Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды

Жазылуу
Быйылкы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен парламенттин VII чакырылышынын депутаттары беш жылга шайланат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды.

Эскерте кетсек, быйылкы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктар парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын беш жылга шайлайт. Ушу тапта 120 мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда. 

Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болсо, 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан шайлоого катыша албайт. 

Жогорку Кеңешке шайлоо чегинен аша алган, тагыраагы, жалпы добуш бергендердин санынан жети жана ар бир облустан 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар келет. Өлкөдө 2 475 шайлоо участкасы ачылды, анын 45и чет өлкөлөрдө иштейт.

Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатканын, Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтарын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0