Россия өкмөтү: Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Россию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун РФке болчу иш сапарына кам көрүүдө. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук
Россия өкмөтү: Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатабыз - Sputnik Кыргызстан
Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук

Белгилей кетсек, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

Оверчук жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан дагы бекемдей турганына ишенерин айтты.

Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди

Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы токтолду.

"Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын Россияга товар экспорттоосу 4,5 эсеге өстү. Бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүдөн пайда көрүп жатканынан кабар берет", — деди өкмөт мүчөсү.

Белгилей кетсек, Оверчук бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар маселелерди талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0