Жээнбеков менен Орбан Бишкек — Будапешт авиакаттамын ачууга макулдашты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгриянын премьери эки өлкөнүн байланышы жана достугу туруктуу болушу үчүн түз аба каттамын ачуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Бишкек — Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбеков аталган өлкөдө расмий сапар менен жүрөт.

“Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз, — деп айтты Орбан.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0