Парламенттик шайлоо учурунда

БШК эки адам бюллетенди тобу менен урнага салып жаткан видео боюнча жооп берди

2220
(жаңыланган 14:42 04.10.2020)
Видео тесттик бюллетендер менен автоматтык урнаны текшерип жаткан маалда тартылып, бирок кайсы шайлоо участкасында болгону белгисиз экени айтылды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. БШКнын кызматкерлериндей кийинген эки адам бюллетендерди тобу менен урнага салып жаткан видео боюнча БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров жооп берди.

​Анын айтымында, видео тесттик бюллетендер менен автоматтык урнаны текшерип жаткан маалда тартылган.

"Бюллетендерди чогултуп алып келип салганы фалсификация эмес. Мен жооптуу түрдө айта алам, андай болушу мүмкүн эмес. Биз бир жаран, бир добуш дегенге жетиштик. Алар урнанын ишин текшерип жаткан маалда тартылып калган", — деди Шайназаров.

Ал эми видео кайсы шайлоо участкасында тартылганын кийинчерээк тактап берерин айтты.

Мындан сырткары, дагы эки аялдын "бир партиядан акча алып, добуш бердим" деген видеосу териштирилип жатканын билдирди.

"Аларды бүгүн эле тактайт, провокация да болушу мүмкүн. Партиялар ортосунда чоң күрөш жүрүп жатат, кандайдыр бир кызыкдар тараптар болушу ыктымал", — деди Шайназаров.

Ал ИИМ тарабынан иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен чекит коюларын кошумчалады.

2220
Белгилер:
БШК, бюллетень, парламенттик шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
"Кызыл зонада" иштеген медиктер добуш бере алабы? Министрликтин жообу
Шайлоо учурунда мыйзам бузулса кабарлаңыз! Телефондор
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

15
(жаңыланган 10:44 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын орундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

15
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти
9М729 ракеталары. Архив

ТИМ Путиндин сунушуна Батыштын кылган мамилесин кескин сындады

21
(жаңыланган 10:21 29.10.2020)
Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден чыгып кеткенден кийин Европадагы чыңалып жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин РСМД боюнча сунушу Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу ниети болчу. Азыр бул чечимге кол шилтегендер Европанын коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөтүп жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

"Айтылган сунуштар олуттуу текшерип, билип-үйрөнүүнү талап кылат. Анын тереңинде фундаменталдык ой жатат, ал РФ жетекчилигинин Европадагы аскердик-саясий абалдын турукташуусуна жол табууга кылган ишаратынын белгиси. Булар Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу үчүн жасалууда", — деген Рябков.

ТИМ өкүлү учурда ставкалар "өтө жогору" жана "Путиндин сунуштарына кол шилтегенге аракет кылгандар" аталган аймактын коопсуздугуна кенебестик менен мамиле жасап жатат деген маанайда пикирин билдирген.

"Өзүнүн коопсуздугун эске алганда деле, биринчи терс маанайдагы ойлонулбаган билдирүүлөрдү дал Европанын өзүнөн уктук",— деген Рябков.

Президент Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден (РСМД) чыгып кеткенден кийин Европадагы улам чыңалып бара жаткан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан. Тагыраагы, эгерде НАТО тараптан да кадам ташталса, Москва өз ыктыяры менен өзүнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракеталарын бурбай, топтобой турарын билдирген. Альянска Европадагы Aegis Ashore комплекстерин Мк-41 орнотуучу жабдуулары менен кошо текшерип алууну сунуштап, ага Калининград объектилериндеги 9М729 ракеталарын кошкон.

"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир

Демилгеге биринчилерден болуп расмий Берлин жооп кайтарып, НАТОнун мурдагы позициясын бетке кармап, РСМД боюнча россиялык идея ишенимге татыктуу эмес деген пикирин айткан. Өз кезегинде Лондон аталган долбоорун ийгиликсиз болуп калышына кайрадан Россияны күнөөлөдү. Франция гана Россиядан сунушталган демилге боюнча кененирээк айтышын күтүп жаткандыгын билдирди.

Өлкөнүн ТИМ өкүлү "европалыктардын коопсуздугуна негиз салуучу элемент" болгон РМСД боюнча макулдашууну сактап калууга чечим табылбагандыгына өкүнгөндүгүн айтты.

21
Белгилер:
сунуш, келишим, Владимир Путин, АКШ, Европа, Россия
Тема боюнча
"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды