Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурунку орун басары Дамир Моңолдоров. Архив

Жети-Өгүздүн мурунку акими "Кыргыз почтасын" жетектемей болду

151
(жаңыланган 14:47 14.09.2020)
Мурунку аткаминер Балыкчы шаарынын да мэри болгон. Жаңы жетекчи жамаатка бүгүн тааныштырылды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурунку орун басары Дамир Моңолдоров "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча, жаңы жетекчи жамаатка бүгүн тааныштырылган. Буга чейин анын иштеп жаткан жумушунан кеткени айтылган болчу.

Ысык-Көл районуна жаңы жетекчи орун басары менен кошо дайындалды

Моңолдоров ал убакта Жети-Өгүз районун башкарып, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген. Ал 58 жашта.

151
Белгилер:
жетекчи, ишкана, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Министр Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду
Киши чөнтөгүндө долларлык купюралары менен. Архив

Коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык стратегиясы бекитилди

19
(жаңыланган 10:44 28.09.2020)
Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында каралган болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөт менен Жогорку Кеңеш башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуусу керек.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан тышкары, өкмөтүн, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жуманын ичинде даярдашы зарыл.

Ошондой эле жаңы документке ылайык, өкмөт мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сунушталды.

19
Белгилер:
Кыргызстан
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

183
(жаңыланган 09:20 28.09.2020)
Жээнбеков Россия президенти Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

РФке барчу делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

Россияга болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

183
Белгилер:
иш сапар, жумушчу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Сочи, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат
Медициналык кызматкер COVID-19 бейтаптын колун кармап турат

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

0
(жаңыланган 11:34 28.09.2020)
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 46 355 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралык ооруканада дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

0
Белгилер:
каза болду, коронавирус, Ош облусу, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү