Шайлоодон кийин тынч болушун каалайм! Боронов партияларга кайрылуу жасады

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда
Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Аравандагы окуяны кошпогондо үгүт иштери чагымчылдыкка алдырбай тынч өтүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Шайлоо күнү, 4-октябрда жана андан кийин да баары тынч болушун каалайм. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде партияларга кайрылып жатып билдирди.

Сөзүнүн башында өкмөт башчы Аравандагы окуяны кошпогондо чагымчылдык иштерге алдырбай, үгүт иштерин тынч өткөрүүгө салым кошкону үчүн партияларга жана алардын тарапташтарына ыраазычылыгын айтты.

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

"Өкмөттүн милдети – элибиздин коопсуздугу, коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүү. 4-октябрдан кийин партиялар бири-бириңиздерге өз ара сый-урмат менен мамиле жасап, коомду дүрбөлөңгө салбай, шайлоонун жыйынтыгын таанууда саясий эрктүүлүктү көрсөтүүгө чакырам. Пандемиянын шарттарында баарыбыз коомубуздун дестабилдешүүсүнө жол бербешибиз керек", — деди Боронов.

Ошондой эле ал шайлоону өткөрүүгө бардык структуралар даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0