АКШ доллары. Архив

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

111
(жаңыланган 14:28 17.09.2020)
Каражат шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн берилгени жатат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң доллар бермей болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн КРдеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, берилген каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитор алынат.

Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

Мындан сырткары, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги кеңсеси тарабынан Кыргызстандын 21 коопсуздук кызматкерине "Шайлоо коопсуздугу боюнча тренинг" өткөрүлгөнү белгиленди.

111
Белгилер:
шайлоо, Парламент, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

174
(жаңыланган 09:26 22.09.2020)
Жээнбеков чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.

Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.

"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.

Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.

БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы

Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.

"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.

Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?

БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).

Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.

174
Белгилер:
мүчө, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Бириккен Улуттар Уюму
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Президент Сооронбай Жээнбековдун видео кайрылуусу

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

638
(жаңыланган 23:12 21.09.2020)
Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстан туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү суранат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатканда айтты.

Мамлекет башчы коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизгендигин белгилеген.

Кыргызстандын карызы 1 млрд. долларга өстүбү? Министрликтин жообу

"Чоң жыйырмалыкка" жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деген Жээнбеков.

Буга чейин президенттин аппаратынан "тышкы карызды реструктуризациялоо өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүү дегенди түшүндүрөт" деген маанайда айтышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июлдун соңуна карата 4 миллиард 824 миллион доллар болгон. Анын арбыны тышкы карыз — 4 миллиард 170 миллион доллар. Мамлекеттик карыз акыркы жылдары акырындап өсүп бара жатат. Майдын аягында көрсөткүч 4,7 миллиардды чапчыса, кийинчерээк июлда 4,8 миллиардга жетти.

Кыргызстандын ушу тапта канча карызы бар. Акыркы маалымат

Июль айында өкмөт 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө бардык кредиторлор менен эки тараптуу макулдашуу болгонун кабарлаган.

638
Белгилер:
реструктуризациялоо, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда
Сиэтл Сихокс командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрролл. Архивдик сүрөт

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

0
Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Улуттук футбол лигасы (УФЛ, америкалык футбол) "Сиэтл Сихокс" командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында айтылганын РИА Новости жазды.

Насаатчы өз командасы "Нью-Ингленд Пэтриотс" клубун кабыл алган оюнда бет кап тагынган эмес. Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан. Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

Жекшемби күндөгү оюндарда бет капсыз иштегендиги үчүн башкы машыктыруучулар Кайл Шэнахен ("Сан-Франциско Форти Найнерс" клубу), Вик Фанхио ("Денвер Бронкос"клубу) жана алардын клубдарына ушундай эле өлчөмдөгү айып салынган.

0
Белгилер:
жаза, айып, бет кап, Америка
Тема боюнча
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн