Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына видео кайрылуу менен катышты

Чыңгыз Айдарбеков БУУда сүйлөп, өзөктүк куралдан баш тартууга чакырды

105
(жаңыланган 11:19 03.10.2020)
Министр өзөктүк куралсыз дүйнөгө жетишүү үчүн көп тараптуу механизмдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына видео кайрылуу менен катышты. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Айдарбеков БУУнун куралсыздануу жаатындагы негизги ролун, ошондой эле өзөктүк куралсыз дүйнөгө жетишүү үчүн көп тараптуу механизмдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Мындан тышкары, ал куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири экенин билдирген.

Жээнбеков БУУ саммитинде сүйлөп, экологияны сактоо боюнча сунуштарын айтты

"Министр Борбор Азиядагы өзөктүк куралсыз аймагынын маанисин белгилеп, быйыл Кыргызстан координатору экендигин белгиледи. Тактап айтканда, өзөктүк куралсыз аймактын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоодо жана өзөктүк энергияны тынчтык максатта колдонууда, Борбор Азия региону айкын үлгү экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттери тарабынан сунуштала турган "Борбордук Азиядагы өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишим" резолюциясын колдоого чакырган.

105
Белгилер:
өзөктүк курал, билдирүү, БУУ, ТИМ, Чыңгыз Айдарбеков
Тема боюнча
БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

209
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

209
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

70
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

70
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды