Бишкектеги шайлоо участкасында добуш берүү

Республика боюнча саат 12.00гө карата добуш бергендердин саны

458
(жаңыланган 13:01 04.10.2020)
Жарым саат мурун Европада 8 шайлоо участкасы ачылды. Чет мамлекеттеги шайлоо участкалары Бишкек убактысы боюнча түндө саат 3.00дө ачылган, акыркысы Вашингтондо эртең менен саат 6.00дө жабылат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Республика боюнча саат 12.00гө карата жарым миллиондон ашык, 624 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 17,73 пайызын түзөт.

Аймактар боюнча статистика:

  • Бишкек — 84 106 же 16,9 пайыз;
  • Ош — 37 860 же 21 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 124 124 же 19,45 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу – 47 971 же 16,5 пайыз;
  • Нарын облусу 32 миңден ашык же 18,31 пайыз;
  • Ош облусу – 120 423 же 17,64 пайыз;
  • Талас облусу – 28 130 же 18,88 пайыз;
  • Чүй облусу - 99 013 же 16,88 пайыз;
  • Баткен облусу – 46 610 же 17,45 пайыз.

Жарым саат мурун Европада 8 шайлоо участкасы ачылды. Чет мамлекеттеги шайлоо участкалары Бишкек убактысы боюнча түндө саат 3.00дө ачылган, акыркысы Вашингтондо эртең менен саат 6.00дө жабылат.

458
Белгилер:
шайлоо, Парламент, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
БШК: добуш берүү процесси кыргызстандыктарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн
Дипломаттар. Архив

Кыргызды сагынганда “Ала-Тоо таңшыйтты” баштан-аяк ырдап... Дипломаттардын баяны

38
(жаңыланган 15:30 25.10.2020)
Дипломатия өзгөчө адистик. Бул кесиптин ээлери — мамлекеттүлүктүн өбөлгөсү. Ошол эле учурда абдан оор кесип.

Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн бир маселени чечүү бир нече дипломаттын өмүр жашын алышы мүмкүн. Кылдат чеберчилик жана иш билгилик талап кылынат. Кыргызстандын дипломаттары далай сыноодон өтүүдө. Алар ар дайым өлкөнүн улуттук намысы үчүн эмгектенип келет. 24-октябрда кесиптик майрамын белгилеген дипломаттардын башынан өткөн окуяларын колумнист Алмаз Батилов жазып алган.

КР атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев

  • Сактанбек Кадыралиев (слева второй) вместе со спикером парламента Баварии. Мюнхен. 2000 год
    КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев (сол жактан экинчи)
    © Фото / из личного архива Сактанбека Кадыралиева
  • Сактанбек Кадыралиев вместе с супругой Чолпон . Бангладеш. 1987 год
    Сактанбек Кадыралиев Чолпон жубайы менен
    © Фото / из личного архива Сактанбека Кадыралиева
1 / 2
© Фото / из личного архива Сактанбека Кадыралиева
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев (сол жактан экинчи)

Ата Мекенге кусалык

— 1984-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер советинин орун басары Курманбек Аташев жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Түштүк Йеменге бардым. Анда Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунда иштечүмүн. Достук коому ар жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп турчу. Бул делегациянын курамында Алтынбек Сапаралиев, Хусейн Мухтаров, Даниэль Назарматов, Самара Токтакунова өңдүү элибиздин көрүнүктүү маданий ишмерлери бар эле. Ошол учурда Йемен эки бөлөк мамлекет болуп, экөөнүн ортосунда карама-каршылык абдан күчтүү болчу. Түндүк Йемен АКШ менен Сауд Аравиянын таасиринин алдында. Ал эми Түштүк Йемен СССРдин Түштүк Батыш Азиядагы эң маанилүү өнөктөшү эле. Бул мамлекетте миңдей советтик адис эмгектенчү.

Ачык асман астында концерт койдук. Хусейн агабыз советтик кыргыз жана орус романстарын, өзгөчө даңазалуу орус ырчысы Федор Шаляпиндин белгилүү “Вдоль по Питерской” ырын аткарганда советтик адистердин шолоктоп ыйлаганына күбө болдум. Ал кезде чет жерде Ата Мекениңди, маданиятыңды сагынып куса болуп буркурап ыйлаарыңды анча түшүнбөптүрмүн. Алтынбек агабыз “Кантың бар”, “Смуглянка” ырларын созгондо мекендештерибиз дүркүрөтө кол чаап, кайра-кайра суранып, ырдатып жатышты. Назарматов жетектеген чакан музыкалык топтун коштоосунда Самара эжебиз кыргыздын “Көкөй кести” “Маш ботой”, “Ак тамак, көк тамак” күүлөрүн чертип йемендиктерге комуздун ушунча чебер аспап экенин далилдеди. Белгилүү кинорежиссер Нуртай Борбиев Йеменге барган иш-чарабыз тууралуу даректүү тасма тарткан.

1985-жылы Бангладешке СССРдин элчилигине иштегени барганда Түштүк Йемендеги советтик адистердин абалын даана түшүндүм. Кыргызстанга куса болгон учурда жубайым Чолпон экөөбүз батирде “Ала-Тоо таңшыйт” ырлар жыйнагын ачып алып баштан-аяк ырдаар элек, ала барган комузумду чертчүмүн. Кыргыз ырлары менен күүлөрү жазылган аудиокассеталарын ала баргам. Аларды үйдө жана автоунаанын магнитофонунан угар элек. Бир айда СССРден бир эле жолу почта келчү. Аны чыдамсыздык менен күтөсүң. Элчиликтеги ар бир үй-бүлө жакындарынан 10-20дан кат алар эле. Ушул каттарды окуганда кээси сагынычтан ыйлаганын, айрымдары кубанганын көрдүм. Ошентип Бангладеште төрт жыл сегиз ай иштедим. Интернетке рахмат, бүгүнкү дүйнө жүзүндөгү дипломаттарда маалымат жагынан мындай көйгөй жок.

ТИМдин III катчысы жана мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси Акылбек Жумабаев

Советник посольства КР в Узбекистане Акылбек Жумабаев. Ташкент. 1994 год
© Фото / из личного архива Акылбека Жумабаева
ТИМдин III катчысы жана мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси Акылбек Жумабаев

Ташкентте кыргыз дипломаттарга батир берилген

— 1994-жылы ноябрь айында КРдин Өзбекстандагы элчилигине кеңешчи болуп дайындалдым. Бул кызматка мени Кыргызстандын бул өлкөдөгү биринчи элчиси, белгилүү жазуучу Салижан Жигитов чакырган. Агай аябай көрөгөч эле. Кыргызстан улуттук валютасын кабыл алгандан пайдаланып, Ташкенттин борборунан элчилик үчүн эки батир алдык. Белгилей кетчү жагдай, аларды ТИМден бир тыйын сурабастан элчиликтин үнөмдөлгөн каражатына алганбыз. Анын үстүнө Өзбекстандын жетекчилиги бизге колдон келген жардамын аяган жок. Буга чейин Салижан агай элчиликтин кеңсеси менен батирлери үчүн арзан баада эмерек сатып алган. 1995-жылы агайдын ордуна белгилүү мамлекеттик ишмер Батыралы Сыдыков дайындалды. Анын демилгеси менен Ташкенттин чок ортосунан элчилик үчүн имарат жана батирлер сатып алынды. Азыркы күндө Өзбекстандын борборунда иштеген кыргыз дипломаттарынын баары батир менен камсыздалган жана элчиликтин кеңсеси үчүн ижара акысы төлөнбөйт. Тилекке каршы, батир маселеси Кыргызстандын башка элчиликтеринде толугу менен чечиле элек. Бүгүнкү күндө бул максатта мамлекеттик казынадан ири сумма сарпталат.

КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (1959-2020)

В посольстве КР в Таджикистане в ( центре) Эрик Асаналиев. Душанбе. 1998 год
© Фото / из личного архива Эрика Асаналиева
КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (ортодо)

Душанбеде жансакчысы жок иштедим

— 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталды. 1994-жылы бул өлкөдөгү абалды ичинен тыкыр иликтөө үчүн КР ТИМинин жетекчиси Роза Отунбаева мени өзгөчө тапшырма менен элчи кызматына дайындады. Үч жыл бою Тажикстанга барып-келип иштедим. 1997-2001-жылдары бул коңшу өлкөдө КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалдым. Ошол учурда кээ бир элчилерге кол салган учурлар болду. Ошондуктан Душанбе шаарындагы башка кесиптештеримдин көпчүлүгүн жансакчылар кайтарышты. Индиянын элчиси экөөбүз гана жансакчысы жок иштедик. Тажикстандын курамындагы Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунда кыргыз тынчтык орнотуучу батальону жайгашкан эле. Бул батальондун аскерлеринин ичинен бир нечесин жансакчы кылып алсам болмок. Бирок баш тарттым. Себеби КРдин мыйзамында эгерде алардын бирөөсү чагымчылдыктан же кол салуудан курман болуп, жараат алса, жоопкерчиликти ким тартаары жазылган эмес. Кыргызстан жарандык согушка карабастан Тажикстанга блокада кылган жок. “Жарандарыңар ээн-эркин кыргыз-тажик чек арасынан өтүүдө. Эки тарапка тең бирдей мамиле кылып расмий Бишкек бейтарап саясатты карманып жатат. Дал ушул себептен эки жактан эч кандай чагымчылдык жана кол салуу болбошу керек” деп расмий Душанбе жана бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда сүйлөшкөм. Эки жак тең сөзүнө турду. Азыркы күндө эгерде кыргызстандык дипломаттар жогоруда айтылган абалга дуушар болсо, коопсуздугу кандайча камсыздалат деген маселе курч турат.

38
Белгилер:
дипломатиялык ишмер, элчи, Кыргызстан
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаков. Архив

Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты

139
(жаңыланган 16:21 25.10.2020)
"Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот" деген сөздү ар бир кыргыз баласы билери талашсыз. Sputnik атактуу инсан Исхак Раззаковдун өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө жана тагдырына кенен токтолмокчу.

Бүгүн, 25-октябрь, белгилүү саясий жана коомдук ишмердин туулган күнү. Кыргызстанда анын 110 жылдыгы белгиленип жатат.

Раззаков согуштан кийин оор абалда калган Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан күчтөнткөн. Ага мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган.

Улуу инсан тууралуу материал даярдоодо тарыхчы Гапыр Мадаминовдун "Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү" деген китеби колдонулду жана ачык булактардагы маалыматтар кошулду.

Жетим жүрүп жетилген

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган. Атасы Раззак Берк уулу менен энеси Жамийла Сейит кызы Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген.

Исхак үч жашында энесинен ажырап, аны бакканга атасы Раззактын эжеси Гүлхан жардам берет. 1918-жылы оор турмуштун айынан Ташкенттеги туугандарыныкына жөнөшөт. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп, сегиз жаштагы уулу Исхакты томолой жетим кылып таштап кетет. Ошентип бала алгач Ходжент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланат. Тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. Тарбиячылар Исхактын зээндүүлүгүн, билимге ынтызарлыгын байкап, Ташкенттеги интернатка жөнөтүшкөн.

Исхак Раззаков с родными и близкими
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен

Билими

1931-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду бүтүргөн. Студент кезинде комсомолдук иш-чараларга активдүү катышып, окуу жайда мугалим болуп иштеген. Ал эми 1936-жылы Москвадагы Мамлекеттик пландоо институтун бүтүргөн.

Өзбекстандагы карьерасы

Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин ал Өзбекстанга жөнөтүлүп, республиканын Мамлекеттик пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектейт. Бир нече айдан кийин Фергана облусунун Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болгон. Андан соң Өзбекстандын Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары, анан төрагасы болуп республикалык масштабдагы чоң кызматка которулган. Бул мезгилде өзүнүн ишмердүүлүгүн, билимин, жөндөмүн көрсөтүп республиканын экономикалык өсүшүнө ири салымын кошкон.

Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Раззаков Өзбек Республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-45-жылдары Өзбекстандын КПБКнын (Комунисттик партиянын борбордук комитети) пропаганда жана агитация иштери боюнча секретарь болуп иштеген. Баш-аягы Өзбекстандагы 10 жылдык ишмердүүлүгү аны коомдук жана мамлекеттик ишмер катары калыптандырган.

Кыргызстанга 35 жашында келген

1945-жылы 4-ноябрда Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын саясий бюросунун чечими менен Совет өкмөтү Раззаковду Кыргызстандын Министрлер советинин төрагалык кызматына жөнөткөн. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор эле. Раззаков болгон күчүн, билимин, талантын республиканын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшаган. 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштеген. Бул экөө тең ошол кездеги чоң кызмат эле.

Молодой Раззаков на охоте
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Ал жаштайынан томолой жетим калгандыктан балдар үйүндө, андан кийин интернатта тарбияланган

Өнөр жай курулушун көтөргөн

Раззаков Кыргызстан КПБКнын 1-катчысы болуп иштеген 1950-61-жылдары Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө чоң өзгөрүүлөр, өнүгүп-өсүү болгон.

1951-1955-жылдары эле Кыргызстанда 48 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Маселен, Фрунзедеги жип ийрүүчү жана токуучу фабрика, Аламүдүн ГЭС каскадынын 3-4-кезектери, Ош кыш заводу, Кызыл-Кыя кыш заводу, Кыргыз тоо-кен комбинаттары, Кара-Суу май заводу жана башкалар.

Ал эми 50-жылдардын экинчи жарымында 21 өнөр жай ишканасы менен 50гө жакын цех иштей баштаган. Маселен, Аламүдүн ГЭСинин каскадынын 5-6-кезектери, Токтогул ГЭСинин долбоору түзүлгөн, Фрунзе шаарында жылуулук электр станциясын курууга демилгечи болуп, курулушун ишке ашырган. Ошондой эле Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы, Нарында нан заводу, Көк-Жаңгакта Сары-Булак көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Алар-Арча суу сактагычтары Раззаковдун тушунда ишке берилген.

Ошол 50-жылдары электр энергиясы жетишсиз эле, ал эмес Бишкек шаарынын өзүнө да электр кубаты жетишкен эмес. Ошол себептен ГЭСтердин курулушун тездетүүнү талап кылган. Андан кийинки жылдары Орто-Токой, Төрт-Күл, Базар-Коргон, Папан, Киров суу сактагычтары курулган.

1953-жылы СССРде эң татаал Ош — Бишкек бийик тоолуу жолунун курулушу башталган. Ага чейин Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө поезд менен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагын аралап, эки суткалык убакытта жетчү. Жолдун курулушу Раззаковдун кайрылуусу боюнча Москванын метрострой инженердик-техникалык кызматкерлеринин катышуусу менен ишке ашырылган.

Фрунзе — Ош жолунун курулушуна СССР Министрлер советинен техникалык жардам сурап, Раззаков 1956-жылы 26-июлда кат менен КПСС БК секретары Никита Хрущевго кайрылган. Анда бул жолдун Кыргызстандын эл чарбасы үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин айткан. Мындан тышкары, облус, район, шаарларды байланыштыруучу бир катар автомобиль жолдору курулган.

Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты

1957-жылы Кыргызстан айыл чарба азыктарынын дээрлик бардык түрү боюнча планды артыгы менен аткаргандыктан Ленин ордени менен сыйланган. Бул жерде анын Өзбекстанда иштеп, такшалып, ал жакта пахта өстүрүү, багбанчылык жана айыл чарба жумуштары боюнча билим, тажрыйбага ээ болуп келгендигинин да мааниси чоң болгон.

Мындан сырткары, кургак учук оорусун айыктырыш үчүн Ысык-Көл жана Чолпон-Атада санаторийлер жана башка имараттар курулган.

Глава Управления гражданской авиации Ишембай Абдраимов и Исхак Раззаков в аэропорту города Фрунзе, 1958 год
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Раззаков Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Ишенбай Абдраимов менен Фрунзедеги аба майдандын жанында

Жаштарды чоң шаарлардан окутуп, окуу жайларды ачтырган 

Раззаков эл арасынан жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, кызматка дайындап, өстүрүүгө чоң маани берген.

Ал Кыргызстандын жаштарын Москва, Ленинград, Воронеж, Ростов жана Россиянын башка шаарларына окууга уруксат берүүсүн өтүнүп СССР Билим берүү министрлигине кайрылган. Россиянын ЖОЖдоруна окуу үчүн өлкөнүн жаштарына 100 орун бөлүнгөн. Ошондон тартып Россиянын чоң шаарларына жылына 80-100 кыргыздын уул-кыздары барып, окуп башташкан. Кийинчерээк Кыргызстанды жетектеген Абсамат Масалиев "менин да Москвага барып, окууга кирүүмө Раззаков себепкер болгон" деп эскерген.

Ошол убакта республиканын өзүндө адистерди даярдоо үчүн Москвага кайрылып, Бишкек, Ош, Пржевальск жана башка жерлерде жогорку окуу жайларды жана орто кесиптик билим берүү жайларын ачтырууга жетишкен.

Один из основоположников кыргызской государственности Исхак Раззаков(посередине с шляпе)
© Фото / из семейного архива Кадыркула Шадыбекова
Исхак Раззаков согуштан кийин оор абалда болгон Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан күчтөнткөн

Мисалы:

  • 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик институту ачылган;
  • 1952-жылы Кыргызстандын кыз-келиндеринин окууга жөнөтүлүүсү татаал болгондуктан, алардын, ата-энелеринин жана элдин кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту ачылган.
  • 1953-жылы Пржевальск педагогикалык институту ачылган;
  • 1954-жылы Фрунзеде Политехникалык институту жана Жеңил өнөр жай техникуму ачылган. Ошондой эле Илимдер академиясы иштей баштаган.
  • 1955-жылы Фрунзеде Дене тарбия институту, Жалал-Абад менен Таласта медициналык окуу жай студенттерди кабыл ала баштаган.

Мындан тышкары, бир нече жерде жогорку жана орто окуу жайлар ачылган.

Ал эми 1947-жылдан тарта 7 жылдык билим берүү жалпыга милдеттүү болуп жарыяланып, кыргыз тилиндеги окуу китептери чыга баштаган. 1953-54-жылдары республиканын шаарларында милдеттүү түрдө орто билим алуу киргизилген. 1958-жылы орто мектептерде окуу мөөнөтү 11 жылга созулган.

Бул окуу жайлардын ар биринин ачылышы үчүн акча каражат бөлдүрүү, окуу корпусу, жатакана, ашкана жана башкаларды курдуруу үчүн Москвадан, борбордук бийликтен, зарылдыгын далилдеп каражат бөлдүрүү, аны коргоп чыгуу талап кылынган. Ал үчүн атайын кайрылуу кат даярдап, Москвага кайра-кайра баруу, аларды ынандыруу өтө көп убакытты, күчтү, эмгекти талап кылган.

Атасы 60 жашында көргөн тун бала. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты

Раззаков и Никита Хрущев в аэропорту города Фрунзе
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Мамлекеттик ишмер Советтер союзунун комунисттик партиясынын биринчи катчысы Никита Хрущев менен

Маданиятка салымы

Раззаков кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын эң улуу эстелиги — “Манас” эпосу деп эсептеп, аны жазуу, чогултуу, коргоого көп көңүл бурган. Саякбай Каралаевден "Манас" эпосун толуктап жаздырып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон.

1947-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө СССР Министрлер советинин төрагасы Сталинге Кыргыз ССР Министрлер советинин атынан кат жазып токтом кабыл алдырткан. Раззаковдун демилгеси менен 1952-жылы Фрунзеде “Манас эпосунун элдүүлүгү” деген темада илимий конференция өтүп, эпос репрессиядан куткарылган. Ошол жылы биринчи жолу “Манас” эпосу басылып чыккан.

Мындан тышкары, бир нече акын-жазуучунун чыгармалары басмадан чыгып, башка тилдерге которулган. Ал жылдары кыргыз музыкасы, көркөм сүрөт өнөрү, драмасы дагы бийиктикке көтөрүлгөн.

1958-жылы Москва шаарында Кыргыз искусствосу менен маданиятынын экинчи он күндүгү өткөрүлгөн. Республиканын бир топ артисттери Ленин орденин алып, Эл артисти наамына ээ болушкан. Бул декаданы даярдап өткөрүүгө Раззаков өзү маани берип жетекчилик кылган жана Москвага барып өткөргөндө катышкан.

Раззаков кыргыз элинин байыркы тарыхын билүүгө чоң салым кошуп, улуттук аң-сезимдин жогорулашына өбөлгө түзгөн. Түп нускалуу документтерден тарыхты үйрөнүү үчүн ал таанымал тилчи Муса Маруфинден араб жана перс тилдеринен сабак алып, Махмуд Кашгари, Манас тууралуу биринчи булактын автору Сайфидин Аксыкентинин эмгектерине, ошондой эле орто кылымдагы кыргыздардын жол башчысы Мухамед Кыргыздын эмгектерине кайрылган.

Сталин окуп жактырган. "Биздин замандын кишилери" романы тууралуу 10 факты

Исхак Раззаков в Москве с известными писателями и акынами, 1960 год
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Раззаков өнөр адамдарына дагы колдоо көрсөтүп, алардын чыгармаларынын чыгышына жана которулушуна шарт түзүп берген

Балдарга камкордугу сынга алынып...

1957-жылы 17-сентябрда "Республиканын мектептеринин окуучулары үчүн эртең мененки ысык тамакты бекер уюштуруу тууралуу" токтом кабыл алган. Ага ылайык, алгач 1-4-класстын окуучулары үчүн, андан кийин 1-7-класстын окуучулары үчүн эртең мененки ысык тамакты бекер берүү каралган.

1958-жылы 29-майда КССРинин Совети "Балдар арасында ооруну төмөндөтүү боюнча чара жөнүндө" токтом кабыл алынып, 1 жашка чейинки ден соолугу начар балдарга бекер тамак-аш берүүнү уюштуруу каралган.

Мындай камкордук ошол учурда СССРдин борборунда, анын ичинде башка союздук республикада болгон эмес. Бирок Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы бул иш-чараларды "Мамлекеттик тартипти бузгандык", "Өз алдынчалыкта аша чабуу" жана башка деп айыптап, 1961-жылы Раззаковдун жана Казы Дикамбаевдин (Министрлер советинин төрагасы) кызматтан алынуусунун бир себеби болгон. Мындан тышкары, Раззаковго эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштешүүдө олуттуу кемчилик кетирген деген айып коюлган.

Маршал Советского Союза Семен Буденный и председатель Совета Министров Киргизской ССР Исхак Раззаков в колхозе Кенеш
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
1945-жылы совет өкмөтү Раззаковду Кыргызстандын министрлер советинин төрагалык кызматына жөнөткөн. Башкача айтканда, ал өкмөт башчылыкты аркалаган

Жумушта уктап калгыча иштеген

Тарыхчы Гапыр Мадеминов жазгандай, Исхак Раззаков өтө тырышчаак, дайым изденген, чымырканып иштеген, чарчап-чаалыкпаган эмгекчил адам болгон. Кээде кечке иштеп, документтерди жана китептерди башына коюп, кабинетинде саналуу саат гана уктап, калган убактысын ишке арнаган күндөрү болгон. Ал "инабаттуу өмүр сүрөм десең иштен тажаба... Иштей бил, иш сенин зарылдыгың болгондо гана турмуштун өтөсүнө чыга жашайсың" деп айтчу.

Ар дайым бийик максаттарды коюп, алгач ойлонуп, туура чечимге келген. Андан кийин зор тырышчаактык менен максаттарына жетүүгө талыкпастан киришкен.

Ишти сүйгөндүктөн "ар дайым иштегим келип турат, дем алыш өргүү созулуп кетти" деп айтканын замандаштары эскеришет.

Иш күнү эртең менен 9.00дөн башталып кечки саат 23.00-24.00гө чейин уланган. Кечинде алтыдан кийин үйүнө барып 1-2 саат эс алып кайра жумушуна келген. Түшкү тамакка 30 мүнөт эле убакыт бөлгөнү айтылат.

Ал жумуш убактысында алгач каттар, документтер менен таанышып, аларга жооп берген. Андан кийин кабыл алууга жазылган адамдарды көп күттүрбөй ыкчам, жайдары кабыл алган.

В 35 лет был назначен председателем Совета Министров Киргизской ССР
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
1950-61-жылдары Кыргыз ССРнин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштеген. Бул ошол кездеги чоң кызмат эле

Кесиптештеринин ал-жайын сурап турган

Автордун жазышынча, Исхак Раззаков чогуу иштеген адамдарынын ден соолугун сурап, үй-бүлөдөгү шартын билип, кам көрүп, жардам берип турган. Ал кызматчыларды "кайсы жерденсиң, кимсиң, улутуң, урууң ким?" деп сурачу эмес. Ишине жана кесипкөйлүгүнө ылайык мамиле жасаган. Адилеттүү, принципиалдуу, ак ниет, ошол эле мезгилде жетекчиликте катуу талап кое билген лидер болгон. 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир-эки гана ирет келип кеткен. Бирок ар дайым мекенин сагынып, жадагалса топурагын алдыртып, жыттаганы айтылат.

20 жолу үйлөнүп, 21 ирет баласы чарчап калган Барпы акын жөнүндө 15 факт

Жубайы медицинага салым кошкон

Мамлекеттик ишмердин жубайы Рауза Ибрагимова-Раззакова ата мекендик медицинанын өнүгүшүнө салым кошкон. Ал 1941-жылы Ташкент медициналык институтун аяктаган. 1945-1961-жылдары окутуучу, Кыргыз мамлекеттик медицина институнун терапия факультетинин кафедра башчылыгын аркалаган. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент эле.

Рауза Ибрагимова Исхак Раззаков менен студент кезинде таанышкан. Өзү байдын кызы болгон. Пржевальскиде үй-бүлөсү бир нече дүкөн иштеткен.

Балдарынын аянычтуу тагдыры

Жубайлар бир кыз, бир уулдуу болуп, согуш маалында дагы бир баланы асырап алган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен кызы Элмиранын гана көзү тирүү. Ал өз кезегинде илим жаатында эмгектенип, Москвадагы Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеген. Учурда пенсияда, Россияда жашайт. Өзү II топтогу майып, жалгыз уулу Берктин III топтогу майып экени белгилүү.

Исхак Раззаков с прокурором Ошской области, 1950 год
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Исхак Раззаков Ош облусунун прокурорлору менен турган маалы. Сүрөт 1950-жылы тартылган

Сөөгү кайра көмүлгөн

Раззаков өмүрүнүн акырында астма менен ооруп жүрүп, 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы Раззаковдун сөөгү Москадагы Кунцев мүрзөсүнөн Бишкекке алып келинип, “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмүлгөн. Ага мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган.

Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү

Тасмасы чыккан

2015-жылы жеке тараптар мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолун, өлкөнү өнүктүрүү жылдарындагы маанилүү учурларын баяндаган тасма тартышкан. Башкы ролдогу Алим Токторов Раззаковдун чыныгы кийимдерин кийип, аткарган.

Даанышман ойлору

Бул дүйнөгө мен жылаңач бойдон келгем, ошол бойдон кетемин, мага малдын да, толгон байлыктын дагы кереги жок. Элим үчүн эмгегим гана калса болду. Ошого ыраазымын.

Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт...

Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба.

Иштен качкан адам — идирексиз адам.

Намыстуу болсоң, жеңишиң арбын болот.

Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк.

Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң дагы арбын болот.

Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын.

Калыс кызматкер болом десең, кек сактаба, калыс бол.

Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти эртең бүткөрүү үчүн аны да бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл.

Идерлүү адамдан жардамыңды аяба. Ал кийин иш билги болуп чыгат.

Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот.

Уйку таттуу, эмгек андан да ширин.

Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс...

Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал — эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.

Исхак Раззаков с супругой и дочерью Эльмирой
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жубайы Рауза жана кызы Элмира менен. Жубайлар дагы эки балалуу болуп, бирок алар каза болуп калган

Жөнөкөйлүгү, жупуну сапаты

Раззаковдун замандаштарынын айтымында, анын кабылдоосуна келгенде өзү ордунан туруп келип учурашып, кишини отургузуп, анан өзү отурган. Алгач анын ал-жайын, ден соолугун, үй-бүлөсүн сурап, ишенимине киргенден кийин гана койгон маселени чечип, узатып койгон. Ушул мамилеси менен адамдын жүрөгүн багынтып, ишеним арттырганы белгиленет.

Раззаков иш бөлмөсүн ашыкча жасалгалоону жактырган эмес. Кабинеттеги кресло, эмеректер жупуну болуп, столунун үстү жөнөкөй мата менен жабылган.

Ошондой эле убакытты үнөмдөөгө чоң маани берген, бардык иште үнөмчүлдүккө чакырып, ысырапкорчулукка жол бербөөнү эскерткен.

Чечен болгон

Раззаков чечендиги менен дагы айырмаланган. Чогулуштарда сүйлөй турган болсо, кичинекей блокнотуна сөздөрүнүн мазмунун, тезисин жазып алар эле да, кез-кезде аны карап коюп сүйлөй берген.

Тарыхчы Мадаминовдун жазышынча, Раззаков съезд, кеңешме, элдик жыйындарда сүйлөгөндө чоң залдарга отурганга орун калбай калар эле. Аны эл ушунчалык берилип уккандыктан, залда чымындын үнү угулар тынчтык болчу. Өзүнүн мазмундуу жана жалындуу сөздөрү менен адамдарды эмгекке, эрдикке, чыгармачылыкка, улуу иштерди аткарууга багыттап, шыктандырчу. Ал жөнүндө дүйнөгө белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматов мындайча эскерген: "Мен Исхак Раззаковичти студент кезимден билем. Ал киши искусство, илим, маданиятка жогору маани берген инсан эле... Сөзгө чечен эле. Ал киши кайсы жерде жыйналыш өткөрбөсүн, барып сөзүн укчу элек. Биз студентпиз, бизди залга киргизбейт, бирок эшиктин каалгасын ачып алып, ар бир сөзүн жаздым калтырбай укчубуз".

Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты

Он начал трудовой путь в Узбекистане, где проработал много лет
© Фото / предоставлено КГТУ им. И.Раззакова
Замандаштары Ихсак Раззаковдун жөнөкөйлүгүн, жупуну сапатын белгилеп келишет

6 тил билген

Раззаков окуучулук жана студенттик күндөрү тууралуу "ошол убактарда мен абдан көп окучумун, орус, тажик, өзбек тилдериндеги колума тийген китептердин бардыгын окучумун. Орус тилинде жазуу, окуу, сүйлөө чоң кыялым болчу. Аз убакыттын ичинде эле мен көп нерсеге жетиштим. Менин алдыма чоң дүйнө ачылып, болуп көрбөгөндөй кубанычка бөлөндүм" деп эскерген.

Эне тилинен тышкары өзбек, тажик, фарс, орус, араб тилдерин мыкты өздөштүрүп, Чыгыш менен Батыштын улуу китептерин казып окуп, дүйнөлүк адабиятты, маданиятты үйрөнүү аркылуу өзүн-өзү тарбиялаган.

Өзбекстанда жүргөндө Антон Чехов, Надежда Крупская, Лев Толстой жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын өзбек тилине которуп, өзбек тилиндеги чыгармаларды орус тилине которгон.

Раззаков 1945-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга келгенде көп жылдар кыргыз жеринен алыс жүргөндүгү үчүн кыргыз тилинде сүйлөгөндөн жана жазгандан кыйналчу экен. Ошондой болсо да Кыргызстанга келгенден кийин кыргыз тилин өздөштүрүүгө тынымсыз аракет кылып, үч айдын ичине жогорку деңгээлде өздөштүрүп кеткени айтылат.

Раззаков 11 лет был первым секретарем Центрального комитета Компартии Киргизской ССР
© Фото / предоставлено КГТУ им. И.Раззакова
Ал 11 жыл мекенинде иштегенден кийин бир нече жүйөө менен кызматынан алынган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөргөн

Сымбаттуу киши болгон

Раззаковдун өң-келбети дагы келишимдүү, сымбаттуу, жапалдаш бойлуу, көздөрү балбылдап жанып турган, кара тору, маңдайы жарык, кыйгач мурун, куш тумшук, кашы кара, көздөрү өткүр курч, сүрдүү, ошол эле учурда сүйкүмдүү болгон.

Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты

Мекенден кайра алыстаган

Исхак Раззаков иштен алынгандан кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Кетер алдында акыркы ирет тоо аралап келүү үчүн жанына эч кимди кошпой, Байтиктин Басбөлтөгүнө жөнөп кетет. Арадан бир саатча убакыт өткөндөн кийин чыдамы түгөнгөн айдоочусу артынан издеп барып, адамды айран таң кылган көрүнүшкө күбө болот. Өз жеринен алыска күч менен жөнөп жаткан жетекчи жаш балача жерди кучактап алып ыйлаган экен.

Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, СССРдин мамлекеттик планынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Ден соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык пенсияга чыккан.

139
Белгилер:
саясий ишмер, өмүр баян, Исхак Раззаков, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты
Учак. Архив

Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер

0
Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпанияларынын учактары жумасына бир ирет Россияга каттап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган авиакомпаниялар аркылуу кыргызстандык каалоочулардын бардыгы Россияга бара алат.

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалдарда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекетке учканга үч күн калганда жасалышы керек.

0
Белгилер:
жол эрежеси, чек ара, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер