Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу

Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

168
(жаңыланган 11:11 02.10.2020)
Жээнбеков талапкерлерди жана партия лидерлерин чектен чыкпоого чакырып, элдин биримдигине, улуттун ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чара көрүлөрүн эскертти.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун алдында кыргызстандыктарга жана талапкерлерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы бул шайлоо элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган шайлоо болуусу зарыл экендигин айтып, ага жетүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Ошондой эле талапкерлерди жана партия лидерлерин чектен чыкпоого үндөп кеткен.

"Добуш сатып алуу мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге жеңилген тарап да болот. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, жеке амбицияга алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элдин биримдигине, улуттун ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпагыла", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жээнбеков шайлоо күнү кыргызстандыктарды эч ким кысымга албай турганын айтып, туура тандоого чакырган.

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

"Шайлоо күнү өлкө эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда болот. Кимге добуш берет ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду. Ошондуктан 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!", — деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттин депутаттарын шайлоо болот.

168
Белгилер:
кайрылуу, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Шайлоодон кийин тынч болушун каалайм! Боронов партияларга кайрылуу жасады
437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

80
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

80
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

90
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

90
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат
Шоколад. Архив

Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

0
Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

0
Белгилер:
мээ, чай, кофе, шоколад
Тема боюнча
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме