Кыргызстан менен Тажикстан жакын арада чек ара маселесин чечет

© Фото / пресс-служба МИД КРДвусторонняя встреча МИД КР Ч.Айдарбекова с МИД РТ С.Мухриддином в Москве
Двусторонняя встреча МИД КР Ч.Айдарбекова с МИД РТ С.Мухриддином в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Москвада КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандагы кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.

Белгилей кетсек, Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери күн тартибиндеги негизги, актуалдуу маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле алар чек ара кызматташтыгын бекемдөөнү белгилеп, чагымчылдык аракеттерди көзөмөлдөө темасына токтолушкан.

"Тараптар коронавирустан улам кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун сүйлөшүүсүнүн убактысы улам жылып жатканы өкүнүчтүү экенин белгилеп, жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү зарылдыгын айтышты", — деп кабарланган маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда авиакаттам жанданат

Министрлер аймактык кызматташуудагы актуалдуу маселелерди да талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0