ЖК депутаттары сентябрда жыйынга чогулбаса да маяна алары белгилүү болду

Жазылуу
Парламентарийлердин бир айлык эмгек акысына республикалык бюджеттен 4 миллион сомдун тегерегинде бөлүнөт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айындагы маянасын толугу менен алат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Faceook баракчасына жазды.

Анын айтымында, "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жана Регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык, ЖК депутаттары жаңы чакырылыштагы депутаттар ант берип кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алат.

“Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби деген сөздөр да айтылууда. ЖК депутаттары  шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган.  Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда ЖКнын кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы жаралса, алар 24 сааттын ичинде чогулууга даяр”, — деди Нуракун уулу.

Мандат алган 7 депутат парламентте ант берип, кызматына киришти

Ошондой эле ал парламенттин бардык чыгымдары мыйзамдарда белгиленген нормалар менен гана жүргүзүлөрүн дагы баса белгилеп айтып өттү.

Белгилей кетсек, ЖК депутаттарынын бир айлык эмгек акысына бюджеттен 4 миллион сомдун тегерегинде бөлүнөт. Март айында коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке айлык маянасын которушканда 3,9 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0