Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сапарлар тууралуу Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп жатканда сөз болду.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен 28-сентябрда Россияга, андан ары 28-29-сентябрда расмий визит менен Венгрияга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган сапарлар тууралуу Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп жатканда сөз болду.

Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү айтылды.

"Ошол эле күнү Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен барат. Сапардын алкагында президент Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын спикери Ласло Көвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0