Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар

© Sputnik / Алексей ФилипповКостюмчан киши. Архивдик сүрөт
Костюмчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин трибунасы ар кыл тармактагы адамдардын башын кошору маалым. Быйылкы талапкерлердин арасынан спорт чөйрөсүндө жүргөндөрдү да учуратууга болот.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги шайлоого катышууга бел байлаган таанымал спортчуларды топтоду.

Белгилей кетсек, материалда спорттук федерацияларды, уюмдарды жетектеп, бирок өзү бул тармактан алыс адамдарга, спорт жаатындагы жолун көп жыл мурда жыйынтыктагандарга жана элге анча белгилүү эместерге басым жасалган жок.

Канат Аманкулов

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов "Мекеним Кыргызстан" партиясында 13-катарда парламентке бара жатат. Шайлоого аттанганына байланыштуу милдетин убактылуу Мирлан Парханов аткарууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов

Канат Аманкулов Спорт агенттигинен тышкары КРдин Жеңил атлетика федерациясын жетектейт. Өзү дагы чуркоо боюнча мелдештерге катышып, Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алып, бир катар макалаларды жазган.

Юрист кесибине ээ. 1966-жылы 25-ноябрда Чүйдүн Алмалуу айылында туулган.

Дарья Маслова

Ушул эле "Мекеним Кыргызстан" партиясынын 56-катарында өлкөнүн алдыңкы жөө күлүгү Дарья Маслова шайлоого аттанды. 

© REUTERS / Issei KatoӨлкөнүн алдыңкы жөө күлүгү Дарья Маслова
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн алдыңкы жөө күлүгү Дарья Маслова

25 жаштагы спортчу быйыл болбой калган Токио Олимпиадасына жолдомо алган беш атлеттин бири. Ошондой эле жеңил атлетика боюнча Азиянын жана Азия оюндарынын чемпиону жана бир катар эл аралык марафондордун алтын байге ээси. Спортчу кыз былтыр турмушка чыккан

Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү

Талас Бегалиев

Убагында көк бөрү ойноп, 2018-жылга чейин улуттук курама команданы жетектеген Талас Бегалиев "Биримдик" партиясынын алдыңкы делген бешинчи орунуна жайгашып, депутаттыкка камынууда. Ал ат үстүндө ойногондон тышкары самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон. 

© Sputnik / Алия СамидинКөк бөрү оюнунун улуттук курама командасын мурда жетектеген Талас Бегалиев
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү оюнунун улуттук курама командасын мурда жетектеген Талас Бегалиев

Талас Бегалиев 1977-жылы 28-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ички иштер органдарында бир топ жыл эмгектенип, милициянын полковниги наамын алган. Белгилей кетсек, ал белгилүү балбан, 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын чемпиону Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.

Абдурахманхаджи Муртазалиев

Спортчу былтыр Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти. 

© Фото / Таалайгуль УсенбаеваГрэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхаджи Муртазалиев
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхаджи Муртазалиев

26 жаштагы Муртазалиев "Республика" партиясы менен парламенттик шайлоого барат. Катар номери — 54.

Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама

Канатбек Маматов

Кыргыз футбол союзунун (мурдагы Футбол федерациясынын — ред.) президенти "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 31-сапты ээлеген. 

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргыз футбол союзунун (мурдагы Футбол федерациясынын — ред.) президенти Канатбек Маматов
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футбол союзунун (мурдагы Футбол федерациясынын — ред.) президенти Канатбек Маматов

Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда туулган. Убагында "Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) футбол командаларында жана "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" ардагерлер командасында ойногон.

Ал 2014-жылдан ушул күнгө чейин КРдин Футзал федерациясынын президенти. 2016-2019-жылдары КРдин Футбол федерациясынын вице-президенти. 2019-жылдын 9-февралында КРдин Футбол федерациясынын (азыркы Кыргыз футбол союзунун) президенти болуп шайланган.

Нургазы Амиракулов

Ал бир нече жылдан бери Россияда мигрант балдарды машыктырып, "Айкөл-Манас" клубун жетектейт. Ошондой эле КРдин Самбо федерациясынын президенти. 

© Фото / из личного архива Нургазы АмиракуловаКРдин Самбо федерациясынын президенти Нургазы Амиракулов
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
КРдин Самбо федерациясынын президенти Нургазы Амиракулов

39 жаштагы Нургазы Амиракулов "Бир Бол" партиясынын катарында депутат болууну чечкен. Катар номери — 62.

Адилет Камчыбеков

Спортчу былтыр Япониядан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло медаль алган. Мелдештер менен биргеликте ишти дагы айкалыштырат. Учурда Спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциянын паралимпиадалык, сурдолимпиадалык жана атайын оюндар боюнча координатору. 

© Sputnik / Максат КудайбердиевПауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло медаль алган Адилет Камчыбеков
Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло медаль алган Адилет Камчыбеков

28 жаштагы Адилет Камчыбеков "Бир Бол" партиясы менен Жогорку Кеңешке барууда. Партия тизмесинде 70-орунда жайгашкан.

Руслан Ниязакунов

Убагында аралаш мушташ боюнча беттештерге катышып, кийинчерээк машыктыруучулукту аркалап спорттук клубду жетектеп калган. Белгилүү окуучуларынын бири — элге "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков. Ошондой эле 34 жаштагы Руслан Ниязакунов социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында иштей турганын жазган. 

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Ниязакунов "Республика" партиясынын тизмесинде 66-катарда парламентке бара жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0