Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке аттангандар. Тизме

1291
(жаңыланган 12:37 11.09.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Акыркы болуп катталган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан тизмеге 120 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана ээлеген кызматын сунуштайбыз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.

Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлери:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, 1965, жумушсуз;
  2. Суваналиев Өмүрбек Исакович, 1960, Коопсуздук кеңеши, катчынын орун басары;
  3. Масалиев Исхак Абсаматович, 1960, жумушсуз;
  4. Саттарова Айгүл Эркебаевна, 1985, жумушсуз;
  5. Сманбеков Темирлан Камашович, Б. Кыдыкеева атындагы театр, директор;
  6. Тилектешов Улукбек Тилектешович, 1993, жумушсуз;
  7. Асанов Курсан Сатарович, 1966, жумушсуз;
  8. Нарматова Орозайым Кочконбаевна, 1994, жумушсуз;
  9. Ибраев Саматбек Кулукеевич, 1965, ЖК, депутат;
  10. Малабаев Медербек Муратбекович, 1991, Байланыш жана технология мамлекеттик комитети, адис;
  11. Жамалдинов Зиядин Исламович, ЖК, депутат;
  12. Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна, 1979, "Интерчейндж Кочкор-Ата" ЖЧКсы, директор;
  13. Домшенко Олег Леонидович, 1970, жумушсуз;
  14. Момунов Акат Акынович, 1969, жумушсуз;
  15. Акматов Айданбек Акматович, 1967, жумушсуз;
  16. Өмүшова Замира Анарбаевна, 1977, жумушсуз;
  17. Сапарбаев Эрлан Турдакунович, 1975, Россиядагы улуттук изилдөө университети, аспирант;
  18. Айтбаев Акыл Казакович, 1965, Ш. Мусакожоев атындагы инновациялык академия, доцент;
  19. Мусаев Люшер Лажапович, 1986, жумушсуз;
  20. Айдарова Айгүл Абдисаламовна, 1989, Чүй ОИИБ, тергөөчү;
  21. Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич, 1949, жумушсуз;
  22. Разыков Рахманжан, 1955, жумушсуз;
  23. Жайчиев Эмиль Аканбекович, 1976, жумушсуз;
  24. Акматова Венера Сайпидиновна, И.Арабаев атындагы педагогикалык окуу жайы, доцент;
  25. Болуш Уран, 1983, Кыргы-Канада соода палатасы, директор;
  26. Матмусаев Жанышбек Мырзабекович, 1975, ИИМ, пенсионер;
  27. Осмонов Малик Калылович, 1957, жумушсуз;
  28. Кожокулова Айнагүл Акматкуловна, 1963, "Бишкексвет" ишканасы, экономист;
  29. Темиров Абыдин Салайдинович, 1968, "Агро Ала-Тоо" ЖЧКсы, директор;
  30. Берикбаев Санжарбек Турдукулович, 1969, Барпы атындагы Жалал-Абад театры, директор;
  31. Мирбек Мунарбек уулу, 1994, "Ала-Тоо инженеринг", башкы директор;
  32. Эшеналиева Назгуль Арстановна, 1974, жумушсуз;
  33. Арапбаев Руслан Арапбаевич, 1988, "Кызыл-Кыя Сууканал" ишканасы, юрист;
  34. Алиев Ибрагимбек Махмадшоевич, Улуттук онкология борбору, дарыгер-онколог;
  35. Токсобаев Жолдошбек Осмонбекович, 1960, жумушсуз;
  36. Токоева Канчайым Канатбековна, 1962, Балдардын көркөм өнөр мектеби, директор;
  37. Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич, 1979, жумушсуз;
  38. Сатаркулов Бакыт Советбекович, 1964, "Ботаб" ЖЧКсы, башкы директор;
  39. Довлотов Сейитбек, 1958, "Юринформ" адвокаттар коллегиясы, жактоочу;
  40. Бараканова Салтанат Нурудиновна, 1959, ЖК, социалдык маселелер боюнча комитети, эксперт;
  41. Бейшенбеков Турсунбек Бейшенбекович, 1990, жумушсуз;
  42. Болушов Жеңиш Акматалиевич, "Болуш-Ахмадали" кайрымдуулук фонду, директор;
  43. Осмоналиев Марс Мукашевич, 1960, жеке ишкер;
  44. Кожоева Ибадат Абдыразаковна, 1962, "Жаачылар" коомдук бирикмеси, жетекчи;
  45. Шерматов Батырали Ташбаевич, № 9 үй-бүлөлүк медициналык борбору, укалоочу;
  46. Сабырбеков Темирбек Сабыржанович, 1962, жумушсуз;
  47. Абдувалиев Алишер Муктаралиевич, 1986, ЖК, депутат;
  48. Алибаева Айгерим Абдижалиловна, 1994, жумушсуз;
  49. Булашбаев Жолдошбек Осмоналиевич, 1982, жумушсуз;
  50. Муратбек уулу Азамат, 1993, "Кош-Дөбө" коомдук бирикмеси, жетекчи;
  51. Наргозуев Бегалы Молдогозуевич, 1961, "Авиакомпания Аман эйр" ЖЧКсы, президенттин кеңешчиси;
  52. Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна, 1979, ОшМУ, юридикалык факультет, доцент;
  53. Маматаев Улукбек Калмаматович, 1974, жумушсуз;
  54. Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич, 1986, жумушсуз;
  55. Осмонов Илгиз Сапарбаевич, 1990, "Осмонов жана Ко" ЖЧКсы, башкы директор;
  56. Мишина Ирина Витальевна, 1977, жумушсуз;
  57. Закиров Жолу Абдуллаевич, 1965, жумушсуз;
  58. Ражапов Неъматилло Абдурахманович, 1966, жумушсуз;
  59. Тиркешов Медетбек Суеркулович, 1975, жумушсуз;
  60. Маматова Динора Турдиалиевна, 1980, жумушсуз;
  61. Таиров Шайырбек Азимжанович, 1980, жумушсуз;
  62. Хамраева Гулжамал Елемесовна, 1970, жумушсуз;
  63. Касымалиев Досубек Кожобекович, 1958, жумушсуз;
  64. Измайлова Рамиля Халитовна, 1975, жумушсуз;
  65. Мырзакматов Улан Кенжебекович, 1992, жумушсуз.
1291
Белгилер:
тизме, талапкер, шайлоо, саясый партия
Тема:
Шайлоо-2020 (170)
Тема боюнча
"Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлер. Аты-жөнү, кызматы
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

23
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

23
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Тоолуу Карабахтагы талкаланган үй жана автоунаа

Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү

38
(жаңыланган 23:18 01.10.2020)
Согушта контрпропаганда адатта душмандын ындынын өчүрүү (деморализациялоо) үчүн анын жоготууларын көбүртүп-жабыртып, өз ийгиликтерин күчөтүп көрсөтүү ыкмасы менен пайдаланылат.

Ошентсе да Азербайжан жана Армениянын Тоолуу Карабахтагы куралдуу тиреши мурункусунан кабарлардын ушунчалык көптүгү, анан да жарыяланар замат дээрлик дароо экинчи тараптын төгүндөөсү чыкканы менен айырмаланат. Бул эл аралык байкоочуларга кырдаалды талдоону кыйындатууда, Баку менен Еревандын кандай гана расмий билдирүүсү болбосун шек жаратпай койбойт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар жаңжалдын алкагында "алоолонгон" маалымат согушуна сереп салды.

Согуштук аракеттер тутанган сентябрь ичиндеги бир нече күнүндө эле шектүү сандар, фактылар, бүдөмүк эпизоддор өтө көп болуп кетти. Мисалга, Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 49 азербайжандык учкучсуз учак атып түшүрүлүп, бирок бир гана аппараттын сыныктарынын сүрөттөрү жарыяланган.

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги армениялык 18 учкучсуз аппарат атып түшүрүлүп, 80 танк жана ички курамдын бүтүндөй полку (эки миңдин тегерегиндеги киши) жок кылынганын маалымдаган.

Армения жана Азербайжан таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын аймагындагы согуштук-саясий олку-солкулуктун өткөн он жылдыгында болгону 20 чакты учкучсуз аппаратынан айрылышкан.

Фронт боюнча позициясы бир топ чакырымга созулган армян полкун ыкчам жок кылуу үчүн жапырт жабыркатуучу курал талап кылынат. Ал ортодо Армениянын Коргоо министрлиги 790 азербайжан жоокери жок кылынгандыгы боюнча кабарлады.

Эгер ушундай жоготууларга дуушар болгондору анык болсо, анда мындай ыргак менен эки армия тең кышка жетпейт. Эске салсак, мобилизациялоого дейре Азербайжандын 65 миңден 125 миңге чейинки жоокери болгон. Армения жана таанылбаган Тоолуу Карабахтын 65 миңге чейинки аскер кызматкери бар.

Карабахтагы абал жана учкучсуздарды пайдалануунун "сириялык" тажрыйбасы

Су-25 чабуулчусуна каршы F-16 истребители

Армениянын Коргоо министрлиги 29-сентябрда түрк Аскердик аба күчтөрүнүн F-16 истребители азербайжандык Гянжа аэродромунан абага көтөрүлүп, Варденис районунда армениялык Су-25 штурмовигин атып түшүргөн.

Учкуч майор Валерий Данелин набыт болгон. Учактын сыныктарынын сүрөттөрү жарыяланган, бирок андан кырсыктын себептерин аныкташ татаал. Армениянын аскердик мекемеси согуштук аракеттерге түркиялык күчтөрдүн катышынын дагы толук далилдерин көрсөтүүнү убада кылууда.

Азербайжан жана Түркия ал сокку туурасында маалыматты четке кагууда. Баку согуштук авиацияны пайдаланбагандыгын айтууда. Президенттин жардамчысы Хикмет Гажиевдин маалыматына таянсак, армениялык эки Су-25 тоого барып урунган. Армения жана башка мамлекеттерде аба шарттарынан улам көрүнбөгөн учурларда мындай кырсыктар болуп келет.

Учак техникалык жактан эскилиги жетип же армениялык абадан коргонуу каражаттарынан капыстан тийген октон кулаган болушу да ыктымал. Эгер армениялык Су-25 душман тарабынан атып түшүрүлсө, республиканын Коргоо министрлигинин адистери түркиялык F-16 истребителинин учушун кантип көрүштү? Эмнеге жок дегенде Гянжада жайгашкан аэродромго сокку менен жооп кайтарган эмес? Булардын баары түкшүмөл ойлорго түртөт.

Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 30-сентябрдагы журналисттер менен жолугушуусунда Азербайжанга (жана F-16га) каршы Су-30СМ жана ОТРК "Искандер" истребителдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түз жооп берүүдөн качты.

Россия жана дүйнөлүк коомчулуктун көп өлкөлөрү Баку менен Ереванды окту тезинен токтотууга чакырууда. РФ президенти Владимир Путин 29-сентябрда армениялык премьер-министр Никол Пашинян менен болгон сүйлөшүүсүндө жаңжал чыккан аймактагы согуштук аракеттерге тынчсызданганын билдирип, куралдуу тирешти токтотуу керектигине басым жасады. Зарыл болсо РФ президенти Владимир Путин азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен да сүйлөшмөкчү.

38
Белгилер:
Аскер, курал-жарак, Россия, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео
Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты