Шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан

Парламенттик шайлоо – 2020: учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо күнү. Эл бул сапар ЖКнын VII чакырылышынын депутаттарын тандамакчы. Кыргызстандын бардык аймактарында саат сегизден тарта шайлоо участкалары ачылып, иштей баштады.

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн аймактарында шайлоо жараяны кандай өтүп жаткандыгы боюнча тексттик, сүрөт жана видео баяндамасын окурмандарга тартуулайт.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:01 04.10.2020

Анын жыйынтыгы төмөнкүчө:
"Биримдик" — 21,23
"Мекеним Кыргызстан" — 22, 06%
"Республика" — 5,89%
"Кыргызстан" — 9,85%
"Бир Бол" — 2,83%
"Социал-демократтар" —1,77%
"Ыйман Нуру" — 3,21%
"Реформа" — 1,27%
"Ата Мекен" — 4,16%
"Замандаш" — 1,88%
"Бүтүн Кыргызстан" — 6,9%
"Мекен Ынтымагы" — 0,67%
Афганистан согушунун ардагерлери — 0,16%
"Ордо" — 0,2%
"Чоң Казат" — 2,22%

"Мекенчил" — 6,71%

Баарына каршы - 1,07%

18:55 04.10.2020

БШКнын маалыматына караганда саат 18:00гө карата 1  млн. 594 763 кыргызстандык добуш берди.
Маалыматта Ош облусу алдыда келе жатканы айтылды.

Аймактар боюнча статистика:
Бишкек — 223 119 же 44,83 пайыз;
Ош — 101 271 же 56,27 пайыз;
Жалал-Абад облусу — 303 450 же 47,14 пайыз;
Ысык-Көл облусу – 117 450 же 40,39 пайыз;
Нарын облусу — 79 939 же 45,37 пайыз;
Ош облусу – 317 927 же 46,58 пайыз;
Талас облусу – 69 263 же 46,48 пайыз;
Чүй облусу – 260 432 же 44,39 пайыз;
Баткен облусу – 115 358 же 40,58 пайыз.

18:00 04.10.2020

 Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы мектептеги №4068 шайлоо участогунда бюллетень салган аппарат убактылуу иштебей калып, шайлоочулардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Бул видео социалдык тармакка жарыяланган. 

Анын айтымында, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам шайлоочулар эки сааттай кезек күтүп калышкан.

№4068 шайлоо участкасынын төрайымы Нургүл Абдылдаева кезек күтүү форма №2 боюнча эмес, техникалык себептерден улам жаралганын айтты.

"Бюллеттенди аппарат тартып кетпей, бузулуп, анын кесепетинен кезек күткөндөр көбөйүп кеткен. Азыр аппарат иштеп жатат, кезекке турган шайлоочулардын саны азайып калды", — деди Абдылдаева.

Аймактык кабарчы аталган шайлоо участогуна шайлоочулар ар кайсы район, айылдардан келгендиктен, автоунаа да батпай кеткенин айтып, абал көзөмөлгө алынганын кошумчалады. 

17:11 04.10.2020

Россиянын Владивосток жана Түштүк Сахалин шаарларындагы кыргызстандык жарандардын добуш берүүсү аяктады. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Буга чейин ал жактагы добуш берүүнүн Бишкек убактысы боюнча саат 3:00дө башталып, анын 16:00дө аяктаары айтылган.

"Чет өлкөлөрдө шайлоочулардын 16,2 пайызы, тагыраагы 5 283 адам добуш берген. Саат 3:00дө Түштүк Сахалинде башталган кампания саат 15:00дө аяктады. Владивостокто бул процесс 4:00дө башталып, 16:00дө аягына чыкты", — деп билдирди  Шайлдабекова.

16:27 04.10.2020

Саат 16.00гө карата шайлоочулардын 36,81%ы добуш берди. Бул сандар менен алганда 1 млн. 297 миң киши. 

Бишкек — 36.39%;
Ош — 45.06% ;
Жалал-Абад облусу — 38.84%;
Ысык-Көл облусу — 33%;
Нарын облусу — 37.59%;
Ош облусу — 37.05%;
Талас облусу — 38.25%;
Чүй облусу — 36.25%;
Баткен облусу — 33.31%.

16:26 04.10.2020

Жалпы Талас облусу боюнча саат 16:00гө карата 53 883 жаран же шайлоочулардын 36,1 пайызы добуш берди
Аталган аймакта шайлоого катышууга укуктуу 149 011 адам катталган.

16:21 04.10.2020

Нарын облусунда саат 16:00гө карата 65 246 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 37,0 пайызы шайлоого барды.

Райондор боюнча алсак,

Ак-Талаа районунда 7658 (39,1%);

 Ат-Башы районунда 11 325 (36,0%);

Жумгал районунда 10320 (38,2%);

 Кочкор районунда 11 409 (29,8%);

 Нарын районунда 11 579 (41,7%);

Нарын шаарында 12 955 (40,4%) шайлоочу добуш берди.

Облуста бүгүн 171 шайлоо участогу ачылган. Добуш берүүчүлөрдүн саны 176 202 киши.

16:20 04.10.2020

Ысык-Көл облусундагы беш район менен эки шаарда саат 16:00гө алынган маалыматтар боюнча, 98 112 кишинин добуш бергени маалым болду.  

16:12 04.10.2020

"Салам, Нью-Йорк" жана "Мекен" кинофильмдеринде башкы ролду аткарган актер Бектемир Мамаюсупов добуш берип жаткан бюллетенин сүрөткө тартып алган деп күнөөлөнүүдө.

 Видео  социалдык тармакка тарап кеткен.

 Кадрдагы үндүн бюллетенди сүрөткө тартып алды деп айтканын угууга, ал эми ага актер "өзү үчүн" тартканын түшүндүргөнүн көрүүгө болот. Актер бюллетенди сүрөткө түшүрүүгө болбостугун билбей турганын айтып, аны телефонунан өчүргөн.

14:47 04.10.2020

"Быйыл 67 миңден ашык 18 жашка толгон жаран биринчи ирет шайлоого катышуу укугуна ээ болду. Аларга беле катары КРдин Конституциясын белек кылып жатабыз", - деди БШК төрайымы.

14:45 04.10.2020

Кыргызстанда добуш берүү процесси башталгандан бери үч мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын начальниги Султан Макилов брифинг учурунда билдирди.
"Саат 14.00гө карата 3 факты катталып, иликтенип жатат. Алардын бири Бишкекте майда бейбаштык, экөө Жалал-Абад облусунда добуш сатып алуу, добуш берүүгө тоскоолдук кылуу катары катталды", — деди Макилов.

14:39 04.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Люксембург айылындагы орто мектептеги №7139 шайлоо участкасында шайлоого катышып, жарандык милдетин аткарды.

 

 

Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:32 04.10.2020

Республика боюнча саат 14.00гө карата 990 492 адам добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 28,11 пайызын түзөт.

Бишкек — 27,49 процент;
Ош — 35,24 процент;
Жалал-Абад облусу — 30,2 процент;
Ысык-Көл облусу — 26,5 процент;
Нарын облусу — 28,99 процент;
Ош облусу — 28,45 процент;
Талас облусу — 29,85 процент;
Чүй облусу 26, 76 — процент;
Баткен облусу  — 26,4 процент.

 

14:27 04.10.2020

Талас району боюнча 37128 шайлоочу саат бар. Саат 14:00 чейин 10414 шайлоочу шайлоого катышты

14:18 04.10.2020

10 000 ашык ИИМ кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат;

900 ашык инспектор жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүдө;

7000 ашуун элдин кошуундар көмөк көрсөтүүдө.  

14:10 04.10.2020

Баткен облусунда саат 14:00гө  карата 75731 шайлоочу добуш берди

Баткен району – 11347;

Баткен шаары – 3441;

Кадамжай району - 28214;

Кызыл-Кыя шаары - 7989;

Лейлек району – 21070;

Сүлүктү шаары – 3670.

Баткен облусунда жалпы 284 265 шайлоочу бар.

14:09 04.10.2020

Добуш берүү процесси башталгандан бери (саат 8.00дөн 14.00гө чейин) 48 арыз келип түштү. Бул туурасында БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

14:06 04.10.2020

Ысык-Көл облусу боюнча саат 14:00гө карата 77 170 шайлоочу добуш берген. Бул добуш бергендердин 26,5 пайызын түздү.

14:00 04.10.2020

Шайлоо күнү өкмөт үйүндө call-борбор иштей турганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган эле.


·  (0312) 66 28 58;

·  (0312) 62 51 19;

·  (0312) 66 28 51;

·  (0312) 96 14 54;

·  (0312) 96 03 11;

·  факс (0312) 66 61 97.

13:33 04.10.2020
Голосование на выборах в Парламент-2020 в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
13:24 04.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоочу катары 43 чет мамлекеттен келишти.  277 эл аралык байкоочу 33 уюмдун атынан, 77 жарандык уюмдардан, 16 саясый партиялардын байкоочулары мониторинг жасап жатышат.

13:18 04.10.2020

Бул номерлерди ИИМ өкүлү бринфинг учурунда берди.

·         кыска номер — 2255;

·         WhatsApp — (0990) 02-12-55;

·         ишеним телефону  — (0312) 62-62-46;

·         коомдук кабыл алуу — (0312) 66-02-40.

13:12 04.10.2020

Токтомушев жарандык милдетин Бишкектеги Жал кичи районуна караштуу №95 орто мектепте жайгашкан №1063 шайлоо участогунда аткарган. Ал шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл-журтка амандык каалады.

Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:53 04.10.2020

Ысык-Көл облусунда саат 12:00гө карата 47 миң 83 киши добуш берди. Облуста жалпы 290 миң 749 шайлоочу катталган.

12:41 04.10.2020

Жалал-Абад шаарында саат 12:00гө карата 11 691 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 22 пайызын түзөт. Калаада жалпы 55 071 шайлоочу катталган. Ушу тапта 28 шайлоо участкасы иштеп жатат.

12:39 04.10.2020
Голосование на выборах в Парламент-2020 в Оше - Sputnik Кыргызстан
12:36 04.10.2020

Баткен облусунда саат 12:00гө карата 50 632 шайлоочу добуш берди. Район, шаарлар боюнча алып караганда шайлоочулардын саны төмөндөгүчө:

  • Баткен району — 7 124;
  • Баткен шаары — 2 378;
  • Кадамжай району — 19 454;
  • Кызыл-Кыя шаары — 5 905;
  • Лейлек району — 13 856;
  • Сүлүктү шаары — 1 915.

Баткен облусунда жалпы 284 265 шайлоочу бар. Саат 12:00гө карата алардын 17,8 пайызы шайлоого келди.

12:34 04.10.2020

Саат 12.00гө карата калаада 12 миңден ашуун шайлоочу добуш берди. Бул жалпы добуш берчүлөрдүн 23 пайызын түзөт. 

10:46 04.10.2020

Жалал-Абад облусунда 448 шайлоо тилкеси бар. Облус боюнча шайлоочунун жалпы саны 643 мин 774кө чукул.  

Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери шайлоо участкаларына бөлүнгөн.

Ал эми Жалал-Абад шаары боюнча 28 шайлоо участкасы бар. Калаа боюнча добуш бере турган жарандын саны 55 миң 71.

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
10:42 04.10.2020

ИИМ азыркы сааттарга карата мыйзам бузуулар катталган жок деген маалымат берди. Министр бирифингде республика боюнча кырдаал туруктуу экендигин билдирди.

10:22 04.10.2020

Ысык-Көл облусу боюнча 248 шайлоо участкасы бар. Такталган тизме боюнча  жалпы шайлоочулардын саны облус боюнча  290769  адамды түзөт. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан   шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө санитардык талапка жооп берүүчү каражаттар менен камсыздалды.   

Облус боюнча Ф-2 менен шайлоого катышууга арыз  жазган шайлоочулардын саны 13951 адам болгон.

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
10:12 04.10.2020

Нарын облусу боюнча 172 участкалык шайлоо комиссиясы ачылып иштеп жатат. Жалпы шайлоочулардын саны 176 мин 201.

Учурдагы шартка байланыштуу коргонуу каражаттарын пайдалануу жана социалдык аралыкты сактоо тартиптери менен добуш берилип жатат.

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
10:04 04.10.2020

Кытай, Пекин шаарындагы добуш берүү

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Пекине - Sputnik Кыргызстан
10:02 04.10.2020

Россия, Новосибирскидеги добуш берүү

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
10:00 04.10.2020
Голосование на выборах в Парламент-2020 в Владивостоке  - Sputnik Кыргызстан

Россия, Владивосток аймагында добуш берүү

09:58 04.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандан сырткаркы аймактардагы добуш берүү боюнча сүрөттөрдү жарыялады.

Маалыматта шайлоо участкалары Түштүк Сахалин, Пекин, Новосибирск,  Владивосток жана Астанада ачылгандыгын айтышты.

09:52 04.10.2020
Голосование на выборах в Парламент-2020 в Оше - Sputnik Кыргызстан
09:49 04.10.2020

Учурда Ош шаарында бардык шайлоо тилкелери иштеп жатат. Саат 8:00дөн баштап ар бир шайлоо тилкесинде 200-300дөн шайлоочу кезек күтүп жатат.  

Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн милиция кызматкерлери аралыкты сактоону эскертип, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда. Ал эми шайлоо тилкелеринде атайын адистер шайлоочулардын дене табын текшерип, ар бирине бет кап таркатып андан соң гана киргизип жатышат.

Ош шаарында жалпы 86 шайлоо тилкеси, калаа аймагында 179 миң 972 шайлоочу бар.

Голосование на выборах в Парламент-2020 в Оше - Sputnik Кыргызстан
09:40 04.10.2020

Шайлоо участкаларында учурда 5 728 медик нөөмөттө турат. Эгерде зарылдык жаралса, шайлоочулардын саламаттыгын текшерип, жардам көрсөтөт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

09:35 04.10.2020

Добуш берген соң президент сөз сүйлөп, бийлик шайлоонун таза жана ачык өтүшү үчүн болгон аракетти көргөнүнө токтолду.

"Партиялардын баарына бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү. Саясий уюмдарга өз программалары элге тааныштырууга, пиар үчүн эч кандай чек коюлган жок", — деди Жээнбеков.

Президент дагы бир ирет кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоо алдыдагы беш эле жылдын эмес, жалпы мамлекеттин тагдырын чече турганын белгиледи.

"Андыктан баарыбыз шайлоо участокторуна келип, саясий тандообузду жасашыбыз керек. Биз бүгүн эл аралык коомчулуктун көз кырында турабыз"

09:25 04.10.2020

Жээнбеков Бишкек шаарындагы УИК №1327 шайлоо участогунда добуш берди ( №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи)

Ал киргенден соң участкалык комиссиянын мүчөсүнө документтерин көрсөттү. Сканер анын бармак издерин тааныбай койду. Жээнбеков бет кабын чечип, ал жердеги аппараттын камерасына сүрөтүн тарттырганы менен ал дагы президентти тааный албай койду.

09:20 04.10.2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында добуш берди.

"Пандемияны эске алып, даярдыктар болду. Маалыматтарга ылайык, бир дагы аймакта техникалык мүчүлүштүк калган жерлер болгон жок.  Башкысы - шайлоо тынч өтүп, шайлоодон кийин жеңгендер да, жеңилгендер да таанышы керек. Жакынкы беш жылдыкта өлкөдөгү саясатты аныктай турган саясатчылар келет", - деди Боронов.

09:09 04.10.2020

3-октябрда шайлоо участокторунан тышкары 24 472 кыргызстандык добуш бергендигин БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

 Ал эми шайлоо участокторунан тышкары добуш бере тургандардын жалпы саны 29 330 эле.

4448 шайлоочу ар кыл себептерден улам добушун бере албай калды. Кээ бирөөлөрүнүн паспорттору же ким экендигин тастыктаган документтери болгон эмес.  

08:55 04.10.2020

Шайлоочулардын бири Sputnik Кыргызстан редакциясына добуш берүү жайларындагы, тагыраагы Бишкек шаарындагы 1137 шайлоо участогунда азыр абал кандай экендигин айтып берди. Кире беришке санитайзерлер орнотулганын,  кирип келе жаткан добуш берүүчүнүн ар бирине бет кап менен кол кап берип жаткандыктарын маалымдады.

Эшиктин алдында бет кабы жок кирүүгө болбой тургандыгын эскерткен жазуулар илинген.

Шайлоочу кол каптарды берүүдөн улам кезек жаралышы мүмкүндүгүн айтты.   

Голосование на избирательном участке 1130 на выборах в ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
08:46 04.10.2020
08:42 04.10.2020

Бул шайлоого 16 партия 1957 талапкерди сунуштады. Алардын ичинен 57 киши ар кыл себептер менен бул жарыштан чыккан. 

08:40 04.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова кыскача брифингде шайлоо күнүнүн  башталгандыгын айтты. Ал добуш берүүчүлөр жана депутаттыкка талапкерлер туурасында жалпы статистикалык маалыматты берди.

"Бүгүн 4-октябрда, саат 8:00дө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн добуш берүү башталды. Добуш берүүчүлөрдүн тизмесине 3 миллион  523 миң 554 киши кирди", - деп билдирди ал.

08:34 04.10.2020

Өлкөдө 2 475 шайлоо участкасы ачылды, анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө иштейт.

Кыргызстандагы добуш бере турган жарандардын саны 3 миллион 523 миң 532 адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0