Саат 16.00гө чейин канча адам добуш бергени айтылды. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоо учурунда
Парламенттик шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматка караганда, шайлоого келгендердин саны боюнча Ош шаары, Жалал-Абад жана Талас облустары активдүү болууда.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Саат 16.00гө карата 1 миллион 296 миң 978 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 36,81 пайызын түзөт. Кыргызстанда парламенттик шайлоого быйыл 3 миллион 523 миң 554 жаран катыша алат.

Аймактар боюнча статистика:

Бишкек — 181 090 же 36,39 пайыз;

Ош — 81 095 же 45,06 пайыз;

Жалал-Абад облусу — 250 040 же 38,84 пайыз;

Ысык-Көл облусу — 96 955 же 33 пайыз;

Нарын облусу — 66 231 же 37,59 пайыз;

Ош облусу — 252 903 же 37,05 пайыз;

Талас облусу — 57 003 же 38,25 пайыз;

Чүй облусу — 212 686 же 36,25 пайыз;

Баткен облусу — 94 692 же 33,31 пайыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0