Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берди

Кол шилтеп койбойлу! Президент Сооронбай Жээнбеков добуш берди

163
(жаңыланган 11:21 04.10.2020)
Өлкө башчы жарандар шайлоо участокторуна келип, саясий тандоосун жасашы керектигин белгиледи. Андан тышкары, Кыргызстан бүгүн эл аралык коомчулуктун көз кырында экенине токтолду.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин шайлоосунда добуш берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет жетекчиси № 1327 шайлоо участогунда, №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өз жарандык милдетин аткарган.

Добуш берген соң президент сөз сүйлөп, бийлик шайлоонун таза жана ачык өтүшү үчүн болгон аракетти көргөнүнө токтолду.

"Партиялардын баарына бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү. Саясий уюмдарга өз программаларын элге тааныштырып, пиар үчүн эч кандай чек коюлган жок", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы дагы бир ирет кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоо алдыдагы беш эле жылдын эмес, жалпы мамлекеттин тагдырын чече турганын белгиледи.

"Мен мекендештериме дагы бир ирет буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. "Менин добушум эмнени чечет эле“ деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Бул шайлоого өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүз деп үмүттөнөм. Ушул шайлоо мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем", — деди президент.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо.

Өлкө аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жүргүзгөн тексттик трансляциясынан билүүгө болот.

163
Белгилер:
депутат, Парламент, добуш берүү, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Чалуу бекер. Салык кызматынын Call-борбору жаңы 116 номерине өттү
Жогорку соттун имараты. Архив

Парламенттик шайлоо: Жогорку сот БШКнын даттануусун карабай койду

3
(жаңыланган 11:52 29.10.2020)
Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салгандан кийин комиссия Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча даттануусун караган жок. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан датанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылышкан.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 48 саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

3
Белгилер:
соттук чечим, шайлоо, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Кыргызстанда беш партия биригип бийликке 6 талап койду
549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти
Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

129
(жаңыланган 10:53 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

129
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти