Тоолу Карабахтын чырдан кийин абалы

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

720
(жаңыланган 17:19 29.09.2020)
Бишкек эки тарапка чырды чечүү жолун издөө үчүн көмөктөшүүгө даяр экенин жарыя кылды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаралган чыңалууга тынчсыздануусун билдирди.

Маалыматта Кыргыз Республикасы эки тарапты тең сабырдуулукка чакырганы айтылат. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.

"Кыргызстан талаштын чечүү жолдорун издөөгө конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга макул. Ошондой эле 1994-жылкы Бишкек протоколунун тарыхый тажрыйбасына таянып азербайжан жана армян тарапка конфликтти чечүү жолун издөө үчүн көмөктөшүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

720
Белгилер:
Жаңжал, Армения, Азербайжан, Кыргызстан
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (21)
Тема боюнча
Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды
Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

107
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

107
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

416
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

416
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты