Жогорку Кеңештин имараты. Архив

"Республика" партиясынан депутаттыкка аттанган талапкерлер. Тизме

312
"Республика" саясий партиясынан тизмеге 166 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Республика" саясий партиясынан тизмеге 166 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

  1. Жеенчороев Мирлан Канатбекович, 1980, ЖК депутаты;
  2. Жылкыбаев Узарбек Казиевич, 1974, жумушсуз;
  3. Арипов Назарали Турдалиевич, 1970, жумушсуз;
  4. Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна, 1973, жумушсуз;
  5. Жунус уулу Алтынбек, 1981, ЖК депутаты;
  6. Бокоев Кенжебек Сатымкулович, 1967, Жогорку Кеңеш, депутат;
  7. Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич, 1958, “Кайнар” ЖАКы, директорлор кеңешинин төрагасы;
  8. Молдобаева Гүлнара Аскарбековна, 1971, “Бишкек курулуш” ишканасы, директордун орун басары;
  9. Бердиев Аккулу Тагаевич, 1966, “Север-Югойл” ЖЧКсы, директор;
  10. Таалайбек уулу Чыңгыз, 1980, жумушсуз;
  11. Казакбаев Руслан Айтбаевич, 1967, ЖК депутаты;
  12. Лурова Лейла Хияновна, 1968, LBS MILK Production ЖЧКсы, директор;
  13. Сабиров Максат Эсенович, 1967, ЖК депутаты;
  14. Карыбеков Арзыбек Кенжекулович, 1959, жумушсуз;
  15. Карашев Аалы Азимович, 1968, ЖК депутаты;
  16. Кулинова Лола Абдурахмановна, 1978, "Новый Проект" радио "Волна-ИК" ЖЧКсы, директор;
  17. Нусувалиев Орозбек Токталиевич, 1959, жеке ишкер;
  18. Калматов Токторали Калдарович, 1976, жумушсуз;
  19. Коёналиев Жоошбек Кармышович, 1964, жумушсуз;
  20. Курманалиева Койсун Аблабековна, 1962, жумушсуз;
  21. Турсункулов Кутман Нурланович, 1991, Жогорку Кеңеш, консультант;
  22. Баймуратов Калдарбек Шакирович, 1958, ЖК депутаты;
  23. Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич, 1982, жумушсуз;
  24. Саяк кызы Элзат, 1981, жумушсуз;
  25. Кожобеков Жолдошбек Асанович, 1986, "Инженер Строй Сервис" ЖЧКсы, директор;
  26. Алымбаев Алайбек Анаркулович, 1980, Жогорку Кеңеш, эксперт;
  27. Мидин уулу Канатбек, 1990, жумушсуз;
  28. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна, 1961, жумушсуз;
  29. Сарылдык уулу Илгиз, 1994, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКсы, башкы директор;
  30. Алымкулов Темир Карыпбекович, 1972, "Электротехника" ЖАКы, башкы директор;
  31. Болотканов Кубатбек Болотканович, 1975, "Альянс Алтын" ЖЧКсы, профсоюздук комитеттин төрагасы;
  32. Ивакова Аида Иманакуновна, 1978, ТРК “НТС”, башкы директордун орун басары;
  33. Акматбеков Манас Сулкарнаевич, 1968, “Фрунзе газ” ЖЧКсы, фермердик чарбанын директору;
  34. Мукеев Уланбек Шабырбекович, 1978, жумушсуз;
  35. Шатманов Канатбек Асылбекович, 1970, жумушсуз;
  36. Собурова Жылдыз Канчырбековна, 1975, Жогорку Кеңеш, эксперт;
  37. Баетов Аяз Батыркулович, 1984, Кыргызстандагы Эл аралык университети, кафедра башчысы;
  38. Бактыбаев Рыскул Гыламидинович, 1964, адвокат;
  39. Исанов Алмаз Насирдинович, 1974, Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору;
  40. Урумкалиева Чынара Чалагызовна, 1973, Жогорку Кеңеш, эксперт;
  41. Кудайберген уулу Тилекмат, 1986, жумушсуз;
  42. Таалайбек уулу Жоомарт, 1983, Сары-Булак айыл аймагы, айылдык кеңештин башчысы;
  43. Тынысов Урматбек Аалканович, 1969, Акназаров айыл аймагынын башчысы;
  44. Шейшекеева Гүлнара Санташевна, 1967, “Центр права” коомдук фонду, директор;
  45. Иманалиев Чолпонбек Муратбекович, 1985, жумушсуз;
  46. Исаков Жумадыл Ырысбаевич, 1960, жумушсуз;
  47. Дамир уулу Максатбек, 1985, жумушсуз;
  48. Кынадбекова Нургул Кынадбековна, 1990, Жогорку Кеңеш, ага консультант;
  49. Исаков Эсенгул Байдалиевич, 1955, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси, башкы адис;
  50. Карабаев Самат Эшполотович, 1990, Ош шаары, Ломоносов атындагы №3 орто мектептин мугалими;
  51. Жакыпов Алмаз Назармаматович, 1985, Өзгөн райондук адвокатурасы, адвокаттын жардамчысы;
  52. Нурматова Анара Шакарбековна, 1977, “Лайн-Стиль” кыргыз-өзбек биргелешкен ЖЧКсы, директор;
  53. Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 1969, Бишкек шаардык кеңеши, депутат;
  54. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич, 1994, Джиу-джитсу улуттук федерациясы, президент;
  55. Толкумбаева Атыркүл Бердугуловна, 1962, жумушсуз;
  56. Таалайбек уулу Анарбек, 1993, райондук суу чарба башкармалыгы, I категориядагы инженер;
  57. Чертанов Эркинбек Канжарбекович, 1993, жумушсуз;
  58. Аскербек уулу Автандил, 1978, жумушсуз;
  59. Эралиева Мира Сулаймановна, 1979, жумушсуз;
  60. Энназаров Мирлан Арзыкулович, 1966, жумушсуз;
  61. Мамбетов Джамаке Джанышович, 1959, "Эрбак" ЖЧКсы, төрага;
  62. Ульмасов Анвар Абдуталипович, 1961, жумушсуз;
  63. Рысбаева Жамал Рысбаевна, 1979, жумушсуз;
  64. Нематжонов Расулжон Ахматжонович, 1984, жумушсуз;
  65. Алтымышев Тынчтыкбек Жусупбекович, 1983, жумушсуз.
312
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, БШК, "Республика" СП, талапкер, тизме
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

78
(жаңыланган 21:08 26.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш  жарыялаган жаңы кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай койбойт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! "Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын" коркутту. Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга "биз силерге баратабыз" дегендей сөөмөй кезеди.

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: "Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет" деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу "берлиндик бейтаптын" тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду, Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында "Путин! Путин!" деп жапырт кыйкыргандарга "эскертүү" болду окшойт.

Бул "маселени" жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немец тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы. — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

Эмнеге немец гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алгысы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында "шек жаратууну" көздөйт.

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери "уулануу" боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин "даярдыксыздыгы" менен түшүндүрөт. Аларды тек гана "туура багыттоо" зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине "туура" эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи, сенсациялык "фактылардын" чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушу менен да түшүндүрүлөт. Анткени булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык "Лиганын" жеңишинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. "Лигага" байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал Россияга акча которуп турган" дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга "которулганы" деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери "рублди да, матрешканы да" эч ким таба албаганы тууралуу "Лиганын" лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа "саткын" деп жарыялагандарды тегиз тазалоо жана коркутуу менен бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

78
Белгилер:
ЖМК, маалымат каражаттары, Геосаясат, Европа, Россия
Тема боюнча
Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

192
(жаңыланган 16:48 26.09.2020)
Келе жаткан жумада мамлекет башчы иш сапары менен Россияга барат. Маек учурунда Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист мамлекет башчыдан РФ менен бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалай турганын жана өлкө ортосунда эриш-аркак жылындагы пландар тууралуу сураган.

Президент Россия менен иштешүүгө чоң маани берилерин жана учурдагы мамиле эң жакшы экенин айткан.

"Эмки жумада, кудай буюрса, Россияга иш сапар менен барып, Владимир Путин менен жолугушам. Бир катар маселелерди талкуулайбыз. Ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны Бишкекте өттү. Бул эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Кээ бир иш-чаралар, тилекке каршы, абалга жараша токтоп турат. Алардын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Россия менен сүйлөшүп жатабыз", — деген президент.

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

Президент эриш-аркак жылынын жабылыш аземи 2021-жылга жылдырылганын кошумчалаган.

"Кыйынчылыктарга карабастан биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана жумшап жатабыз", — деген Жээнбеков.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам түрдүү мөөнөттөргө жылдырылган болчу.

192
Белгилер:
иш-чара, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, кызматташтык, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

0
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды