Сооронбай Жээнбеков: кудай алдында, өз абийиримдин алдында тазамын

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маек учурунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент 1995-жылдан бери чоң саясатта жүргөнүн жана ошондон берки тазалыгы азыр коррупция менен күрөшүүгө мүмкүндүк берип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болуп, коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин. Мындай пикирин өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Президент 1995-жылдан бери чоң саясатта жүргөнүн жана ошондон берки тазалыгы азыр коррупция менен күрөшүүгө мүмкүндүк берип жатканын белгиледи.

Жээнбеков: бюджетти тоноп, кызматын пайдаланып байыгандарга аёо болбойт

“Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Коррупцияга аралашкан деп дагы эч ким айта албайт. Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт. Бирок кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам”, — деди президент.

Ошондой эле ал президенттикке келгендеги үч жылдык иши боюнча ар кандай сындар айтылышы мүмкүн экенин, бирок эч ким жалаа жаба албасын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0