарбекович, 1982, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  35. Сыдыков Орозбек Кадырбекович,1987, Юстиция министрлигинин Чүй – Бишкек башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  36. Жолдошева Лунара Чаткалбековна, 1978, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн сектор жетекчиси;
  37. Атажанов Кубанычбек Ысламович, 1978, жумушсуз;
  38. Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович, 1978, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  39. Керимбаев Мураталы Топчубаевич, 1984, "Глобальные знания" коомдук бирикмесинин директорунун орун басары;
  40. Абдраева Айгүл Төлөковна, 1964, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу;
  41. Насырбеков Бакытбек Насырбекович, 1985, "Гарант плюс 2013" ЖЧКсында жумушчу;
  42. Каймазаров Таштанбек Турарович, 1966, "Мадина" ЖЧКсында администратор;
  43. Каимов Рамиз Төлөгөнович, 1987, "ТРК "АР ТВ" ЖЧКсында генералдык директор;
  44. Карабаева Канымбу Исираиловна, 1972, КРдин Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү;
  45. Ынтымаков Тимур Ынтымакович, 1991, "Залкар-Банк" ААКсында насыя бөлүмүндө адис;
  46. Нишанбай уулу Таалайбек, №18 кесиптик лицейде мугалим;
  47. Анаркулов Нургазы Сеитказыевич, 1979, "Майдан.kg" редакциялык гезитинин башкы редактору;
  48. Марипова Адинай Мариповна, 1993, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  49. Бакеев Аскарбек Колхозбекович, 1956, жумушсуз;
  50. Баяманов Эркинбек Мусалиевич, 1976, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" парламенттик фракциясынын катчылыгынын бөлүм жетекчиси;
  51. Халиков Хайдарали Холмирзаевич, 1965, жумушсуз;
  52. Кострубова Лариса Александровна, 1985, "Таатан" ЖЧКсында башкы эсепчи;
  53. Айтиев Шухрат Анварович, 1984, Жогорку Кеңеш, Депутаттык фракциянын катчылыгынын сектор жетекчиси;
  54. Аспек уулу Азамат, 1992, жумушсуз;
  55. Мамытов Бабуржан Маматкаримович, 1988, Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик насыя берүүнү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте башкы адис;
  56. Рахматуллаева Манзура Жалалидиновна, 1959, Фергана облусунун Ташлак айылындагы №14 орто мектебинде мугалим;
  57. Орозбаев Жээналы Байсалович, 1969, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мугалим;
  58. Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович, 1992, жумушсуз;
  59. Тажибаев Назырбек Дүйшөбаевич, 1968, "Восток-Испекс" ЖЧКсында менеджер;
  60. Парманова Айсулуу Алламовна, 1993, "Парманова Б.К." жеке ишканасынын директорунун орун басары;
  61. Бактыбек уулу Матен, 1995, жумушсуз;
  62. Сайдуллоев Сидик Муродбаевич, 1958, Райондук санитардык-эпидемиология кызматында эпидемиологдун жардамчысы;
  63. Мамадалиев Мураджон Атамирзаевич, 1983, жумушсуз;
  64. Шермаматов Дастан Жеңишбекович, 1993, Жогорку Кеңеште бөлүмдүн эксперти;
  65. Юлдашева Авринисо Нарзидиновна, 1971, Айдаркен шаарындагы Фирдавси атындагы №7 мектепте баштапкы класстын мугалими;
  66. Толонбаев Санжарбек, 1980, айдоочу;
  67. Курманакунов Ишенбек Тилекович,1990, жумушсуз;
  68. Сыдыков Уланбек Урматович, 1988, жумушсуз;
  69. Дубанбаева Анар Сартбаевна, 1960, "КЕРЕМЕТ" ЖЧКсынын юрист-консультанты;
  70. Абитов Тариель Таштанович, 1972, жумушсуз;
  71. Апазов Адилет Усенович, 1988, Шапак айыл өкмөтүнүн башчысы;
  72. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович, 1971, жумушсуз;
  73. Байганаева Нургул Шаршенбаевна, 1979, АООТ ПСФ "Бишкеккурулуш" ишканасында оператор;
  74. Акматов Рысали Султаналиевич, 1988, Ош ШИИБинин кызматкери;
  75. Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович, 1962, Бишкек адвокаттар коллегиясында жактоочу;
  76. Отунчиев Самат Ооматбекович, 1987, "БЖ Компани" ЖЧКсынын коммерциялык директору;
  77. Исакова Жайнагүл Төлөновна, 1962, М. Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө институтунда директор;
  78. Мамытов Талантбек Алиевич, 1986, "Милан" туристтик фирманын конструктору;
  79. Келдибаев Төлөгөн Кыязович, 1975, Жогорку Кеңеште бөлүм (сектор) башчы;
  80. Сакматова Имараткан Бөрүгуловна, 1964, №5 бала бакчада тарбиячы;
  81. Барамышев Айбек Нуркасымович, 1988, "Барамышев Айбек Нуркасымович" жеке ишканасынын директору;
  82. Дыйканбаев Азамат Абдилазизович, 1987, жумушсуз;
  83. Чуңуров Адилет Зарылбекович, "Водоканал" Бишкек муниципалдык ишканасынын юристи;
  84. Сматова Рыскул Мустапаевна, 1966, Жыргалаң санаторийинде башкы медайым;
  85. Маткеримов Айбек Тураталиевич, 1980, Айылдык кеңештин депутаты;
  86. Уларбек уулу Уланбек, 1987, жумушсуз;
  87. Койчукеев Нурлан Чокоевич, 1969, адвокат;
  88. Токтогулова Сагынбүбү, 1956, жумушсуз;
  89. Эргешов Байгазы Анаркулович, 1987, "НУР Телеком" ЖЧКсында адис;
  90. Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич, 1992 , Юстиция министрлигинде адистин, жетектөөчү адистин, башкы адистин милдетин аткаруучу;
  91. Бечелова Илмира Абилимовна, 1974, жумушсуз;
  92. Норусбаева Айзада Коргонбаевна, 1966, №1 орто мектептин мугалими;
  93. Маткаликов Абдупата Жороевич, 1964,Ош автобазада автоколоннанын башчысы, механик;
  94. Мааданов Марс Жетигенович, 1974, "Кант Курулуш" ЖЧКсынын директору;
  95. Кыдыралиев Шайлообек Алтымышович, 1989, жумушсуз;
  96. Акматова Гүлмира Нуркуловна, 1964, медайым;
  97. Ибраев Мирлан Маратович, 1985, жумушсуз;
  98. Кострубова Вероника Анатольевна, 1962, жумушсуз;
  99. Эсенбай уулу Талантбек, 1997, жумушсуз;
  100. Эсенканова Айзада Сатарбековна, 1969, "Сатар строй компани" ЖЧКсында жетекчи;
  101. Исаев Даирбек Даниярбекович, 1999 жумушсуз;
  102. Малабеков Данияр Турусбекович, 1988, Базар-Коргон райондук администрациясында жаштар комитетинин төрагасы;
  103. Таштанбекова Каныкей Таштанбековна, 1990, "Кыргыз Бетон" ЖЧКсында эсепчи-кассир;
  104. Скрыпникова Ольга Сергеевна, 1990, Бишкек шаары менен Чүй облусунун адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы;
  105. Жээнбекова Айжан Ыбышовна, 1978, "Базико" ЖЧКсында технолог;
  106. Тоотаев Улукмырза Абдилашимович, 1993, жумушсуз;
  107. Доктурбекова Чолпон Доктурбековна, 1997, жумушсуз;
  108. Примкулов Мирланбек Исламбекович, 1989, Түштүк-кыргыз геологиялык экспедицияда инженер-геолог;
  109. Акматова Жаннат Абдрахмановна, 1967, "Кайрат Юг" банкында кассир;
  110. Усупова Аида Алтымышовна, 1975, жумушсуз;
  111. Асанбекова Айымкүл Талгатбековна, 1967, жумушсуз;
  112. Зулушов Рыскул Токторалиевич, 1977, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында жетекчинин милдетин аткаруучу;
  113. Сакматова Венера Бөрүгуловна, 1970, Бишкек шаарындагы №71 орто мектептин мугалими;
  114. Мамытов Бакыт Турсунбаевич, 1982, жумушсуз;
  115. Уметалиев Мирбек Сарылбекович, 1979, жумушсуз;
  116. Макаренко Татьяна Викторовна, 1990, жумушсуз;
  117. Абдуллажанов Махамаджан, 1953, жумушсуз;
  118. Иванченко Ирина Васильевна, 1982, жумушсуз;
  119. Жумалиева Римма Николаевна, 1983, жумушсуз;
  120. Сайпидинов Кабилжон Каримович, 1977, жумушсуз;
  121. Абдухакимов Алимжан Кадирович, 1954, жумушсуз;
  122. Береснева Дарья Сергеевна, 1994, жумушсуз;
  123. Матвеева Анна Александровна, 1991, жумушсуз;
  124. Халбеков Шухратбек Абдулатипович, 1973, жумушсуз;
  125. Хушназаров Абдулхак, 1948, жумушсуз;
  126. Муратова Турсунай Исраиловна, 1973, жумушсуз,
  127. Мамбеталиев Саринжи Адылович,1973, жумушсуз;
  128. Хасанхужаева Манзурахан Курвоналиевна, 1966, №15 мектептин биология мугалими;
  129. Озокеев Айбек Канаталиевич, 1986, жумушсуз;
  130. Гарипов Фарид Хасанович,1984, "Ийгилик" ЖЧКсында прораб;
  131. Тажибаев Марипжан Мамажанович, 1977, жумушсуз;
  132. Модолбаева Азиза Абдраимовна, 1998, жумушсуз;
  133. Жаанбаев Максатбек Жусупбекович, 1985, жумушсуз;
  134. Омуркулов Бакытбек Баташович, 1977, жумушсуз;
  135. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, 1963, жумушсуз;
  136. Тейфуров Расим Захидинович, 1969, жумушсуз;
  137. Кошалиев Адилет Кундузбекович, 1992, жумушсуз;
  138. Жузубалиев Азиз Казыбекович, 1983, жумушсуз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.

274
Белгилер:
"Мекенчил" саясий партиясы, тизме, шайлоо, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

175
(жаңыланган 09:26 22.09.2020)
Жээнбеков чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.

Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.

"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.

Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.

БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы

Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.

"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.

Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?

БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).

Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.

175
Белгилер:
мүчө, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Бириккен Улуттар Уюму
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Президент Сооронбай Жээнбековдун видео кайрылуусу

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

649
(жаңыланган 23:12 21.09.2020)
Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстан туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү суранат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатканда айтты.

Мамлекет башчы коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизгендигин белгилеген.

Кыргызстандын карызы 1 млрд. долларга өстүбү? Министрликтин жообу

"Чоң жыйырмалыкка" жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деген Жээнбеков.

Буга чейин президенттин аппаратынан "тышкы карызды реструктуризациялоо өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүү дегенди түшүндүрөт" деген маанайда айтышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар. Мамлекеттик карыз акыркы жылдары акырындап өсүп бара жатат. Майдын аягында көрсөткүч 4,7 миллиардды чапчыса, кийинчерээк июлда 4,8 миллиардга жетти.

Кыргызстандын ушу тапта канча карызы бар. Акыркы маалымат

Июль айында өкмөт 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө бардык кредиторлор менен эки тараптуу макулдашуу болгонун кабарлаган.

649
Белгилер:
реструктуризациялоо, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

0
Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

0
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, курулуш, курулуш материалдары, Өзгөн
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар