Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт

Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди

85
(жаңыланган 13:21 18.09.2020)
Министр Чыңгыз Айдарбеков Будапештте Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ачуу пландалып жаткан жерди көрүп, андан соң Gedeon Richter, Zeolit Hungary жана Wizz Air компанияларына барды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен Будапешт шаарындагы жолугушуу учурунда айтты.

"Жолугушууда өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында Кыргызстан президентинин Венгрияга иш сапары тууралуу сөз болду", — деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрдин айтымында, тараптар Жээнбековдун иш сапары учурунда карала турган документтер боюнча талкуу жүргүзүштү.

  • Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на встрече с министром иностранных дел Венгрии Петером Сийярто в Будапеште
    Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на встрече с министром иностранных дел Венгрии Петером Сийярто в Будапеште
    Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен Будапешт шаарындагы жолугушуу учурунда айтты
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на встрече с министром иностранных дел Венгрии Петером Сийярто в Будапеште
    Министрдин айтымында, тараптар Жээнбековдун иш сапары учурунда карала турган документтер боюнча талкуу жүргүзүштү
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на встрече с министром иностранных дел Венгрии Петером Сийярто в Будапеште
    Мындан тышкары, Айдарбеков Будапештте Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ачуу пландалып жаткан жерди көрүп, андан соң Gedeon Richter, Zeolit Hungary жана Wizz Air компанияларына барды.
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МИД КР
Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт

"Кыргызстан Венгрияны эл аралык аренада туруктуу жана маанилүү өнөктөш деп эсептейт. Кыргызстанда Венгриянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана коронавируска каршы күрөшүүдө гуманитардык жардам берүүнүн алкагында Бишкек шаарына келип кетишиңиз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин ачык-айкындыгынан кабар берет", — деди Айдарбеков Сийярто менен сүйлөшүп жатып.

Жээнбеков Кытайдын министри менен Кыргызстандын карызын талкуулады

Министр ошондой эле Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь жана Будапешттеги Түрк кеңешинин аткаруучу директору Янош Ховари менен жолугушту. Венгер тарапка Бишкек жана Будапешт мэрияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча сунуш берилди.

Мындан тышкары, Айдарбеков Будапештте Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ачуу пландалып жаткан жерди көрүп, андан соң Gedeon Richter, Zeolit Hungary жана Wizz Air компанияларына барды. Министр фармакология тармагындагы иш алып барган Gedeon Richter ишканасынын келечектеги иш пландары менен таанышып, кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Торугарт", карыз, жардам... Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү

Ал эми уран калдыктарын сактоочу жерлерди калыбына келтирүү менен алектенген Zeolit Hungary компаниясынын директору менен келечекте Кыргызстанда дагы иштөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды.

Wizz Air компаниясы менен Бишкек — Будапешт түз аба каттамдарын ачуу тууралуу сөз болду.

85
Белгилер:
иш сапар, кызматташуу, Будапешт, Венгрия, Чыңгыз Айдарбеков, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту
Камактагы адам. Архив

12 млн. доллар зыян келген! Сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору кармалды

43
(жаңыланган 13:33 28.10.2020)
Мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун Ш.Т. аттуу директорун кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлчүлүктөрү борбору менен Финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 12 миллион доллардан (1 миллиард сомго жакын) ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Учурда иш тергелип жатат. Кылмышка тиешеси бар делген дагы башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

43
Белгилер:
директор, кармоо, өкмөт, Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы
Тема боюнча
Сыймык Жапыкеев: Финпол ишкерлер менен ачык диалогго даяр
 “Бишкек” эркин экономикалык зонасынын директору Дүйшөн Ирсалиев. Архив

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору кызматынан алынды

38
(жаңыланган 13:46 28.10.2020)
Ирсалиев директор болуп беш жыл бою иштеди. Ага чейин бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору Дүйшөн Ирсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ирсалиев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келген. Буга чейин депутаттыкка талапкер, Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик мүлк фондунун аппарат жетекчисинин орун басары болгон.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эркин экономикалык аймагында жеңил өнөр жай тармагынын товарлары, азык-түлүк, курулуш материалдары чыгарылып, кызматтар көрсөтүлөт (юридикалык, унаа, учак менен товар ташуу, камсыздандыруу).

38
Белгилер:
Дүйшөн Ирсалиев, директор, кызмат, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан алып, себебин түшүндүрдү
Аида Исмаилова менен Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду