Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара жөнүндөгү макулдашууга кирген аймактарга да барышты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени карап чыгышкан. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара жөнүндөгү макулдашууга кирген аймактарга да барышкан. Соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишкени айтылат.

Кыргызстан менен Тажикстан жакын арада чек ара маселесин чечет

Эскерте кетчү жагдай, ушул жылдын 24-27-августунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0