Жогорку Кеңеште отурумда отурган депутат. Архивдик сүрөт

Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама

422
(жаңыланган 13:06 14.09.2020)
4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бирок белгилүү бир шартта айрым талапкер мандат ала албай калышы мүмкүн. Кайсы учурлар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги териштирип көрдү.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Талапкерлерге айрым учурда Жогорку Кеңештин мандаты берилбей калышы да ыктымал. Sputnik редакциясы "Президентти жана Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдын негизинде мындай учурларга көз чаптырып көрдү.

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Алгач талапкерлерге коюлган талаптарды карап көрөлү:

  • шайлоо күнү эң жаш талапкер 21 жашка толушу керек;
  • КР жараны болушу шарт;
  • башка мамлекеттин жараны болбошу керек;
  • бир талапкер бир гана тизмеге кире алат;
  • соттун өкүмү күчүнө кирип, абакка киргизилгендер же сот тарабынан акыл-эси кем деп табылгандар талапкер боло албайт;
  • эгер соттолгон болсо, тиешелүү мезгил өтүшү керек. Мында кылмыштын оор-жеңилине, беренесине карап убактысы белгиленет.

Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады

Бирок талапкер тизмеден шайлоого чейин эле чийилип калышы мүмкүн. Мында өзү арыз берсе же партия чечим кабыл алса (шайлоого чейин кеминде 5 күн калганда), болбосо айыптоочу өкүм күчүнө кирсе депутаттыкка талапкер боло албайт.

Эмне үчүн мандат ала албай калышы мүмкүн?

Эң эле жөнөкөйү — партия шайлоо босогосунан өтө албай калса. Мыйзам боюнча партия жалпы добуштун 7, ар бир облус менен Бишкек, Ош шаарларында 0,7 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу шарт.

Экинчи себеби — эгер көпчүлүк добуш партияларга эмес, "баарына каршы" деп берилген учурда. Бул учурда кайра шайлоо жарыяланат.

Үчүнчү себеби — эл өкүлү болуп шайланган талапкер үч күндүн ичинде БШКга буга чейинки кызматынан кеткени тууралуу арыздын бир нускасын алып келип бериши керек. Эгер мурунку жумушунан кетпесе, мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет.

Дагы бир себеби — талапкерге жөн гана кезек жетпей калышы мүмкүн.

Эгер талапкер өз арызы менен тизмеден чыга турган болсо да мандат берилбейт.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Бирок мандат алгандан кийин да депутат андан ажырап калышы ыктымал. Төмөндө ошондой учурлар тизмектелди:

  • ыйгарым укуктарын токтотуу же фракциядан чыгуу боюнча жазылган арызы;
  • эгер сот тарабынан акыл-эси жайында эмес деп табылса;
  • көз жумса;
  • соттун депутаттын өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу чечими күчүнө кирсе;
  • соттун айып таккан өкүмү күчүнө кирсе;
  • депутаттык ишмердүүлүгүнө шайкеш келбеген ишке өтсө;
  • Кыргызстандын аймагынан тыш жашоо үчүн кетсе;
  • Кыргызстандын жарандыгынан баш тартса, башка мамлекеттин жараны экени аныкталса;
  • Жогорку Кеңештин жыйындарына бир сессияда 30 күн же андан ашып себепсиз келбесе;
  • шайлоо мыйзамсыз деп табылса.
422
Белгилер:
мыйзам, БШК, мандат, талапкер, депутат, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020 (149)
Тема боюнча
Шаршеналы уулу: шайлоочулар мыйзам бузулса 1255 номерине кайрыла алат
БШК "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышуусуна уруксат берди, сот болбойт
Жээнбеков: бул шайлоо — бийлик үчүн күрөш, абдан катуу атаандаштык менен өтөт
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

175
(жаңыланган 09:26 22.09.2020)
Жээнбеков чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.

Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.

"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.

Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.

БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы

Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.

"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.

Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?

БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).

Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.

175
Белгилер:
мүчө, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Бириккен Улуттар Уюму
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Президент Сооронбай Жээнбековдун видео кайрылуусу

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

654
(жаңыланган 23:12 21.09.2020)
Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстан туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү суранат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатканда айтты.

Мамлекет башчы коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизгендигин белгилеген.

Кыргызстандын карызы 1 млрд. долларга өстүбү? Министрликтин жообу

"Чоң жыйырмалыкка" жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деген Жээнбеков.

Буга чейин президенттин аппаратынан "тышкы карызды реструктуризациялоо өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүү дегенди түшүндүрөт" деген маанайда айтышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар. Мамлекеттик карыз акыркы жылдары акырындап өсүп бара жатат. Майдын аягында көрсөткүч 4,7 миллиардды чапчыса, кийинчерээк июлда 4,8 миллиардга жетти.

Кыргызстандын ушу тапта канча карызы бар. Акыркы маалымат

Июль айында өкмөт 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө бардык кредиторлор менен эки тараптуу макулдашуу болгонун кабарлаган.

654
Белгилер:
реструктуризациялоо, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

0
Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

0
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, курулуш, курулуш материалдары, Өзгөн
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар