Дастан Жумабековду жарыштан четтетүү сунушу. БШК маселени эки күндөн бери кароодо

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн мурда БШКнын айрым мүчөлөрү Жумабековду же анын партиясын шайлоого катышуу укугунан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду жана "Кыргызстан" партиясы боюнча маселени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу карап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эки күн мурда БШКнын айрым мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарын бузду деп Жумабековду же ал курамына кирген "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуудан четтетүүнү сунуштаган.

"Бул маселени азыр жумушчу топ карап жатат, алар корутунду чыгаргандан кийин БШК жыйындарынын күн тартибине киргизилет. Анын натыйжасында чечим кабыл алынат. Качан караларын так айта албайм", — деди Бекматов.

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Белгилей кетсек, 15-сентябрда депутаттыкка талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Анда көз жарган келинге өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан сүйүнчү катары 50 миң сом бергени айтылып, жакынкы жылдары мамлекет наристелүү болгон ар бир үй-бүлөгө ушундай каражат төлөп берерин убадалаганы жазылган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова спикер кызматын пайдаланып, үгүт иштерин жасап жатканын билдирген. Бул көрүнүштү административдик ресурс жана добуш сатып алуу деп баалаган. Ошол эле күнү БШКнын жыйынында кароону сунуштаганда "алгач материалдарды карап чыгуу керек" деп колдоо тапкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0