Премьердин бажасы коркутту деп... "Биримдиктин" сап башы Акылбек Жамангуловдун жолу

Жазылуу
Өлкө тагдырын аныктаган парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, саналуу партиялардын өкүлдөрү калың элдин добушу менен депутат болуп келишмекчи.

Шайлоодо 7 пайыздык босого ченден өткөн партиялардын бири — "Биримдик".  Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясий уюмдун сап башында турган Акылбек Жамангулов тууралуу факты даярдады.

Жамангулов MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясын жетектеши жана "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болгону менен таанымал. Биз ал жөнүндө башка маалыматтарды топтодук.

32 жашта

1988-жылдын 24-октябрында Чүй облусунун Кемин шаарында туулган.

Атасы аткаминер жана бизнесмен болгон

Жекшен Жамангулов Спирт жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, сактоо жана жүгүртүү мамлекеттик агенттигинин директору болгон. Ошондой эле ал Балыкчыдагы ликер-арак заводун негиздеген компаниялардын бирин жетектеген. Апасы Нуржамал Ысык-Көлдүн Тоң районунун кызы.

Өкүл атасы аба майданды жетектеген

Жамангуловдун өкүл атасы — Эрик Шайдинов, 2011-2013-жылдары "Манас" аба майданын жетектеген. Ошол эле жылдары Жамангулов аэропорттун башкаруучулук кеңешинин мүчөсү, жетекчинин жардамчысы болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамангулов MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясын жетектеши жана "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болгону менен таанымал
Премьердин бажасы коркутту деп... Биримдиктин сап башы Акылбек Жамангуловдун жолу - Sputnik Кыргызстан
Жамангулов MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясын жетектеши жана "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болгону менен таанымал

15 жашында иштей баштаган

Эмгек жолун 2003-жылы 15 жашында Балыкчыдагы "Көк-Ойрок" ликер-арак заводунан баштаган. 17 жашында "Альфа Ширсфилд Аудит" ишканасынын кардарларды тартуу бөлүмүнө ишке орношкон. 18 жашында "Альфа Маркетинг" ЖЧКсында коомчулук менен байланышуу боюнча менеджер болуп иштей баштаган.

Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты

Үй-бүлөсү

Жубайы Чолпон экөө үч баланы тарбиялап жаткан кези. Келинчеги ага мектепти аяктаары менен турмушка чыккан.

Жылкыга кызыгат

Жылкы баласын абдан баалап, эс алуусун ат минип өткөрүүнү жакшы көрөт. Буга чейин берген маектерине караганда, айына жок дегенде эки жолу шаар четине чыгып, таза абада ат минет. Негизи эле мал-жанга жакын. Кичине кезинен эле чоң атасына кошулуп жайлоого мал көчүрүп, тоо койнунда конуп-түнөп жүргөн.

Үч жогорку билими бар

2011-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн. Үчүнчү жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик юридикалык окуу жайынан алган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жолун 2003-жылы 15 жашында Балыкчыдагы "Көк-Ойрок" ликер-арак заводунан баштаган
Премьердин бажасы коркутту деп... Биримдиктин сап башы Акылбек Жамангуловдун жолу - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жолун 2003-жылы 15 жашында Балыкчыдагы "Көк-Ойрок" ликер-арак заводунан баштаган

"Республика — Ата-Журттан" депутат болгон

2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон. Бул чакырылышта "Биримдик" менен шайлоого аттанган.

Тойлорго мораторий

2018-жылы Жогорку Кеңеште мамлекеттик маанилүү болбогон той-топурга 5 жылга чейин мораторий киргизүүнү сунуштаган. Анда Жамангулов мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100дөн ашуун иш-чара өткөрүлөрүнө нааразы болгон.

Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты

Байлыгы

Акылбек Жамангулов 2018-жылы депутат катары декларация тапшырган. Анда баалуу металлдарынын баасы 2,9 миллион сом экени көрсөтүлөт. Маданий баалуулугу бар буюмунун баасы 500 миң, кыймылдуу мүлкү 3,85 миллион сомго бааланган. 130 миңдик үй канаттуулары, 2,95 миллиондук жылкысы, 3,6 миллиондук бодо малы жана 4,9 миллион сомдук кой-эчкиси бар. Тиричилик техникасы, эмерек, үйгө керектүү буюмдарынын баасы 2,2 миллион сом. Gold King Plus компаниясындагы 60 пайыздык үлүшүн ишенимдүү тарапка өткөрүп берген. 140 чарчы метрлик батирде жашайт. Мындан сырткары, контейнер, гаражы бар. Бир жылда 544 миң сом киреше тапкан.

Абылгазиевдин бажасы коркутту деп...

2018-жылы Акылбек Жамангулов жетектеген MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясы "КТ Мобайл" ишканасы менен иштешүү укугун берген тендерди жеңип алат. Бирок техникалык маселелерге келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөстүк жаралган, тагыраагы, мамлекетке караштуу "КТ Мобайл" өз алдынча уюлдук оператор болорун жарыялаган.

Ал ортодо "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени аныкталган. Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болгон.

© Фото / пресс-служба ЖК2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон. Бул чакырылышта "Биримдик" менен шайлоого аттанган
Премьердин бажасы коркутту деп... Биримдиктин сап башы Акылбек Жамангуловдун жолу - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон. Бул чакырылышта "Биримдик" менен шайлоого аттанган

Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген. Ал тургай "үй-бүлө, балдарыңды кара" дегенин айткан. Рысалиев мындай жол менен "КТ Мобайл" ишканасын ишке киргизүү үчүн каражат которуусун талап кылган. Ал эми Рысалиев Жамангуловдун айткан дооматтары суу кечпей турганын билдирген

Көптөгөн талаш-тартыш, бир нече адамдын кызматтан кетүүсү менен "КТ Мобайл" уюлдук оператору 2019-жылы август айында MegaCom компаниясынын базасында иштей баштаган. Salam соода маркасы менен таанымал.

MegaCom компаниясындагы ордун ИИМдин мурдагы башчысы аткарууда

Акылбек Жамангулов парламенттик шайлоого аттангандыгына байланыштуу "Альфа Телеком" ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Абдылда Суранчиев дайындалган.

Суранчиев 2013-2014-жылы ИИМди жетектеген. Андан соң MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0